Эчен жоонун мизин майтарган Тайлак баатыр

tailak_baatyrКыргызстандын эгемен мамлекет болгонунун бир чоң пайдасы – улуттук тарыхыбызда аты жакшы аталбай, аталса да ооз учунда гана айтылып, илимий жаткан жетиштүү баасын албай келген улуу инсандарыбызды кайрадан жандандырдык, тарыхыбыздан тиешелүү орун таап бердик.

Деле кийинки чейрек кылым доорду тарых илиминин Ренессанс доору, Кайра жаралуу доору деп атасак туура эле болчудай. Курманжан датка энебизден тартып Шабдан баатыр, Ормон хан, Пулат хан, 1937-38-жылкы репрессиянын Касым Тыныстанов баштаган курмандыктары, Жусуп Абдрахманов менен Баялы Исакеев, Исхак Раззаков, дагы ушул сыяктуу ондогон ысымдарды толугу менен реабилитация кылдык, окуу китептерине аттары биротоло кирди.

Бирок аттары аталды, окуу китептерине ысымдары кирди деп эле тиешелүү үгүт-насыят иштерин токтотуп коюу да туура эмес. Колдон келсе ар бир жолу ошол тарыхый инсандардын жасаган иштери же кылган эрдиктери  тууралуу элге-журтка, айрыкча жаңы муундарга төкпөй-чачпай кеп кылып берип турушубуз максатка ылайык, анткени “көзү өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” деген акылман кеп бар эмеспи.

XIX кылымдын башы чендеги кыргыз элинен чыккан эң эле атактуу баатырлардын бири катары Ак-Талаа менен Тогуз-Торо элинен чыккан Тайлак баатырды атоого болот.

Тайлак баатыр тууралуу аздыр-көптүр так маалыматтарды убагында көрүнүктүү акын жана агартуучу Тоголок Молдо, ошондой эле Абдыкалык Чоробаев жыйнап кеткен экен. Кийинчирээк тарыхчы жана этнограф, кыргыз элинин чыныгы тарыхын жазуу үчүн көп эмгек кылган профессор Сабыр Аттокуров атайын эмгек жазып, Тайлак баатырдын аты-жөнүн кеңири коомчулукка жеткириш үчүн чоң иш жасады.

Азыркы тапта баатырдын ысмы кыргыз элинин тарыхы боюнча жазылган эмгектердин, окуу китептердин дээрлик баарында аталат. Нарын шаарында белгилүү коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбековдун түздөн-түз көмөгү менен Тайлактын атчан эстелиги орнотулду, 2002-жылы жай айында Соң-Көл жайлоосунда Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин жана Аскар Акаев катышкан чоң мааракеси өткөрүлдү.

Эми Тайлак баатыр деген ким болгон, анын кандай тарыхый эрдиктери бар деген маселеге келели. Эгер сөздүн ток этээрин айтсак, Тайлак өз элин эки тараптан каптап келген жоолордон сактаган же сактоого бардык күч-аракетин жумшаган баатыр болгон. Бир жагынан Кашкар тараптан жылган ажыдаардай жакындап, кыргыз элин Цин империясынын бийлигине баш ийдирели деген кытай аскерлерине каршылык көрсөтсө, экинчи тарабынан ээн-эркин жашап көнүп калган кыргыз элине алыгы менен салыгын таңуулаган Кокон хандыгы менен кырчылдашып кармашкан.

Тарыхчылар С.Аттокуров менен Д.Сапаралиевдин маалыматтарына таянсак, Тайлактын атын алыска кетирип, анык баатыр наамга кондурган окуя – азыркы Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы кытай аскерлери менен болгон салгылашы эсептелет. Бул салгылаш XIX кылымдын башындагы кытай баскынчылары менен кыргыз жоокерлеринин бирден-бир жана чечүүчү салгылашы болгон десек туура болот.

Бул кармашта өзү келип катылган 7 миңге жакын кытай аскерлери катуу кыргынга туш болуп, Тайлак  баатыр жана анын бир тууган иниси Атантай баштаган кыргыздар кытайлардын мизин кайтарган дешет тарыхчылар.

Тайлак минди буурулду,
Таманы ташка туурулду,
Кылыч кындан суурулду,
Кылкылдаган көп кытай,
Заманасы куурулду.
Ак талга туусун аштады,
Аскерин тайлак баштады,
Кожоберди, Байбагыш
Кошунду булар баштады
, –деген элдик ыр ошондо жаралган.

Бирок кийинчирээк кытайлар эмес, Кокондун сарбаздары кыргыздарга катуу кысымын көрсөтүп, стратегиялык мааниси өтө чоң болуп эсептелген Куртка чеби үчүн бир эмес, бир нече жолу кандуу салгылаш болгон. Ошол салгылаштардын эң орчундуусу 1832-жылкы Куртка салгылашы деген ат менен белгилүү.

Бул салгылашта да Тайлак баатырдын жоокерлери чоң жеңишке жетишип, алтымышка жакын Кокондун сарбаздарын туткунга түшүрүп, элди ыгы жок алык менен салыктан бошотууга жардамы тийген. Тайлактын ошондогу эрдиги, азыркыча айтканда жеке үлгүсү башка кыргыздарга да катуу таасир этип, ошондон кийин кокондуктарга куралдуу каршылык көрсөтүү Ысык-Көлдүн жээгинде да, Кыргызстандын түштүгүндө да, Чүй боорунда да орун алып, тышкы душмандарга каршы туруу – жигиттик милдет, атуулдук ар-намыс катары саналып калган.

Албетте эл ичиндеги ынтымактын начардыгы, улут катары биримдиктин жоктугу кыргыз тайпаларынын өз ара тыгыз карым-катнаш кылышына негизги тоскоол болгон. Кыргызды тышкы душмандардан сактаган аскасы асман тиреген тоолор болгон деп айтабыз, бирок ошол эле бийик ашуулар менен терең капчыгайлар эл ичиндеги тыгыз байланыштарга негизги тоскоол болуп саналган. Ошол жана ошол сыяктуу себептер бир же бир нече жолку аскерий жеңишти саясий, тагыраак айтканда геосаясий инструментке айландырууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошентип кыргыздар узак убакыттар бою бирде жеңип, бирде жеңилип, бирок эч качан баш бириктире албай жашай берген.

Тайлак баатырдын каза болушу тууралуу ар түрдүү пикирлер бар. Казак окумуштуусу Чокан Валихановдун маалыматына караганда, Тайлакты кокондуктар бир жолку бетме-бет кагылышууда колго түшүргөн экен. Экинчи бир маалыматтарга таянсак, ошол эле Кокондун тыңчылары баатырды жок кылуу үчүн бардык айла-амалды жасап, акыры Тайлак баатыр уудан каза тапкан дешет.

Албетте баатырлар да эл башына иш түшүп, тарыхый процесс коргоочуларга, сактоочуларга муктаж болуп турган заманда туулат. XVIII кылымдын этеги жана XIX кылымдын башы кыргыз элинин тарыхындагы ошондой оор замандардын бири болгон. Бир жагынан Цин империясы, экинчи жагынан Кокон хандыгы өз территориясын кеңейтүүгө бүт күчүн жумшап, эл тагдыры кылыч мизинде ойноп, заман алакайыр болуп турган учурда Тайлак баатыр тарыхый аренага келди. Ошол кыйын кезеңде Тайлак баатыр ким экенин көрсөттү, эл үчүн канын төгүп, журт үчүн өмүрүн кыйды.

Бирок “эрди эне тууйт, атын эли-журту сактайт жана даңктайт” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары, Тайлак баатыр жашап өткөн замандан бери эки кылымга жакын убакыт өтсө да, анын аты эч качан эл оозунан түшкөн жок. Ал эми азыркы учурда, Кыргызстан эгемен мамлекет болуп, аны коргоо жана сактоо ар бир атуулдун ыйык милдети болуп турган чакта Тайлак баатыр мекенчилдиктин жаркын мисалы, атуулдуктун кашкайган үлгүсү катары ар дайым жашай бермекчи.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 26.01.2013-ж.,
Сүрөт  Атабек Исановдун “ВКонтакте” тармагындагы баракчасынан алынды 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.