Садык Шер-нияз: “Курманжан Датка ” тасмасына жетпеген акчаны Өкмөт бербесе, жеке ишкерлер беришет…”

s_sherniyaz– Садык мырза, маегибизди маданияттан эмес, саясаттан баштайлы. Жакында эле, “Замандаш” партиясынын тең төрагасы болдуңуз. Чынында бул коомчулук үчүн чоң жаңылык болду. “Замандашты” тандап алышыңызга эмне себеп болду?
– Негизи чыгармачыл адамдар көпчүлүк учурда саясатты жек көрүү менен карашат. Мунун да түшүнсө болот. Себеп дегенде, бүгүнкү күндө саясатчыларыбыз элдин кызыкчылыгы үчүн иш алып барышпай, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышкандай элес калтырышат. Ушундан улам коомдогу чоң толкундоолор ошондой саясатчылардын жасаган иштеринен келип чыгып жатат. Мамлекет жакшы өнүгө албай, кыйналып, ар бир патриот адамдын тынчын алып турат. Жаныңдай сүйгөн мекениң оор учурда турса, ага кайдыгер кароого мүмкүн эмес. Ошон үчүн мен дагы белди бекем бууп саясатка аралашып калдым. Ал эми “Замандашты” тандап алганым мындай: бул партия биринчиден жаш, таза жана бийликке жутунбаган, өнүгүүгө бет алган партия. Ошондой эле “Замандаштын” лидерлери да жаш саясатчылар, жаман иштерге аралашып, элге жаман көрүнүшкөн эмес. Бул жагынан алганда элдин ишеними жана үмүтү чоң. Мен бир нерсени баса белгилеп кетейин: Кыргызстаныбыз 20 жылдан бери өнүкпөй келатат. Ага ким күнөөлүү? Албетте, биринчи кезекте саясатчылар. Анткени ушу 20 жылдан бери саясаттын башында баягы эле бир ууч адамдарыбыз бирде бийликте, бирде оппозицияда болуп келишти. Өзгөрүү жок. Демек, алардын да кандайдыр бир деңгээлде моралдык жактан күнөөсү бар. Менин көз карашымда, эми мамлекетибиздин тарыхында жаңы баракты ачып, жаңы саясий жолду баштоого, болгондо да руханий дүйнө, аздек дүйнө негизиндеги саясий жолго багыт алууга мезгил жетти. Ошондуктан чыгармачыл чөйрөнүн да адамдары минтип саясатка аралашып баштады.

– Эң жакшы пикир айттыңыз. Сиз “Замандашка” жалгыз келген жоксуз да. “Айтышта” эмгектенген ондогон адамдарды да ала келсеңиз керек . Аз күн мурун мына ушул маселе менен сиз “айтышчыларды” “Пекин” ресторанында чогултту деп уктук…
– Албетте, мен өзүмдүн бул чечимимди санаалаштарыма айтышым керек болчу. Бир топ жылдардан бери бирге жүрүп, мага жөлөк болуп жүргөн төкмө акындарга, жаш калемгерлерге, жаш киноматографисттерге ж.б. мындай чоң бурулушту айтпай, аларга кеңешпей, басып кетүүнү туура көргөн жокмун. Алар менин бул чечимимди колдоп, туура чечим экенин айтышты. Анткени ал жаштар саясатта жакшы өзгөрүү болсо деп тилешкен патриот адамдар. Туура эмес кабыл алгандар да болду. Мен өз чөйрөмө “Замандашка” кирүүгө үгүттөгөн жокмун, үгүттөбөйм дагы. Анткени ар бир адам чечимди өзү кабыл алышы керек. Бир гана нерсе, эгер келечекте “Замандаш” мамлекет үчүн жакшы иштерди жасап, жакшы ийгиликтерди жаратса, анда коомубуздун бийик интеллектуалдык чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар эч ким үгүттөбөсө деле, өздөрү “Замандашты” тандап алышат.

– Дагы бир чоң жаңылык – коомчулукта сиз тартып жаткан “Курманжан Датка” тарыхый көркөм тасмасы тууралуу кызуу талкууга түштү. Бир жума мурун аны президент баштаган бир топ аткаминерлер “Манас” кинотеатрында көрүшүп, жакшы пикирлерин айтышты. Аталган тасманын режиссёру катары сиз кандай пикир айтасыз?
– Негизи “Курманжан Датка” тасмасын тартууга мамлекеттик казынадан жалпысынан 74 млн. сом каралмак. Бирок мамлекет 40 млн. сом бөлүп берди. Биз башында эле бул акча жетпей тургандыгын айтканбыз. 40 млн. сомду долларга айлантсак, 800 миң болот. Ал эми 800 миң доллар Россиянын бир кыска метраждуу тасмасынын бюджети. Же болбосо, жаныбыздагы казактарды айталы, “Көчмөндөр” деген тарыхый тасмасын 45 миллион долларга тартты, өткөн жылы ошол тасмага окшошураак “Жоо жүрөк миң бала” деген тасмасын 13 миллион долларга тартышты. Кечирип коюңуз, анан биздин тарыхый эпикалык “Курманжан датканы” 800 миң долларга тартуу деген күлкү келерлик нерсе да. Мындан тышкары, биздин саясатчыларыбыздын дагы бир кыска түшүнүгү бар: көбүнчө киного каралган акчанын жарымын беришет. Киного мындай мамиле кылган жарабайт. Таарынышпасын, мен ачык айтайын, 40 млн бөлүшкөндөн кийин, ошол эле саясатчыларыбыз: “мына киночуларыбыз “Курманжан Датканы” тарткандан коркуп жатышат” деген да тескери саясатты башташкан. Тилекке каршы, айрымдар “40 миллион сом эмнеге жетпейт? Акчаны коромжу кылышканбы?” деген чындыкка жатпаган сөздөрдү айтып башташты. Мен силердин гезит аркылуу жалпы коомчулукка 40 миллион сомдун отчётун толук берип коёюн. Биринчиден бул 500 адам катышкан тарыхый-эпикалык кино. Курманжан Датка апабыз жашап өткөн доорду толук чагылдырыш керек. Ага эмне деген жасалга кетет? Эми элестеткиле, ошончо адамга костюм керек, тамак бериш керек, тарткан жерге алып барыш керек. Ал 40 миллиондун 6 миллионуна “Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жабдыктарды алганга мажбур болдук. Анткени жарык берүүчү, кино тартуучу жана жаңы технологияда монтаж кыла турган шаймандар жокко эсе болчу. Ушул шаймандарды “Кыргызфильм” киностудиясы АКШнын фирмасы менен келишим түзүп, сатып келди. Калган 34 миллиондун 3 миллиону каскадёрлордун оңой эмес эмгегине кетти. Дагы аларга рахмат, кыргыз үчүн, Курманжан Датка апабыз үчүн деп ушул арзан суммага макул болушту. Болбосо, чындап эсептей келгенде эки эсе алышмак. Курманжан Датка апабыздын колдоочусу жолборс болгондуктан, тасмага тирүү жолборсту тартууга туура келди. Мультфильм кылып жабыштырып коюуга болбойт. Жолборс издеп Венгрия, Индия ж.б. мамлекеттерге байланышка чыктык, аларда жок экен, акыры Москвадан таптык. Москвадан атайы учак менен үч дресировшиги алып келишип, 4 күн жүрүштү. Жолборсту алып келүү үчүн бир топ ветеринардык кагаздар талап кылынат экен, анысы да акча. Кыскасы, жолборсту чагылдырганга баш аягы 1 миллион сом кетти. Калган 30 миллиондун азыр 9 миллион сому турат. Эми 21 миллион сомду айтайын. Анын 3 миллион сомун Соцфонд эле кайсап кетти. Калган 18 миллионго биз бир саат жыйырма мүнөттүк тарыхый тасманы тартып бүттүк. Бир эпизодду эле айтайын. Мисалы, тарыхый сценаны чагылдырыш үчүн Оштогу гарнизонду пайдаландык, ага 3 миллион сом короду. 500дөн ашуун кишиге (массовка) костюм, орустардын штабын курууга 2 миллион сом бердик. Дагы бир чоң маселени айта кетейин. “Айтышфильм” киностудиясы бул тасмага болгон мүмкүнчүлүгү, шаймандары менен жардам берип жатат. Акчалай эсептесек, накталай 1 миллион сом сарптап койду. Себеби мындай: белгилүү сүрөтчүлөр, операторлор аз акчага иштешпейт экен. Режиссёрдун болгон айлыгы 7 миң сом, оператордук 6 миң сом. 3 күндө тарткан ролиги үчүн 6,7 миң сом алып көнүп калган оператор 6 миң сомго иштебейт экен да. Айла жоктон “Айтышфильм” аларга өз чөнтөгүнөн кошумча акча төлөп жатат. Биз эки-үч айдан бери тыныгууда олтурабыз. Негизи чыгармачылык топко мындай тыныгуу учурунда акча берилбейт. Биз болсо ошончо адамга орточо айлык берип, “Айтышфильмде” кармап олтурабыз. Тыныгуу учуру болсо да калганы уландысына даярдык көрүп иштеп жатышат. Мен ушундай арзыбаган акчага эмгектенип жаткан жамаатка чоң ыраазычылык билдирем. Анан муну түшүнбөгөн айрым бюрократиянын сазына батып калган саясатчылардын: “бул киного акча бериш керек, бербеш керек ” деп ыңгыранып, кесирленгенине чын ниетимден түшүнбөй турам. Тескерисинче, чыгармачылык топтун алдында башын ийип таазим кылышсын! Эгер өкмөт акча бербесе, жеке менчик ишканалар, компаниялар “биз берели” деп сунуш кылып жатышат. Алар болгону прокаттан өзүнүн акчасын чыгарып алышат. Бирок анда да мамлекеттик чиновниктерибиз: “жок алар үлүш боюнча алышсын” деп ага да кийлигишип жатышканына таң каласың. Деги бул тасма ошол жеке ишканаларга керекпи же мамлекетке керекпи? Кыскасы, түшүнгөн адамдар жардам берип жатышат. Президентибиз, буйруса кинонун уландысы тартыла баштаганда бир күндү белгилеп, (чыгармачылык топко дем берүү максатында) иш учурунда барып берейин деген убадасын берди. Түшүнбөгөндөр болсо, “Айтышфильм” мамлекеттин акчасын жеп алды деген негизсиз доомат коюп жатышат. Мен ыймандай сырымды айтайын. “Айтыш” эч качан мамлекеттин акчасын жеген эмес, жебейт дагы, тескерисинче 10, 15 жылдан бери бир канча миллион долларга мамлекеттик маанидеги иштерди аткарып койду. Тилекке, каршы, муну билишсе да, билмексен болгондор бар арабызда.

– Өкмөт 74 миллион сомдун калганын качан бере турган болду?
– Качан берери так белгисиз. Кыязы 74 млн. толук берилбейт. Мамлекет кыйналып, бюджет тешик болуп жатат деген шылтоолор менен 20 миллион беребиз деген сөз болду. Бирок мына күн жылып калды, ишибизди башташыбыз керек. Декларацияларды даярдаганга акча да, убакыт да керек. Анан шашып, акчаны азыр эмес, жылдын аягында берсе, анда убакытты уттуруп коёбуз. Россиянын кээ бир кино компаниялары “бизге бул тасманын прокатын берсеңер, биз бул тасманын долби үнүн, светодекорациясын жазып берели ” деп жатышат. Долби системасынын сертификаты орустарда бар. Демек, Москвага барып жаздырыш керек. Бизде болсо андай технология жок. Эгер тасманын үнү долби системасы менен жазылбаса, анда бул тасма эл аралык деңгээлден өтпөй калат. Муну түшүнбөгөндөр, “бул жактан эле жазып коюшпайбы” деген да пикирди айтып жатышат. Биз алардын сунушуна көнүп, тасманын үнүн долби системасы менен Москвада жаздыралы деп жатабыз.

– Тасмага тартылып жаткан жалпы чыгармачылык топ боюнча айтасаңыз? Өзгөчө актёрлорду тандоо кыйынчылык жаратса керек?
– Сценарийин мен, Раев жана Бакыт Турдубаев үчөөбүз жаздык. Оператор коюучусу Убукеев, Океев, Шамшиев аксакалдар менен иштеген Мурат Алиев деген агабыз. Ал акыркы кезде казактардын “Келин”, “Чал” ж.б. белгилүү кинолорун тартты. Казактар ал кишиге айына 10 миң доллардан кем төлөбөйт. Биз болсо, Мурат агабызга 5 миң сом берип иштетип жатабыз. Бул кино үчүн кыргызга жардам беребиз деп, биздин аз айлыкка иштеп жаткан Москвалык адистерибиз да бар. Сүрөтчү – коючусу Жамал Кожахмедов, директордун орун басары Зинакүл Касманкулова, сүрөтчү-костюмери Динара Абдугулова, продюссери Фархад Бекмамбетов ж.б. Ал эми актёрдук курам жөнүндө айтсак, сиз туура белгиледиңиз чынын айтканда бизде 20 жылдан бери мындай чоң кино тартыла элек. Ошонун кесепетинен чоң ролдорду аткара турган актёрлорубуз да азайып кеткен. Бир сөз менен айтканда, шайма-шай турган актёрлор аз. Себеп дегенде актёрлор дагы спортчулардай болуп күнүгө машыгып турбаса мокой беришет. Бирок ага карабастан, кыргыздын актёрлору менен актрисаларында кандайдыр бир дем, кандайдыр бир рух бар. Биз мындай күч менен кыйынчылыктарды жеңип келе жатабыз. Мисалы, Курманжан Датканын ролун төрөлгөндөн карыганга чейин беш адам аткарды. Башка башкы каармандардын ролун бир нече адамдар жаратты. Негизи бул кинонун калган бөлүгү Кокон шаарынан, Бухара шаарынан жана Санкт – Петербург шаарынан тартылышы керек. Учурда аталган шаарлар менен байланышып, сүйлөшүп жатабыз.

Уландысы бар

Маектешкен Айбек Шамшыкеев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.02.2013-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.