Улуттук куралдар боюнча конкурс

“Ар-намыс” саясый партиясы жана парламенттик фракциясы жүйѳсүз унутулган байыркы кыргыз улуттук куралдарын: бычак, канжар, шамшар, кылыч жана башкаларды кайра жаратуу жана азем белек (сувенир) катары пайдаланышына шарт түзүү максатында эң мыкты жасоо үчүн

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Конкурс эки этапта жүргүзүлѳт. Конкурстун биринчи этабы УЛУТТУК БЫЧАКТАР боюнча гана тѳмѳнкү эки аталышта ѳткѳрүлѳт:
– улуттук белгинин үлгүсү катары кыны бар мыкты бычактар;
– аңчылык жана кесип тууроочу кындуу мыкты бычактар.

Конкурска даяр буюмдар катыштырылат. Кѳрсѳтүлгѳн эки аталыш боюнча буюмдары мыкты деп табылган катышуучу же катышуучулар 25 000 сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык менен сыйланат. Конкурска ошондой эле бычактардын жана кындардын, алардын ѳлчѳмдѳрү, бычактын мизи, сабы, кындары кандай материалдан даярдалаары кѳрсѳтүлгѳн эскиздердин сүрѳттѳрү катыштырылышы мүмкүн.

Кѳрсѳтүлгѳн аталмалар боюнча сунушталган мыкты эскиз 10 000 сом ѳлчѳмүндѳгү сыйлык менен белгиленет. Конкурста жеңип чыккан бычактарга алардын авторунун (авторлордун) атына тиешелүү патент алуу үчүн Кыргызпатентке конкурстун уюштуруучуларынын эсебинен тѳлѳнүү менен кайрылуу жѳнѳтүлѳт. Алар мындан соң “Ар-намыс” партиясынын саясый кеңешинин заказы боюнча сыноо иретинде сатуу жана “Ар-намыс” партиясынын белек фондун түзүү үчүн ѳнѳр-жай ишканасынын биринде даярдоого берилет.

Даярдоо буюмдары жана эскиздер конкурс аяктаган күнгѳ, 2013-жылдын 25-февралында 11.00дѳн 16.00 саатка чейин тѳмѳнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 135.

КАЛЫСТАР ТОБУНУН КУРАМЫ:
Тѳрагасы Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН, тарых илимдеринин доктору, профессор;
Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты, саясат таануу илиминин доктору;
Султанбек МАКАШОВ, КР эл сүрѳтчүсү, “Кыял” улуттук кѳркѳм ѳнѳр бирикмесинин башкы директору;
Курманалы САПАРБАЕВ, жазуучу;
Амантур ЖАПАРОВ, окумуштуу, тарыхчы-этнограф;
Октябрь КАПАЛБАЕВ, тарыхчы-этнограф;
Юрий ХУДЯКОВ, конкурстун илимий консультанты, россиялык илимпоз, кыргыз таануучу археолог.

Сурап-билүү үчүн телефондор: 63-91-04, 62-75-72, 45-28-33.

Конкурстун экинчи этабын ѳткѳрүү жѳнүндѳ кошумча кабарланат.

“Ар-намыс” партиясынын саясый кеңеши

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.