Бир ырдын сынагын утуп Пегас мингиң келеби?

pegas“Жаңы Агым” гезити менен республикалык “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу жаш таланттарды колдоо максатында “Калемгердин Пегасы” аттуу бир ырдын сынагын жарыялайт.

Жобо боюнча сынакка катышуучулардын жаш курагы 30 жаштан өтпөш керек. Ошондой эле сынакка катыша турган чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбоого тийиш. Жөнөтүлгөн ырлардын көлөмү төрт саптан элүү сапка чейин болуп, ар бир автор бирден чыгарма менен гана катышууга укуктуу. Тематикасы чектелбейт. Келген ырлар кезек менен гезиттин ар бир санына жарыяланып турат.

Байге фонду 30000 (отуз миң) сом.

Биринчи байге 15000 сом, ага кошумча “Калемгердин Пегасы” тапшырылат.

Экинчи байге 10000 сом жана диплом

Үчүнчү байге 5000 сом жана диплом.

Сынак ушул жылдын 2-декабрында токтоп, жыйынтыгы 12-декабрда Адабият күнүнө карата чыгарылат.

Автор “Жаңы Агым” гезитинин редакциясынын дарегине же zairajimatov_76@mail.ru, agym@vb.kg электрондук почтасына сынакка жөнөткөн ыры менен кошо өзү тууралуу кыскача маалыматты тиркеп, гезитке ылайыктуу сүрөтүн кошо жөнөтүшү керек.

Сүрөт www.Horse.ru сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.