Мектеп окуучулары үчүн 100 китеп

kitepter“Диалог Евразия” коомдук фонду тарабынан 2013-жылдын февраль-март айларында өткөрүлгөн “Китеп – билим булагы” аттуу тегерек столдордун катышуучулары тарабынан Кыргызстандык мектеп окуучулары үчүн сабактан тышкары окуй турган эне тилиндеги 100 китеп (балдар адабияты, жомоктор, ырлар, дастандар, аңгемелер, роман жана поэма, публицистика, тарыхый романдар, дүйнөлүк адабий классикадан тандалмалар ж.б) тизмесин түзүү сунушу түшкөн. Орто мектепти бүтүргөн жаш адамдын рухий-маданий жана көркөм-адабий жан дүйнөсү кандай болуусу керек? Бул  үчүн ал кайсы чыгармаларды окуп өсүүсү керек? Мектеп окуучусунун келечек турмушуна багыт берип, жол көрсөтүп, маяк боло турган кандай көркөм жана документалдык, тарыхый жана публицистикалык  үлгүлөрдү сунуш кылууга болот? “ДА” улуттук кеңеши мындай тизмени аныктоо жана тактоо үчүн атайын эксперттик топ түзмөкчү. Сабактан тышкары окууга сунушталуучу 100 китептин тизмеси баардык жарандардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен такталып,  Өкмөткө жана Билим берүү жана илим министрлигине сунушталмакчы.

Бул маселе боюнча 2013-жылдын 16-апрелине чейин Сиздерден ушул 100 китептин тизмесине кирүүгө татыктуу деген адабияттар тууралуу сунуштарды күтөбүз. Башка тилдерде жарык көргөн татыктуу адабий-көркөм чыгармаларды да сунуш кылууга болот. Сунушуңуздарды төмөндөгүдөй  үлгүдө жиберсеңиздер болот.

«Диалог Евразия» коомдук фонду. Бишкек шаары, Горький көчөсү, 27/1, «Б» Блок – 102, тел: 596529; 596530. Э-дарек:dabishkek@gmail.com

Соц тармактар:

One thought on “Мектеп окуучулары үчүн 100 китеп

  • 28.03.2013 at 19:24
    Permalink

    En sonun demilge! Koldoymun!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.