Токтобек Үсөнов. «Айдоочу арбак…»

(мистикалык аңгеме)

Ал бийлеп жатты. Күндөгүдөй эмес, бүгүн өзгөчө берилүү менен бийледи. Түнкү клубдун кызыл-жашыл, жарк-журк эткен сансыз жарыктарында ал өзүн жоготуп ийгендей болду. Дүңкүлдөгөн музыка ыргагында көңүлү жайдарыланып, башкача эргүү менен, буга чейин сезип көрбөгөн белгисиз, жүрөк толкуткан сезимдердин арасында калкып жүргөнсүдү. Узун шиштакасы бутун өйкөп оорутканын да сезген жок. Тек гана ушул бий үчүн жаралгансып, көзүн жумуп алып, бийлей берди. Көзү да эч нерсени көрбөй, бир гана музыка ыргагы анын бүтүн жан дүйнөсүн ээлеп, музыка менен бир бүтүн болуп, бир жан болуп көкөлөп уча берди. Эч качан ошол бийиктиктен түшпөй койгусу келип жатты азыр. Бирок, ушул каалгыган абалында аны тээ алыстан кимдир бирөө теше тиктеп турганын сезди. Белгисиз көздүн тиктеши, кызды каалгыган ошол калыбынан кайрып, жерге жетелеп келип түшүрүп койгондой болду.

Селт эте түшүп, эми гана ойгонгон кишидей бар тарабын кадимкисиндей сезе баштады. Айланасындагы бири мас болуп, бири арбаңдап ыксыз бийлеп, ыксыз кыйкырып жаткан ар кандай кишилерди көрүп көңүлү ирээнжип кетти. Бийлегиси келбей калды. Аракет кылып көрдү эле, колдору башка бирөөнүкүндөй өзүнө баш ийбей калдактап калыптыр. Каляндын кызарып күйгөн чогун карап, талып отура кетти да,терин аарчыды. Ушул учурда кайдандыр белгисиз бирөө өзүн тиктеп турганын туйду. Эки жагын каранып, издеп кирди. Бирде үч бурч, бирде беш бурч болуп чагылышкан жарыктардын арасынан эч кимди тааный да, аны ушунчалык теше, көзөгөндөй тиктеп жаткан көздү таба да алган жок. «Дүпө-дүп» болуп гана бийлеп жатышкан кыздар менен балдардан башка, көзүнө эч бир нерсе илинбеди. «Тыз» деген жүрөгү,  ушул белгисиздикте кандайдыр бир коркунуч бар экенин сезгендей тыбырчылап алып, дүкүлдөп кагып кирди. Саамга денесин коркунуч ээлеп, титиреп кетти. «Ухх»,-деди көзүн ушалап терең дем алып. Эсине жанагы чеккен «травкасы» келе калып, балким,  доза ушинтип «тээп» жүрбөсүн деп ойлоду. Бирок бул оюна да толук ишене албай турду. Анткени, буга чейин чеккен далай «травкалары» азыркыдай «кайф» берген эмес. Тескерисинче анда айланасын байкабай каалгып калчу. Көпкө чейин ошентип каалгып уча берип, анан аста гана өзүнө келип, тамагы кургап суусап калчу.

Мындай белгисиздиктин артында сөзсүз, кандайдыр бир нерсе бар экенин сезип жатты. Столдо жарымынан өйдө куюлуп  турган муздак сууну шашкалактап жутуп ийди да, жеңи менен оозун арчып, ордунан тура жөнөдү. «Сен кайда?» – дешип таң кала карап калган досторун да элес алган жок. Тезинен үйгө жетип, жылуу төшөккө кирип кетүүнү самап кетти.

Эшикке чыгып эле кусуп ийди. Тээ ашказанынан өйдө сыйрып келип чыгып кеткендей болгон сары суюктук, жайыла түштү жерге. Бүк түшүп отура калып дагы кусту. Спиртин ачуу дамы оозуна келип, көзүнөн жаш чыкты. Ичин бир колу менен кармап, бир колу менен көзүнө түшкөн чачын кулагына кыстарып, эки жагын каранып, демейде жайнап турчу таксилерди издеди. Өчөшкөнсүп бир да такси жок экен. Түнкү саат үчтөн өтүп калыптыр, мындайда такси кармаш өтө кыйын, ошондуктан чоң жолду көздөй басууну туура көрдү.

Клуб атайын шаардын сыртына курулган. Анткени, бул жерге текшерүү аз келет жана көп киши бул жерде ушундай клуб бар экенин биле бербейт. Мындайча айтканда, клуб өз кишилер үчүн.

Чеке-бели бак-дарактар менен курчалган ичке көчө капкара болуп, кыздын жүрөгүн түшүрүп турду, ошентсе да ал тобокелге салып баса берди. Жүрөгү жанагыдан катуулап согуп, дүкүлдөгөнү кулагына угулуп, кудум кинодогу коркунучтуу сценадай, кадам койгон сайын “дүк-дүк” эте үн чыгарат. Көзүн ирмегенден коркуп, эки жагын каранып баратты. Жанагы көз карашты эми желкеси менен туя баштады. Артка кылчайгандан коркуп турса да басыгын токтотуп, туруп калды. Белгисиз көз да токтогонсуду. Артына кылчайды. Эч нерсе жок экен. Дүпүйгөн бактар гана жалбырактарын шамалга чайпап турушат. Ичинен келме келтирди да, басыгын улады. Көз дагы эрчигенсиди. А түгүл жакын келип калгансып, ал тиктеген желкеси оюлуп, ысып кетти. Жүрөгү оозуна тыгыла түштү да,  артына шарт  бурула калды. Чын эле обочороок жерде топусун баса кийип, жаңы эле көрдөн чыккансыган бир караан туруптур карап.

– Аа! – Кыйкырып жиберди. Бирок, ошол замат оозун эки колу менен баса калды да, аптыга дем алып, денесинен муздак тер чыгып, калтырап кетти. Аста кетенчиктеп артка жылды эле, тиги караан да жыла баштады. Кыз тирүү кутулбасына эми көзү жете шарт бурулду да, чуркап жөнөдү. Тиги караан да кыймылын ылдамдатып, түптүз кыздын артынан жүрдү. Кыз жанынан  түңүлө,  киши-кара издей баштады.  Буту-бутуна  тийбей чуркай берип, чоң жолго да жетип келди. Эки тизесин таяна энтиге дем ала артына карап, көргөн көзүнө ишенген жок. Тиги караан да бир топ эле жакындап, катуу келе жатыптыр. Колунда кармаган узун таягы да даана көрүндү. Шашып кеткен кыз жардам сурап кыйкыра баштады. Кыйкыра баштаганын уккан тиги караан, жанагысынан дагы ылдамдай басып, кай бирде чуркап келе жатты жакындап. Кыз жолдун чок ортосуна чыгып, не кылаар айласын таппай, эми качса тиги кубалап жетээрине көзү жетип, бир заматта жашоодон үмүтүн үзүп жиберди. Бирок, жөн эле тура бербеши керек эле. Болгон күчү менен жанагыдан катуу кыйкырып, белгисиз эле бирөөлөрдөн жардам сурап чакыра баштады. Анын кыйкырыгын капкара түн соруп алып жаткансып, эч ким жардамга келген жок. Караан эми кыз турган чоң көчөнүн аркы четине келип жетип, элүү метрдей алыстыкта,  кыз менен бетме-бет тиктешип туруп калды.  Мына эми, ал таягын оңдой кармап, берки өйүзгө өтүүгө камынды! Так ошол маалда кайдан-жайдан машиненин жарыгы пайда боло калды. Өзүнүн өлүмүн элестете баштаган кыз жолго чыга калды да, колдорун жанталаша арбаңдата булгалап, машинени тосуп атты. Машине да билген немедей, кычырата тормуз берип, так жанына келип чаңдата токтоду. Алдыңкы эшиги ачылып, андан орто жаштагы ак жуумал кишинин башы көрүндү.

– Отур, кызым  – деди ал кыздын абалын билген немедей.

Кыз бир нерсе дегенге шайы келген жок. Шып эте машиненин ачылган эшигинен кире калды да, терезеден тиги караанды карады. Коркунучтуу караан машине келе жатканда жолдун чекесиндеги бактардын арасына жашынган окшойт, бактар гана абалкысындай шуудурап турушуптур. Кыз өзүнө келип, аптыга дем алды да, таксистке үйүнүн адресин айтып, терезени карап отуруп калды. Шофер да кызга суроо бербестен, баарын түшүнүп койгондой, тек гана аста үшкүрүп:

– Ушул заманда абайлабаса болбойт, кызым. Мындай маалда кимдер гана жүрбөйт көчөдө, – деди. Кыз унчуккан жок. “Күндө мага окшоп  түнгө калгандарды жеткирип жүрүп көнүп калса керек” деп ойлоду. Эч нерсе дебестен башын ийкеп койду, титиреген колдорун ушалап, өзүн тынчтандырып атты.

Зуулдаган такси бат эле кыздын үйүн таап барды.  Чарчап,  уктай баштаган кыз таксистин акысын берүүгө акчасы жок экенин эми эстеп, не кылаарын билбей калды. Жана клубда акчасын баарын түгөтүп койбоду беле. Кыздын ыңгайсыз абалда болуп жатканын көрүп:

– Жөн кой, кызым, – деди таксист. Анын үнүнөн эркелетүү, жакшы көрүү, аталык мээрим бар эле. Ушунча жерге чейин жеткиртип алып, акчасын бербей кетирип ийгенден уялып жатты кыз.

– Байке, мен сизге эртең берсем болобу? – деди шашып да суранып да. Таксист жылмайган мээримдүү абалынан жазбай:

– Эч нерсе болбойт, кызым. Бара бер.

Канчадан бери ушундай мээримдүү кишиге жолуга элек болчу кыз. Атүгүл  ал: “Бул дүйнөдө мээрим, жакшылык жана жакшы адамдар жок”, – деп ойлор эле. Бүтүн дүйнөнү жалаң эле зомбулук менен адилетсиздиктен тургандай түшүнчү. Ошондуктан эч кимге ишенбей да калган. Эми ал адилетүүлүк, жакшылык деле бар экенине ишенип, бирөөдөн жакшылык алып, кайра кимдир бирөөнү кубантуудан өткөн ырахат жок экенин түшүнгөндөй, жан дүйнөсү бир аз тазарып, эс ала түшкөнсүдү. Эмне кыларын билбей бир азга отурду да, жакшылыкка жакшылык менен жооп бергиси келип кетти:

– Агай, сиз мага дарегиңизди бериңиз, жол киремди эртең жеткирип берейин, – деди. Үнү да кубанычтуу чыккандай болду. Таксист ары жактан кагаз алып чиймелеп, кызга сунду.

– Чоң рахмат, агай! Эртең менен эрте, сөзсүз жеткирип берем, – деп, машинеден түштү да, кыз үйүнө кирип кетти.

***

Жакшы ойлорду ойлоп жаткангабы, айтор кыз эртең менен өзүн башкача сергек, жеңил сезип ойгонду. Баягы, секелек кыз кезиндей, көптөн бери туңгуюк болгон келечегине карата, дилинде жаңы максаттар толуп кетиптир. Ошол максаттарга жетүүдөн мурда, кечээки мээримдүү таксисттин акысын берип кутулууну чечти.

Жол киренин үстүнө да кошумча кылып, көбүрөөк акча алып үйдөн чыкканда, түш ооп калган эле. Таксист берген дарек менен бара жатып, жолдон таксисттин үй бүлөсүнө деп торт алды. Кечээ атын да сурабаптыр, дагы жакшы, өзү билип, даректин аягына “Кубан” деп атын жазып коюптур. “Демек, Кубан байке десем болот экен да”, – деп ойлоп баратты кыз.

Дарбазасы жашыл менен сырдалган, анча чоң эмес тыкыйган үйдүн жанына келгенде кыз токтоп калды да, үстү-башын оңдоп, берчү тортун камдап, эшиктин коңгуроосун басты. «Ким?» – деген аялдын үнү чыгып, таксист кишинин курагындагы аял эшикти ачты да, жооп күтүп туруп калды.

– Саламатсызбы, эже? Мен сиздин жолдошуңуздун клиенти болом, кечинде карыз болуп калдым эле. А бүгүн ыраазычылыгымды билгизейин деп келдим, эже. Жолдошуңуз үйдөбү?

Аял түшүнбөгөндөй карады.

– Түшүнбөй калдыңыз окшойт, кечирип коюңуз.  Мен кечинде кеч калып, аз жерден маняктын колуна түшүп кала жаздабадымбы. Сиздин  жолдошуңуз болбосо, эмне болот элем, билбейм. Анан мен үйүмө жетип, чөнтөгүмдү карасам, акчам жок экен. Байке да мени түшүнүп, дарегин жазып берген.

Аял деле түшүнбөгөндөй, бир нерсени эстей албай жаткандай тиктеп турду. Кыз кантип түшүндүрсөм экен деп шашып калды. Дарек жазылган кагазды эстей калып, сумкасынан алып чыкты да, аялга көрсөттү.

– Мына, ал өзү жазып, сиздин жолдошуңузбу Кубан байке? – тайтаңдап жазылган кол жазманы сунду, – Мына, карасаңыз.

Аял эми гана баарын түшүнгөндөй, «Ии» деп башын ийкеп, бирок ошол эле замат кабагын чытыды да, жүрү дегендей кызды үйгө баштап кирди.

Аял унчукпастан, кызды төргө отургузду да, чай даярдап кирди.

– Жок эже, мен шашып жатам. Убара болбой эле коюңузчу.

– Кой, кыргыз эч качан коногун куру кетирген эмес. Тамак болбосо да, эч болбоду дегенде чай ичип кет, – деди аял эми гана жан киргенсип. Антпесе кыз, аялды сүйлөбөйт го деп ойлой баштаган эле.

– Жок эже, жөн деле коюңузчу.

– Эмкилер ушинтип эле шаша бересиңер.- таарынгандай сүйлөдү аял,  – Деги шашып кайда барасыңар билбейм. Эртеби, кечпи баарыбыздын бараар жерибиз бир го акыры. Күндө эле келип жатпагандан кийин чай ичип кет, кызым.

Кечке эле каршы боло бергени туура эмес экенин ойлоп, айласыз макул болуп отуруп калды кыз.

Бир топтон кийин гана аялдын буркулдап кайнаган чайы келди.

– Кел, ал, – аял чай сунуп узатты.

– Рахмат, – чайды алып алдына койду. Аял унчукпай бир топко чайын шоркуратып ичип отурду да, анан күйөөсү  жөнүндө айта баштады:

– Кызым, сен азыр уккандарыңа ишенгиң келбеши мүмкүн. Бирок, мен айткандын баары чындык.

Ууртап жаткан чайын токтото калды кыз.

– Менин жолдошумдун каза болгонуна быйыл тогузунчу жылдын жүзү болот.

Кыз аялды аңырая карады. Аял сөзүн улады:

– Ооба, мунун баары таң калычтуу. Бирок, кудурети күчтүү Кудайдын сырлары чексиз эмеспи. Ал тирүү кезинде, түнкүсүн такси айдачу. Эч кимге жамандыгы жок, момун жан эле. Мүнөзү жумшак, абдан жакшы адам болчу.  Бир күнү адатынча жумушка кетип эле, кайрылып келбей калды. Сарсанаа болуп, милицияга берип издеттим. Көрсө, кечинде жаш балдар бир жерге айдатып барып өлтүрүп, машинесин сатып ийип качып кетишиптир, соолуп калгырлар.

Аял үшкүрө токтой калып, саамга унчукпай, жер карап отуруп калды. Кыз аялга такыр ишенген жок: «Башка үйгө келип калган окшойм», – деп ойлоду. Аял уланта берди:

– Ошентип, жалгыз калдым. Бир жыл өтпөй, үйгө кишилер келе баштады. Бири белек көтөрүп, бири акча көтөрүп дегендей. Алардын айтымында, абышкам аларды сактап калган экен. Башында жолдошум үйдө жок эле деп, алар алып келген белектерин алып, кетирип ийип жаттым. Кийинчерээк ойлосом туура эмес кылып жатыптырмын. Мен чындыкты айтышым керек экен. Келгендерге болгон чындыкты айтсам, кээ бири ишенбей кетип жатышты. Атүгүл,  мени алжыган деп урушуп кетишкендер да болду. Арбагы тынч жатпай атабы деп Куран да окуттум. Анда да болгон жок. Эмне кылсам да, келген кишилердин аягы суюлбады.

Кыз ишене албай жатты. Мунун баары  түшүндө болуп жаткандай, аялдын оозун тиктеп отура берди. Аял да кыздын абалын түшүнүп, толук ишенип алсын дедиби, же сөзүн тастыктагандай, ары жактан кичинекей кутучаны алып келип, ичинен кыздын колунда турган, таксист жазып бергенге окшош кагаздарды алып чыгып, кызга карматты. Кыз эмне дээрин билбей, оозу ачылган бойдон, дале  ушул учурдун чын-төгүнүн биле албай жаткандай, кагаздарды колуна алды да, таксисттин  дарегин, астына “Кубан” деп тайраңдатып жазып койгон кол жазманы окуду…

6-март, 2012-жыл

toktobekТ.Үсөновдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Токтобек Үсөнов. «Айдоочу арбак…»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.