Кыргыз фотоархиви

fotosaitУшундай аталыштагы долбоор иштей баштаптыр. Анын сайтына Кыргызстандын тарыхын, жалпы эле Кыргызстандагы фотографиянын тарыхын чагылдырган фотосүрөттөрдү жайгаштырылып турмакчы. Долбоордун демилгечиси Влад Ушаков билдиргендей, бул сайтка каалаган адам 2000-жылга чейинки тарыхый фактыларды, окуяларды, адамдарды чагылдырган сүрөттөрду жайгаштыра алат. “Мунун баарын каалаган адам акысыз колдоно алат. Ошондой эле pdf форматындагы китептерди жана карталарды эркин колдонсо болот”, – дейт ал “ВБ”га берген интервьюсунда.

Менимче, бул өтө кызыктуу жана пайдалуу долбоор. Миң жолу уккандан көрө бир жолу өз көзүң менен көргөн арттык дегендей, бул сайт элдин кызыгуусун жаратат болушу керек.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.