Тагдырга тизе бүкпөгөн композитор

s_baktygulovБашына түшкөн оор тагдырга моюн сунбаган адамдар арабызда сейрек. Айрыкча жаштар башына оорчулук же мүшкүл түшкөндө кайратын жоготуп, өзүн таштап салат. Балким ошондой маалда алар өмүрү өрнөк болгудай адамды көргөндө чыйралмактыр, тагдырга басырылып бермек эместир. Ал эми өмүрү өрнөк инсандар арабызда сейрек да болсо кездешет.

“Сыябан” берүүсүндө биз композитор Сталбек Бактыгуловдун бейнесине токтолобуз. Композитор бала күнүнөн бери балдак жардамы менен басып келет. Ошого карабай баш-аягы 30га чукул симфония, 50дөй обон жараткан.

Тагдыр адамды бирде көкөлөтсө, бирде көтөрүп жерге чабат. Бүгүн күлүп отуруп, эртең эмне болорун билбейсиң. Сталбек Бактыгулов да жарык дүйнөгө куландан соо келген экен. Жерден боорун көтөргөн кезде капилет ооруга чалдыгат.

– Азыр балдар төрөлгөндө эле шалга каршы эмдеп жатышпайбы. 50-жылдары андай болгон эмес да. Ошол дарт жармашып, ата-энемдин алып барбаган догдуру калбаптыр. Союз убагында “Кудай жок” деген идеология өкүм сүрчү да. Анүстүнө атам мугалим, тарыхтан сабак берчү. Айласы түгөнгөндө элден жашырынып, Бошкул деген молдого көтөрүп барат. Ал киши дем салып берип, “балаңдын келечеги кең, бирок бир колу, бир көзү оорулуу болуп калат” деген экен. Оозуна сала бериптир.

Ошол күндөн тарта Сталбек Бактыгуловдун балалыгы төшөктө өтөт. Балдак менен басканды 8-класста гана үйрөнгөн экен. Кийин ал кыйынчылыкчыгармачылыгына да таасирин тийгизет.

– Менин чыгармачылыгымда балдар темасы аз. Жокко эсе десем болот. Беш-алты жыл мурда “Ак шоола” балдар тобунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова “ыр жазып бериңиз” деп калды. Анын жолдошу Турдубек Чокиев менен жакын достордонбуз. “Симфония жазып жүрөсүң, кантип эле хорго алың келбесин” дегенинен макул деп койгом. Бир түндө бүттүм дечи, бирок симфония жазгандай азап-тозокко түштүм да. Баштан өтпөгөн, билбеген нерсе тууралуу чыгарма жаратыш оор экен.

“Азаттык”: Сиздин музыкага болгон кызыгууңузду поляк композитору Михаил Огинскийдин “Полонез” чыгармасы ойготкон деп айтышат. Баса, ушундай аталыштагы аңгемеңиз да бар эмеспи?

– “Полонезди” бала кезде уккам. Токмок шаарында радио бар эле. Бир күнү көчөдө баратсам “Полонез” жаңырып жаткан экен. Январ айы болсо керек эле. Тышта аяз чыкылдап турган. Мээлейимди да үйгө унутуп баса берипмин. Анан музыка бүткүчө тыңшап туруп, колдорум тоңуп калыптыр. Бүткөндө басайын деп жыгылып кеткем. Ошол учурда кайдан-жайдан татынакай кыз чуркап келип, өйдө кылган эле. Балдагымды колума карматкан соң, эч сөз айтпай кетип калган. Анткен менен көз ирмемдик мамиле жүрөгүмдө түбөлүк калды. “Полонез” аңгемесинин жаралыш тарыхы ушундай.

Ошентип Сталбек Бактыгуловдун чыгармачылык чыйыры адабияттан башталат. 70-жылдары “Тоо жылдыздары” адабий ийримине барчу экен. Тун аңгемесине Төлөгөн Касымбеков өзү рецензия жазып бергенин минтип эскерет:

– Ал киши аңгемемди окуп көрүп, “техникасы жакшы, бирок көркөмдүгү аз, муну ким жазган?” деп сураган экен. Композитор жазган десе, “аа, композитор үчүн кечиримдүү” деп аябай мактап, рецензия жазып берген. Студент кезде эки китебим чыкты. Кийин музыкага ооп кеттим.

Кээ бир адамдар табиятынан өжөр келет. Турмуш тизеге чапкан сайын чыйралып, алдыга умтулат. Сталбек Бактыгуловду мына ошондой адам десек жарашат. Музыкада деле аны кучак жая тосуп алышкан эмес. Бирок өжөрлүк менен баарын жеңип келет:

– Музыканттардын колдору жумшак, ийкемдүү болушу керек. Ал эми меники болсо жоон, балта чапкан колдор. Мугалимдер көрүп эле баш тартып жатышты. Жарым жылда эле 7-8 мугалим алмаштырдым окшойт. Көшөрүп отуруп, жумшарттым окшойт. Кээде сабактан калып, фортепиано ойноп отурсам, “үйгө кет” деп кубалаган күндөрү болгон. Бирок өкүнбөйм, ошол эмгек аркасында ушул эрезеге жеттим. 

Композитор катары тааныла баштагандан кийин Сталбек Бактыгулов Москвага чейин барып иштеп жүрчү экен. Эгер ошол жакта калганда тагдыры кандай болмок?

– Фрунзеден 200 рубль менен кетчүмүн. Москвада ошол кезде эле жакшы төлөшчү. Эсимде, бир ирет симфониялык поэма жазып, 2000 рубль гонорар алгам. Ал кезде бул укмуштай чоң акча. Бул жакка келип, үй алмакчы болуп, соттолуп кете жаздагам. Анан үйдүн улуу баласы болгондуктан тапкан-ташыганымдын баарын бир туугандарыма жумшадым. Үй алып бердим, үйлөнттүм дегендей…

Бирок композитор чоң шаарда калбаганына өкүнбөйт деле. Кайра бул жак чыгармачылыгы үчүн тынч. Тек заманга шылтап, акыркы кезде классика унутулуп баратканына гана арман кылат:

– Композиторлор баштагыдай жолугуп, музыка тууралуу талкуулабай калдык. Сен жараткан чыгарманы бирөө угуп, сын-пикир айтса дейсиң. Андай болбогон соң айла жок өзүмө өзүм сынчымын. Бул классика үчүн, музыка үчүн чоң трагедия.

2005-жылы казактардын “Ала Тоо симфониясы” музыкалык фонду кыргыз композиторлорунун бир катар симфониялык чыгармаларынАКШга сынакка жөнөткөн. Алардын арасында Сталбек Бактыгуловдун “Үркүн” аттуу №2 симфониясы да бар эле. Кийин ал чыгармасын дирижер Чарльз Ансбахер Кыргызстанга келип ойноп берген.

– Сынак тууралуу угуп калып, “Үркүндү” салып жиберген элем. Эл аралык калыстардын купулуна толуптур. Кийин Чарльз Ансбахер бул жакка келип ойноп берди. Тагдырдын тамашасын кара. Жаш кезде Чайковскийди, Бетховенди кумир тутчумун. Анан менин чыгармам алардыкы менен кошо ойнолуп жатпайбы. Алардын фонунда менин музыкам кандай жаңырат деп жинди болуп кете жаздадым.

“Азаттык”: Чарльз Ансбахер менен көзмө-көз жолуга алдыңызбы?
– Тырмакча ичиндеги досторум “буту ооруйт, сахнага чыга албайт” деп коюшкан экен. Уулум көшөгө артына барып гүл берсе, “атаңыздын колун кармап коюңуз, ушундай болуп калды. Бирок бул менин күнөөм эмес” дептир.

“Азаттык”: Жаш кезде Бетховен, Чайковскийди кумир тутчумун деп жатасыз? Ал эми азыркы кездеги кумириңиз ким?
– Шостакович. 15 симфониясы бар. Улам-улам уккан сайын жаңы эргүү жарала берет. 

“Азаттык”: Огинскийчи, “Полонезге” болгон сүйүүңүз өчө элекпи?
– Эми Огинский мени кечирип койсун. Анын музыкасы классика эмес. Бала кезде жакчу. Ал кезде деңгээлим ошондой болчу. Азыр эми Шостакович менен Огинскийди салыштыра албайм. Уят болот. 

“Азаттык”: Байкасам обончулар менен көп иштеп жүрөсүз?
– Бул эми турмуш, муктаждык айынан. Ал ырлардан мен өзүмдүн чыгармачылык жүзүмдү көргүм келбейт. Мага бир обондуу ырдан бир ачуу симфониялык аккорд ыйык.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.

Санжи Туйтунова, “Азаттык”, 16.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.