Сөз жөнүндө сөз

Алды менен адам турмушунда сөз каражатынын башталышынан, калыптаныш негиздеринен бир эки ооз маалымат.

“Дүйнөлүк тарыхтын” I томунун 36-бетинде: “Ой жүгүртүүнүн өсүшүн сөздүн өсүшүнө байланышсыз кароого мүмкүн эмес. Тил жана ой жүгүртүү эң башынан бери өз ара ажырагыз байланыштуу жана өз ара таасирлеш. Тил ой жүгүртүүнүн натыйжаларын сактап, каттап, ой бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Мунсуз коомдук өндүрүш мүмкүн эмес жана коомдун өзү коом болуп жаралбайт. Ошентип, байыркы адамзат тарыхында, ошол кездеги (адамдарда акыл эс жарала баштаган мындан 40 миң жылдан кем эмес мезгил мурда) ой жүгүртүүнүн өнүгүшүндө тилдин эмне деген мааниге ээ болгондугу түшүнүктүү. Илим, билим, техника, маалыматтык технология өнүккөн азыркы XXI кылымда тили, сөзү заман зарылчылыктарына жараша өнүктүрүлбөгөн болсо, анда ал – ошол элдин шору.

Эмгек, анын түрлөрү өнүккөн сайын сөздүн турмуштук мааниси күч алып, ошонун негизинде тилдин алгачкы башталышынын табигий түрдө өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн, коомдук байланыштар түптөлгөн, адамдар ортосунда ой бөлүшүүнүн каражаты катары тилдин байытылышына, жакшырышына муктаждыктар келип чыккан” деп жазылып турат. Муктаждык, зарылчылык болмоюн кандай гана иш болбосун адамдар ага моюн сунбайт, айрыкча тил сыяктуу талуу маселеде.

Дүйнө жүзүндө эне тилине кайдагер эл жок, болушу мүмкүн эмес. Элдик тил аркылуу эл эл болуп сакталат, түбөлүктөлөт, өсөт, өнүгөт.

Кыргыз элиндегидей ак таңдай акындык өнөр жер жузүндөгү элдердин биринде да жок.

4-январ күнү Коомдук теле-радио корпорациясы Замирбек Үсөнбаевдин, Тууганбай Абдиевдин, Ашыралы Айталиевдин, Орозбек Кутманалиевдин, Эстебес Турсуналиевдин өнөр үзүндүлөрүн тартуулап, далай элди сөз кумарына кандырды. Алардын төкмөлүк ыр саптары алдында анын жөн жайын чечмелеп айткандарындагы куюлушкан сөз ыргагы не деген керемет. Ушул “Сөздүн көркү” телеберүүсүндө мисал, үлгү кылып айтылса, элибиздин табиятына таандык сүйлөө өзгөчөлүгү кандай экендиги түшүнүктүү болот эле.

Сөздүн эне тилибизде, эки сөздүн бири орусчаланбай, таза, таасирдүү айтылышында эмне деген жалпы элдик, мамлекеттик маани жана зарылчылыктар бар?

Өткөн кылымдын 90-жылдары, азыркы кылымдын 12 жылы, ушунча убакыт бою эл, бийлик, интеллигенция, кары жаш дебей баарыбыз келечекке түздөлгөн ой жүгүртүүлөргө  багыттала албай, ар бир тарап, көп учурда теңирден тескери болсо да, өз билгенин бербеген, биригип биргелешүүнүн ордуна бөлүнүп-жарылып ыдыраган ырксыздык абалдан арыла албай жаткандыгыбыз эмнеликтен? Көп себептеринин негизгилеринин бири сөз таасиринин кем болуп аткандыгында.

Жыйындар көп, миңдеп саналат. Аларда айтылгандар көңүлгө жукпайт. Негизинен  наалыма сөздөр. Теле-радиодон айтылгандардын да көбү ошондой. Бийликтегилердин сөзү көбүнчө жымсалдама иш маалымат.

Сөз деген эмне? Сөз деген – үрөн. Аң-сезимге себилген үрөн. Таамай, таасирдүү болсо сөзсүз өз түшүмүн берет, туура түшүнүктөр калыптанат, коомдук пикир оңуна келет, эл жаңыланат, мааниси жок майда сөздөр тыйылат, сөз жоопкерчилиги сезиле баштайт, орундуу сүйлөй албай курулай опурулгандар даабай калышат, сездейт, коом тазаланат.

Сөз баккан элбиз, дейбиз. Өткөн замандарда оозуна алы жетпегендерди чогулган эл: “Токтот сөзүңдү” деп дароо тыйып, андайлардын элде кадыры болгон эмес. Азыр андай болбой жатпайбы, ой тоону козгоп опурулгандардын арааны ачылып.

Апсамат Масалиев партиянын Борбордук Комитетинин биринчи секретары. Нарынга барып калат. Башкармалар, адистер, тармактык жетекчилер чогулат. Айыл чарба маселелери талкууга алынат. Бирөөсү чыгып алып: “арыктын баарын куурай басты, жадагалса желке арыктар да жараксыз, суу жетпей эгинибиз куурап атат…” деп наалый берет. Раматылык Жумгалбек Аманбаев (ал кезде Ысык – Көл, Нарын экөө бир облус. Бул киши биринчи секретар): “Токтот сөзүңдү, Аксамат Масалиев сага барып арык чаап берсинби, эмне деп келжиреп атасың” деп оозун басат.

 Сөздүн күчү анын бүйүр кызытма айтылышында эмес, таамай жүйдө экендигине иш жүзүндөгү далилдер жетишерлик. Жакшылап талдоого алынбай, ойлонуштурулбай айтылган сөз – алсыз, пайдасыз, атүгүл зыяндуу.

Россиянын Президенти Путиндин Федералдык жыйынга деген сөзүндө: “… жакынкы жылдар бизге карата гана эмес, бүт дүйнө жүзүнө чечүүчү, атүгүл мүмкүн кескин өзгөрүлө турган мааниге ээ болот… Дүйнөлүк өнүгүүлөрдө барган сайын өйдө – төмөндүктөр көбөйүүдө. Экономикалык, геосаттык, этникалык мүнөздөгү жаңы, жаңыча жаңжалдарга жагдай күч алууда. Темир заттары, нефт жана газ деп гана эмес, ириалдыда адам мүмкүндүктөрү, акыл мүмкүндүктөрү деп атаандашуулар күчөөдө. Бирөөлөр алдыга озот, бирөөлөрү арабөк калып, өз алдынчалыгынан ажырайт, экономикалык дараметине гана эмес, барыдан мурда, ар бир улуттун эркине, дем күчүнө байланышкан абал жаралууда” деп айтылган жери бар.

Россия Президентинин бул айткандары талдоого алынып, ойлонуштурулуп айтылган сөз. Таасирдүү сөз. Ойлондура турган сөз.

Өлкөбүзгө, жер-жерлердеги абалга, учурга тийешелүү маселелер, мисалы, эл кызматындагылар, өзгөчө жетекчилер тарабынан жакшылап териштирилип, таасирдүү айта билүү жоопкерчилигине талап катуу коюлса, аткарылса жана андан улам коомчулукта ойлонуулар, ой жүгүртүүлөр, туура түшүнүк алуулар кеңири тамыр жайса, далай маселелер оңуна келип, абал азыркыдан таптакыр башкача болот эле.

Баары сөз таасиринен башталат. Бул деген адамзатта акыл эс жаралгандан берки – тарыхий, табыгий чындык. Кайталабайын, сөз башында айтылды.

Сунуш: жергиликтүү жана республикалык тармактык жетекчилер, президенттик администрациядагы, өкмөттүн өзүндөгү, Жогорку Кеңештеги кызматкерлер, депутаттар, журналисттер, интеллигенция өкүлдөрү катыштырылып: “Сөз күчү – түбөлүк зарылчылык” делип пикир алышуу ыкмасында кеп – кеңеш идеологиялык жыйын өткөрүлүп, ал элге, коомчулукка кандайдыр бир катуу таасир эткидей болсо.

Эл келечеги – жаштар. Сөз күчүнө, Сөз таасирине маани берип, макал – лакаптарды чечмелеп, абалды талдоого алып жакшы иштерди жасап аткан жаштарыбыз бар. Мисалы “Ак шумкар КУТ” бирикмесинде “Ой борбор” деп уюштурулуп, студент, чыгармачыл жаштардын жумасына эки жолку өткөрүлчү ой бөлүшүү, талкуу ыкмасындагы сабактары алты жылдан бери улантылып келет. Ушундай өздүк демилгелүү иш аракеттер бир топ. “Дил”, “Ниет”, “Пейил”, “Көңүл”, “Ырыс”, “Кут” жана башка ушул сыяктуу сөздөрдүн турмуштук маани – мазмуну айтылып, бир катар айылдарда сабактар өткөрүлүүдө. Мындай демилгелер колдоого, талдоого алынып, тыянакталып, мамлететтик маани берилип, көңүл бурулуп турса, далай жылдардан бери “идеология” деп изделип жүргөн иштер ушинтип башталат эле.

Калкамбай Ашымбаев 80 жашка келди. Элибиздин элдик сөз өнөрүнүн өзгөчөлүү жактары ушул кишинин көөдөнүндө. Көп китеп жазды. Теледен, радиодон, жогорку окуу жайларында студент жаштарга айтар сөзүн айтып жүрөт. Гезит беттеринде жарык көргөн макалаларында маани терең. Бул кишинин аракетинин уюткулуу болушун көздөп, өзүнчө атайын мектеби уюштурулуп, ага кызыккан кыргыз жаштары тартылып, Калкамбай Ашымбаевдин окуучулары, шакирттери делингендердин калк арасында карааны калың болушуна жетише алсак, элибиздин сөз өнөрүнүн учтан түпкө улантылышында түпкүлүктүү иш болгону турат.

Кенжалы Сарымсаков, журналист,
Республикалык Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү,
“ЖАНАЗЫК” 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.