Бишкекте Япония маданиятынын жумалыгы өтөт

JAPAN1
Сүрөт http://www.santour.ru сайтынан алынды

Бишкекте 9-марттан 16-мартка чейин Япония маданиятынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленип жаткандай, иш-чараны Япониянын Кыргызстандагы элчилиги дзюдо, айкидо, кэндо, иайдо, сумо, каратэ федерациялары, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору, Октябрь кинотеатры, Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борбору, Кыргыз улуттук консерваториясы, КРдагы япон тилинин мугалимдеринин ассоциациясы менен бирдикте уюштуруп жатат.

“Бир жума бою күн сайын ар түрдүү иш-чаралар, анын ичинде спорт жана жеке мушташ искусстволорунун фестивалы, кинофестиваль, “Чио-чио-сан” операсы, классикалык музыка концерти, караоке жана япон тилинде чечендик өнөр сынактары өткөрүлөт”, – деп билдиришти элчиликтен.

КНИА “Кабар”, 01.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.