Байдылда – Убайдылда, Сарногоев – Айтманбетов …

b_sarnogoevБайдылда Сарногоевдин өмүрлүк жары Зина Сарногоева менен жолугуп, ат жалында маектешкен элек. Окурмандарга ошол маекти тартуу-лоо менен, айтылуу акындын жубайы, уул-кыздары Сарногоев-Айтманбетовдун ырларын жатка билишерин белгилей кеткибиз келет.

– Зина эже, “Эстей жүрөр кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, Байдылда агайдын өзүн да, сөзүн да эскерчү эң жакын адамы сизсиз. 14-январь туулган күнү эмес беле. Аттиң, көзү тирүү болгондо 81 жашка чыкмак экен…
– Ооба, чалым тирүү болгондо быйыл 81 жашка чыкмак. Агайыңар ата-энесинен эрте калгандыктан, митирке алган киши жок, паспортуна болжол менен 1932-жыл болуп жазылып калган экен. Өмүр баяны да ушул жыл менен жазылса, көрүстөнгө да ушул жылдын эсеби менен коюлду. Ал эми так эсеп менен алганда, Таластын Кара-Ой деген айылында 1928-жылы жарыкка келген. Бул жыл менен эсептегенде 85 жашка чыкмак.

– Эже, кайсы бир жылы гезиттен “Уруум чылпак. Бирок солтонун чылпагынанмынбы же кушчунун чылпагынанмынбы, чыны билбейм” деген сөзүн окуп калгам. Кайсы чылпактан экени кийин такталдыбы?
– Ооба. Өзүн тааныштырган мындай ыры бар:
“Мен жигити болом Таластын,
Баласы болом Манастын.
Бозосу болом таруунун,
Жээни болом саруунун.
Бышыгы болом быштынын,
Кулуну болом кушчунун.
Анан асманда жанган жылдызмын,
Паспортумда кыргызмын”.

– Өз аты-жөнү башкача деп уктук эле?
– Ооба, өз аты-жөнү – Убайдылда Айтманбетов болчу. Аны биз да кийин, кайсы бир журналга өзү маек бергенде билдик.

– Чыгармачыл адамдын жубайы болуу кыйын бекен?
– Менин таякем Түгөлбай Сыдыкбеков эле. Алардыкына барып калганда тажеңем “күйөө бала кандай?” деп, “Акындар ырына жараша ар кандай кыялда болот. Аны сен туура түшүнүшүң керек. Акынга чыктыңбы, бардык нерсесине чыда, көтөрүмдүү бол” деп акыл айткан. Ошону көкүрөккө түйүп, чалыма түшүнүү менен мамиле кылчумун.

– Акыркы ыры кайсы?
– Анын баарын кызым түшүнүп, билип турам. Буту сынып, төшөктө жатканда “Бук болуп жазган арманым” деген ыр жазган.

“Жаштык кез өтүп жат болду,
Карылык мага мат койду.
Кайран бут сынып, башыма –
Карыптык түшкөн чак болду.
Жанымда жаткан кемпирчем
“Жантакбай” – деген ат койду.
Жигит кез өтүп жылт койду,
Жыргал жай өтүп, кыш болду.
Тандабай баскан таманым,
Тайгалак музга туш болду.
Самаган жакка бара албай,
Сары акын байкуш бук болду.
Үйүмдө илкип көп ирет,
Үшкүрсөм боюм жеңилет.
Үч мүнөт баскан жолдорум,
Үч айлык жолдой көрүнөт.
Энтиксем эстүү кемпирчем,
“Эс алгын чалым” – деп ийет.
Калтаңдай бассам “кас-кас” – деп,
Кайратын берет “бас-бас” – деп.
Кадырын билбес чалынын
Кемпирден деле акмак көп…
Өлүмүн тилеп жүргөн бар,
“Өлөсүң качан какбаш” – деп.
Адептүү, эстүү балдарым,
Аталап турат ар дайым.
Барктабай алар коймокпу…
Бапестеп бакса алганым
Бир гана үйдөн чыга албай,
Бук болуп жазган арманым”

– Байдылда агайдын кайсы сапатын жактырдыңыз эле?
– Шар жүрүп, чечкин сүйлөгөнүнө баа бергем. Анын үстүнө сүйлөгөн сөздөрү курч, бир укмуш эле. Чарт-чурт мүнөзү бар эле, бирок бат эле жазылып кетчү. Деги мага катуу айткан жок. Көп нерсени кенебеген, казан-аякка аралашпаган, көл адам эле..

– “Атай Огомбаев бир тууган таякеси, тайын тартып жакшы ырдайт” деп уктук эле…
– Бир тууган таякеси эмес, алысыраак таякеси болгон. Жатып калганча комуз чертип, жакшы ырдаган. Кийин деле балабыз Бахтиярга черттирип, кыңылдап ырдап калчу. Көкжалдыгын салып, гезиттерди окучу. Анан мага: “Кемпир, сен үйдө кыбырап жүрүп, көп жаңылыкты билбейсиң, а мен гезит окуп, билип алдым” деп тамашалап калаар эле. Телевизордон спорттук берүүлөрдү, жаңылыктарды көп көрүп, гезиттерди үзбөй окучу.

– “Карындашы, иниси бар” деп уктук эле. Бир туугандары жөнүндө айта кетсеңиз…
– Бир ата, бир энеден бир тууганы жок. Энелеш эки иниси, эки карындашы бар эле. Аталаш бир тууган иниси неберелүү болгондо: “небереме ат коюп бериңиз” деп келгенде, “эң башкысы кыргыз экенин унутпай жүрсүн деп Кыргызбек” деп атап берген. “Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн” деп өзү жазгандай, “кыргыз” деп өттү дүйнөдөн. 2004-жылы жерге бердик да.

“Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.