Жан дүйнөнүн тубаса инженери Өскөн Даникеевдин портретине сүртүмдөр

o_danikeevӨсөкемди мен Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучубуз Бексултан Жакиев айткандай китеп жандуу адам катарында көптөн бери билем. Тактап айтканда, Өсөкем 1951-жылы Фрунзе шаарындагы атактуу №5 кыргыз орто мектепти алтын медаль менен бүтүп, Москвадагы Тоо-кен институтуна өткөн мезгилден бери билем. Ал кезде биздин мектепти бүтүп, Москвада окуган студенттер менен биз аябай сыймыктанаар элек. Алар менен жолугушууларга үзбөй барчубуз. Биздин 10-класста келечектеги атактуу кыргыз маданиятынын классиктери кинорежиссер Төлөмүш Океев, жазуучу Ашым Жакыпбеков, окумуштуу-экономист, Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Мурат Балбаков, кинооператор Кадыржан Кыдыралиевдер окушар эле. Албетте, мындай жолугушууларды биздин сүйүктүү агайыбыз, завучубуз М. А.Рудаков өзү көзөмөлдөөчү.

Тубаса талантка айла жок экен. Өткөн XX кылымдын 60-жылдарында Өсөкем жазуучу катарында дүбүртү катуу чыга баштады. Анын «Бакир» (1961), «Кыздын сыры» (1963), «Эне мээрими» (1968) ж.б. повесттери, аңгемелери, эсселери китеп жандуулардын жүрөгүнөн түнөк таба баштады. Ал гана түгүл өз калемдештеринин, биринчи кезекте жазуучулардын, адабий сынчылардын жогорку баасын алууга да үлгүрдү. Мунун өзү эле өзгөчө зор ийгилик.

Атактуу адабий сынчы Кеңешбек Асаналиев айткандай биз адамдар өз замандаштарыбызга жакшы сөз айтканга өтө эле сараңбыз – деген оюн эске алып, Ө.Даникеевге айтаар жакшы сөздөрүмдү Чыкемден баштоону туура көрдүм. Чындыгында кыргыз жан дүйнөсүнүн жаркыраган эки улуу чокусу бар. Алар, албетте Манас менен Чыңгыз. Дал ушул экөөнүн бири болгон улуу Чыкемдин, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун алкоосуна татыктуу болгон Өсөкемдин «Кыздын сыры» повести, менимче, анын кийинки жазуучулук өмүрүнүн үзүрлүү болушуна жол ачкан. Ыраматылык (минтип айтууга алиге дитим барбайт, айла жок) Чыкем 1963-жылы ноябрь айында мындай деп жазып кеткен экен: «Өскөн Даникеевдин «Кыздын сыры» аттуу повести быйылкы жылдын прозасында көрүнүктүү окуя десе болот. Кадимкидей такшалган реалисттик жазуу, психологиялык сүрөттөө. Сөзгө да сараң. Бул да жакшы белги. Повесть чакан болгонуна карабастан, анда адамдын өзүнчө бир тарыхы берилген. Жетимсиреп бирөөнүн үйүндө жүргөн кыздын басып өткөн жолу, инженер-геолог болуп институтту бүтүрүп чыкканга чейин кызыктуу, мазмундуу турмушка толгон» (караңыз: Өскөн Даникеев «Кыздын сыры», Бишкек, 1997, 2-бет).

Менин баамымда Чыкемдин бул берген баасы жазуучунун келечектеги бүткүл чыгармачылык жолунун өзгөчөлүктөрүн небак эле аныктап салгансыйт. Эгерде бул оюбузга анча ынанбасаңыз, анда Өсөкеме арналган Е.Егамбаеванын «Ө.Даникеевдин чыгармачылык эволюциясы» Б. (2001) аттуу монографиясына кайрылууну сунуштар элем. Өсөкемдин чыгармачылык жолуна дүңүнөн караганда биз мындай улуу ойлорду байкайбыз. Алар кайсылар? Менимче Өсөкем кыргыз көркөм адабиятында биринчилерден болуп адамдардын ички дүйнөсү менен тарыхый-социалдык турмушунун чыныгы реалисттик көркөм картинасын бере алган. Ошондой эле Өсөкемдин чыгармаларын окуп жатып, бүгүнкү күндүн бийиктигинен туруп өткөн турмушубузга көз чаптырсак, анда биз мурда анча байкабай жүргөн фундаменталдуу эки ойго барып такалабыз. Россиянын атактуу философ-окумуштуусу, академик В.С.Степин жазгандай алардын биринчиси – демократия, экинчиси – теориялык илим (караңыз: Степин В.С. Философия науки. Общие проблемы: учебник для аспирантов и соискателей ученой степени кандидата наук. М.Гардарики, 2006. С. 93). Биз тарыхтан билгендей байыркы гректер дүйнөлүк маданиятка ушул эки улуу ачылышты тартуулаган.

Канткен күндө да биздин заманыбызда дүйнөнүн бардык элдери канчалык татаал, азаптуу болсо да, демократиялык мамлекет курабыз деп умтулууда. Бул оюбузга далил иретинде 2012-жылда болуп өткөн үч окуяга кайрылайын. Биринчиси, өздөрүн демократиянын накта борбору деп эсептеген АКШнын президенти Барак Обама мыкаачынын колунан мерт болгон балдарды акыркы сапарга узатууга арналган аза күтүү жыйынында сүйлөп жатып, өзүн токтото албай көзүнө жаш алган. Ал эми Россия Федерациясынын президенти В.В.Путин ММКнын өкүлдөрү менен болгон маегинде өзүнүн ден соолугу жөнүндө берилген суроого: «Не дождетесь» деген. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев болсо, ММКнын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда уруулардын курултайын чакыруу артка чегинүү деп эсептей тургандыгын так жана кесе айткан. Жогорудагы үч окуя чындыгында эле социалдык-тарыхый абал кайсыл гана демократиялык өлкө болбосун татаал жана кыйын болоорун айкын, ачык көрсөтүп жатат. Менимче, чындыгында адамзат баласы үчүн демократиядан өтөөр башка жол жок.

Өскөн Даникеевдин «Мурас», «Кызыл аска», «Көз ирмемдеги өмүр», айрыкча «Көкөй кести» менен «Арман» романдары ушул оюбуздун айкын далили деп кысынкырабай эле айтаар элем.

Самсак Станалиев Ө.Даникеевдин «Арман» аттуу роман-эссесине жазган баш сөзүндө калыс оюн мындай деп жазат: «Бул китепке «Көкөй кестинин» кайрадан берилип жатышы да бекеринен эмес. Экинчиден, жазуучунун жаңы «Арман» романы менен да кандайдыр бир деңгээлде мезгилдик жана күтүүсүз кырдаалдан улам жаралган адам дүйнөсүнүн психологиялык-нравалык эрдигинин байланышы бар. Согуш маалы жана андан кийинки жылдардагы окуяларды камтыган, ошолордон улам чыккан адам тагдыры чагылдырылат. Ал тургай, каармандардын тагдырлары да кайсы бирде параллелдикте берилгендей таасир калтырат. Бирок автордун «Арман» романында козгогон проблемасы, алган милдети «Көкөй кестидегидей эмес. Мезгил бир, бирок проблема, идея таптакыр башка» (Караңыз: Ө.Даникеев. «Арман», Бишкек, «Учкун», 2005. 5-бет).

Кыскасы С.Станалиев таамай белгилегендей «төрт адам жана бир баланын» сүргүнгө айдалышы, репрессияга дуушар болушу», «алардыкындай тагдыр башкаларда да бар экен. Мисалы, Акан аттуу улуту казак Ахангалий, Кавказдан келген Шамсудиндердин жердештери ж.б.». Жыйынтыктап айтканда, «бийлик, саясат куугунтугу адам баласына кандайынан болсо да, трагедия алып келет экен. Адам ага үмүтү менен жеңилбей жашайт экен» – деп С.Станалиев акыйкат бүтүм чыгарат. Мен бул ойго толук кошулам жана колдойм. Илгери биздин мекенибизге да карачайлар, балкарлар, чечендер ж.б. келген. Ошол жылдары биздин элибиз кайрымдуулук, мээримдүүлүк эмне экендигин айныксыз далилдеген. Бул оюбузга үч далил:

1.  Биздин жердешибиз азыркы Россиянын академиги М.Ч.Залиханов өзүнүн Чүйдөгү Ивановка шаарчасында сүргүндөгү балалык жылдарын эскерип, Кыргызстан менин экинчи Родинам, дайыма түшүмө кирет, деп жазат;

2. Кабардина-Балкар университетинин профессору С.И.Эфендиев КРСУнун илимдин философиясы кафедрасынын доценти Ж.А.Алтымышбаевага жазган катында: «Сиздин атаңыз Асылбек-Ага, – дүйнөгө атагы чыккан философтун мээримдүүлүгүн мен эч убакта унутпайм! Айланайын алтын кыргызым!» (Караңыз: Вестник КРСУ, 2009, № 6, с. 134);

3. 2012-ж. октябрь айында Киев улуттук университетинде өткөн конференцияда Украинанын Херсон областында сүргүндө болгон атактуу дирижер А.Жумакматов, профессор Б.Чормонов, коомдук ишмер К.Жангарачев жөнүндө баяндама жасап келдим. Баяндамага даярдануу мезгилинде укмуш бир окуяга туш болдум. Биздин жердешибиз Э.А.Исаевдин чоң атасы да сүргүндө Херсон областында болгон экен. Алар менен бирге болгон туугандары Амановдор чуңкурдан бир бала таап алышат, багып бойго жеткирип, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине өткөрүшөт. Таң калганым, өздөрү сүргүндө өлө албай жүрүп, бала багып алышат. «Багы жокко, дагы жок дегендей», багып алганы бечел, тубаса оорулуу экен. Ага карабай баланы эрезеге жеткизишет. Мына кандай кыргыздын пейили!

Өкүнгөнүм, бүгүнкү күндө бизге ата-бабалардан бери келе жаткан улуу салттарыбыз – мээримдүүлүк, кайрымдуулук басаңдагансыйт.

Өскөн Даникеев өзүнүн романдарында көтөргөн маселелерди С.Станалиев белгилегендей бийликтин саясий куугунтугу, тактап айтканда репрессия буйрукчул-административдик системада өкүм сүргөн кубулуш болгон. Андан кутулуунун бир гана жолу бар. Ал демократия жолу.

Өскөн Даникеевдин чыгармачылыгынын башкы өзгөчөлүгү, анын жазуу өнөрү менен бирге илимди айкалыштырып жүргөндүгүндө.

Бардыгына белгилүү болгондой бул дүйнөдө билим деген нерсенин бир топ түрлөрү бар. Алардын ичинен илим деген нерсе кандай өзгөчөлүктөрү менен башка билимдерден айырмаланып турат деген суроого кайрылсак, анда биз: илим – деп, далилденген билимди, эпистеманы айтабыз. Эң кызыгы илимди – далилденген билимди байыркы грек элинин өкүлү ачкан. Атап айтканда, ал гректин улуу математик-окумуштуусу Евклид болгон. Анын геометриясында азыркы кездеги аксиома системалары негизделген. Биздин Өсөкебиз болсо 1970-жылы эле биринчи жолу кыргыз тилинде «Сызма геометрия» деген кыскача курсту жазып салган. Аталган окуу китепте проекциянын пайда болушу чекит, түз сызык, тегиздик жана алардын өз ара жайгашыштары сыяктуу фундаменталдуу түшүнүктөр берилген. Ал гана түгүл Өсөкем инженердик графика боюнча кыргызча-орусча терминологиялык сөздүктү түзгөн. Өсөкем өзү жазгандай: «сызма геометрия жана чийүүнү окуп-үйрөнүү техниканын дээрлик бардык тармактары менен тыгыз байланышта болгондуктан, «Сөздүктө» жалаң аталган предметтерге гана эмес, курулуш, механика, математика ж.б. да тиешелүү айрым терминдер бар».

Россия Федерациясынын академик-философ окумуштуусу В.С.Степин айткандай бүгүнкү заманда илим инсандын тарбияланышына өзгөчө зор таасир берет. Академик А.Акматалиев акыйкат жазгандай Чыкемдин «Канткенде адам уулу адам болот?» – деген улуу суроосуна берилүүчү жооптордун бири, менимче адамзат баласын илимге, демократияга тартуудан башка арга жок (Чыңгыз Айтматов чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы, Сегизинчи том. Макалалар. Маектер. «Бийиктик», Бишкек, 2008, 547-бет). Так ушул жерде, биздин тарыхыбызга байланыштуу бир өзгөчө орчундуу жагдайды айта кетпесем өкүттө калгандаймын. Кептин жайы мындай. Биз ыраматылык атактуу Салижан Жигитов менен докторлук диссертацияларыбызды жазып жүргөн кезде көп нерселер боюнча пикир алмашаар элек. Ал маселелердин бири–билим менен илимдин байланышы. Илгери XX кылымдын 30-жылдарында белгилүү окумуштуу-психолог, кийин академик А.Р.Лурия Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда эксперименталдык изилдөөлөр жүргүзөт. Анын далилдөөлөрү боюнча салттуу коомдун өкүлдөрү математикалык эсептерди чыгарууда кыйынчылыкка дуушар болгондугун байкайт. Көрсө, мектепке барбаган караңгы адамдар «кырдаалга байланыштуу ой жүгүртүшөт экен». А.Р.Луриянын айтымында, аларды бул кыйынчылыктан чыгаруунун бир гана жолу бар. Ал аларды мектепке тартуу. Адатта мектепте мугалим программа менен иштейт. Ал эми программанын мазмунунун өзөгүн илимдердин, мисалы, тил, адабияттын, математиканын, физиканын, химиянын, биологиянын ж.б. негиздерин окутуу түзөт.

Адилет пикирди айтканда биздин элибиз Совет мезгилинде билимге, анын өзөгүн түзгөн илимге жеткен. Академик А.Р.Лурия айткандай техногендик цивилизацияга жетүүнүн бир гана жолу бар ал – илимдин негиздерин өздөштүрүү. Албетте, илимдин бүгүнкү күндөгү жетишкендиктерин өздөштүрүү керек.

(Уландысы бар)

А.КАКЕЕВ, академик,
КРСУнун илимдин философиясы кафедрасынын башчысы,
“Эркин Тоо”, 25.01-01.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.