“Жаш таңдай-2013дө” жылдызы жанган

aitysh14-15-февралда КТРКнын концерттик студиясында 25 жашка чейинки жаш төкмөлөр арасында “Жаш таңдай-2013” республикалык акындар айтышы болуп, ага жыйырма жаш акын катышты. Натыйжада баш байге ээси биздин “Жаңы Агым” гезити буга чейин эле “2012-жылдын мыкты төкмө акыны” деп тапкан Болот Назаров болсо, 1-орунду Кубат Тукешов ээлеп, ал эми 2-орунга Асылбек Маратов, 3-орунга Кадырбек Бейшенов ээ болду. Биз баш байгенин ээси менен 1-орунду алган жаш төкмөлөрдү редакцияга чакырып жеңиштен кийинки таасирлерин сурадык.

– Силерге бул айтыш кандай таасир берди?

Болот Назаров: – Менин оюмча жаш таңдайлар айтышы жакшы эле өттү окшойт. Чынында өзүбүз бир чети толкунданып, бир чети айтышып жатып бул сынактын жалпы деңгээли кандай болгонун да байкабай калдык. Айтыштын өйдө-ылдыйын өзүбүз тасмадан баштан-аяк бир көрүп чыккандан кийин толук баа бере алабыз. Албетте таасири сонун болду. Кубат экөөбүз финалга чейин баргандан кийин өзүбүздү өзүбүз чындап казганга туура келди. Мурдагы айтыштарда тандоодон өтүп биринчи айлампада эле кулап калчубуз. Бирок ошентип тандоо турунан өтүп, кийин кулап калганыбызга эле жыргап, сахнанын артында туруп өздөрү менен өздөрү болуп, дубанадай сөз издеп ары-бери басып калган устаттарыбызга минтип айтпайсызбы, тигинтип айтпайсызбы деп тийишип калчубуз. Бул айтышта биз ошол абалды башыбыздан өткөрдүк. Чогуу жүргөн курбуларыбыз менен сахнага бир чыгабыз да, сахнанын артына барарыбыз менен өзүбүз менен өзүбүз болуп кобуранып басып калабыз. Мындайча айтканда, ой топтойбуз.

– Баса, Кубат экөөң жакын достордон экенсиңер, финалдык айтышуу учурунда достук мамиле жолтоо кылып койгон жокпу? 

Болот Назаров: – Финалдык айтышта:
Кубатым акындардын асты экен,
Ачуу эмес таттуу экен.
Досума жаман айта албайм,
Какылдашып айтышкан,
Кадырбек эле жакшы экен
, – деп айтканымдай, бу Кубат экөөбүз чын эле моюндашкан доспуз. Финалдык айтышта бир чети экөөбүз чукул достордон болуп жүргөндөн кийин алдын жетишинче акындык салтты сактадык деп ойлойм. Анткени Ашыкемдин акындын өзүнө эмес сөзүнө тийиш деп айтканы бар. Ток этерин айтканда, акындардын бири-биринин кебетесине, жеке турмушуна, кийген кийимине тийишип ырдаганы болбойт. Улуу устат айтып кеткендей анын сөзүнөн илмек табыш керек. Финалда Кубат экөөбүз бири-бирибизди астыртан сыйлап, көбүнчө сөзүбүзгө тийишип жүрүп отурдук окшойт. Тамашалар болду албетте, антпесе айтыштын кызыгы жок болуп калбайбы.

– Кубат, чынында көрүүчүлөр силерге биринен бири өткөн келечеги бар жаш төкмөлөр экен деп тамшанып турушту, калыстардын чечими менен баш байгени сен эмес Болот алып кеткенине ичиң ачышып калган жокпу? 

Кубат Тукешов: – Жоо, эч качан андай болбойт. Анткени эң биринчи бу сыйлык эмес сыймык. Болоттун утушу менин утушум, менин биринчи орун алганым Болоттун биринчи болгону. Бул сыймык жеке эле биздин эмес “Жаш таңдай-2013” айтышына катышкан 20 жаш талапкердин тең утушу. Биздин негизги максат – элдин алдына чыгып алуу эле. Эл деле билет, Жеңишбек деген Жеңишбек, Аалы деген Аалы экенин, бирок жаңы нерсени талап кылат. Жаштардын пикирин, оюн уккусу келет. Мына ушундай талап бар болуп турган учурда биз келдик. Кыскасы, бул жерде маселе биздин кимибиз кайсы орунга жеткенибизде эмес, негизгиси биз элге өзүбүздүн дараметибизди көрсөтүп, оюбузду айтып алдык. Бул айтыш бизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берди.

– Финалдык айтышта сен өзүңдү эмнеден улам алдырып койдум деп ойлойсуң? 

– Биз финалдык айтышта Болот айтып кеткендей абройубузду сактап, акындын баркы, наркы бийик экенин көрсөткөнгө далалаттандык. Экөөбүз тең ошол максатыбызга жеттик деп ойлойм.

– Бул айтышта күтүлбөстөн ооздон чыгып кеткен кандай саптарыңарды эстей аласыңар?
Болот Назаров: – Чынында биз Кубат экөөбүз бул айтышта башкаларга атайын кол салган жокпуз. Жөн гана жооп берип турдук. Эл күтүлбөгөн жоопту баалайт. Чынында көптөгөн саптар унутулуп калды. Албетте алар жаздырылып алынды деңизчи. Эгер мурунтан даярдап жүргөн саптар болгондо эсте калмак. Баса, Асылбек Маратов мага аябай сонун тийишти. Кашайып илинчек калтырган жок. Бирок мен эптеп анын бир сөзүнөн кармадым. Ал өзүн карчыгамын деп кетти. Анан мен ырдап келип:
– Айтышка келип атайы,
Жакшы кепти айтпайбы.
Карчыга болсо Асыкем,
Капталда мерген жатпайбы.
Кайранымды анан бу,
Как чекеге атпайбы,
– дегенге туура келди. Албетте бул жөнөкөй эле сөз. Бирок айтышта мына ушундай жөнөкөй жерден да кармаганга туура келип калат. Андан ары ырдап барып:
Атпай кыргыз элиңдин,
Дулдулу болсоң болбойбу.
Карчыга болуп жүргөнчө,
Кадимки кыргыз элиңдин,
Булбулу болсоң болбойбу
, – деп кутулуп кетип атпайымбы. Албетте бул сылап- сыйпап тийишүү.

Баса, Кадырбек экөөбүздүн айтышыбызда да чукулдан бир ойлор айтылып кетти. Кадырбек ак кийинип чыккан экен. Башында мен анын кийимине тийишкен эмесмин. Ал мени “шымыңды эптеп кийе албай жүрүп тапансың” деген мааниде согуп келип, “кепичин эптеп кийе албай көчөдө молдолор деле жүрбөйбү” деп укмуш тийишип алды. Көрүүчүлөр үчүн атаандашым мага кантип тийишсе ошондой жооп беришим керек да. Болбосо андан калып калган болом да. Анан мен айтып атпайымбы:
Ак көйнөгүн кийинип,
Актив келген турбайбы.
Комуз кармап колуна,
Артист келген турбайбы,
Молдолорду жамандайт,
Көрсө, баптист келген турбайбы
, – деп бул ыңгайсыз абалдан чыкканга туура келди.

– Кубат, сенин эсиңде кандай учурлар калды? 

– Мен экинчи айлампада Нурсултанга туш болуп калдым. Анан ал ырдап келип Жумгалда Мөөргө жетпей калган Болот эсен жүрөбү, кадимки Нурлан Мотуев агаң эсен жүрөбү деп атпайбы. Мен ичимден ойлонуп турдум. Эгер мен Жумгалдан көп эле таланттар чыккан, Куйручук, Калык, Мидиндер турганда Нурлан Мотуевди эмнеге айтасың деп койсом анда мен Нурсултанды кагып койгон болом. Бул жерден андан ары тема уланбай калат. Ошондуктан бул жерден тамаша чыгарыш керек болуп калды. Анан ырдап келип айттым:
Бул жерге чыгып келе жатканда,
Мотуев агам чалды эле.
Анан мага кеп салды…
Ал өзү кажы-кужу деп сүйлөйт,
Кулак-мээмди жеп салды.
Эч кимден коркпо Кубатым,
Эгер мышыгыңды бирөө “пыш” десе,
Көмүрдөн айрыйм деп калды
, – дедим да Нурсултан андан ары бул тамашаны улап кетет деп ойлодум. Мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ал кайра башка темага кирип кетти. Бир аз жаштык кылып койду. Эгер бул ойду орду менен уласак мындан аябай мыкты айтыш чыкмак.

Болот Назаров: – Сиз жана башында Кубатка досуң сени утуп кетсе ичиң ачышкан жокпу деп суроо салбадыңызбы. Бул жерде Кубаттын күчтүүлүгү мага жем салып бергенинде. Ал жогоруда Нурсултанга жем салып бергендей эле мага да ырды андан ары улап, курчутуп кеткенге биртоп мүмкүнчүлүк түзүп жүрүп отурду. Эгер акын байге үчүн гана айтышса анда өнөктөшүнүн жолун тосуп, кагып салат. Мындай учурда кагуу жеген акын жеңилди болуп эсептелип калат. Өзүңүз байкагандай бул айтышта жаштар байгенин кызыкчылыгы үчүн эмес элдин маанайы, шаңы үчүн айтышты. Мисалы, өнөктөшүңө өзүң түшүп берип, ал айтса кайра жооп берип, кайсы бир теманы ачык таштап айтышкан айтыш элди өзүнө тартат. Айтыш деле шоу. Кубат чынында элдин шаңы үчүн айтышканды жакшы өздөштүргөн. Байкасаңыз финалдык айтышта ал мага:
Калың элдин чынында,
Болотту келет көргүсү.
Өңүнө анын тийишет,
Келсе эгер акын өлгүсү
, – деп жем салып берип атпайбы. Анан мен бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып келип кайра Кубатка:
– Азамат акын айткандай,
Сен мактасаң каргаймын,
Эки жүздөн ашпай кал,
Жамандар менен баспай кал.
Караларды жек көрсөң,
Калчылдаткан суукта,
Капкара көмүр таппай кал
, – деп жооп берип, бирок ошол эле учурда жем салып койдум. Мен анын Нурлан Мотуев деген агам турганда көмүрсүз калбайм деген жооп табарын божомолдоп атпайымбы. Аны мен өзүм деле ыр менен Нурлан Мотуев агаң барында кыйналбайсың го деп койсом болмок. Бирок анда мен Кубат досума кыянаттык кылып жолун бууп койгон болуп калам. Байге үчүн айтышкан акындар ушинтип бири-биринин жолун бууп отурат. Кубат мен берген мүмкүнчүлүктү пайдаланды да кайра мага жем салып берди. Албетте мындай айтыш элдин кызыкчылыгы үчүн. Сөздүн кызыкчылыгы үчүн.

Кубат Тукешов: – Бирок баарыбир Болоттун курчтугун, тапандыгын эске алыш керек. Калыстар туура чечти деп ойлойм. Анан калса Болот келечектеги актер эмеспи. Сахнага кантип чыгышты, эмоциясын кантип жашырышты, айтор элдин көңүлүнө кантип жагышты окуп үйрөнүп атпайбы. Албетте бул анын артыкчылыгы.

Болот Назаров: – Бизди дайым эле ушунтип бирин-бири мактай берет экен деп ойлобоңуз. Бул элдин көзүнчө эле. Негизи экөөбүз жекеме жеке калганда бири- бирибиздин кемчилигибизди бетибизге айтып, сындап турабыз.

– Келечекте дагы кандай максаттар бар? 

Кубат Тукешов: – Өсүш керек, өсүш керек жана да өсүш керек.

Болот Назаров: – Эгер эки жылдан кийин деңгээлибиз азыркы “Жаш таңдай-2013” айтышындагыдай болсо анда өлгөнүбүз. Мындан жогору болуш керек.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.02.2013-ж.

Бул жерден КТРКнын айтыш тууралуу видео сюжетин көрө аласыздар – http://ktrk.kg/ky/content/zhash-tanday-2013-respublikalyk-aytysh-synagy-zhyyyntyktaldy-video

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.