«Элден чыккан калемгер» конкурсуна катышкыла

kalemger

Урматтуу окурмандар, кадырман калк!

«Көк асаба» гезити 2013-жылдын декабрь айына чейин «Элден чыккан калемгер»конкурсун жарыялап, калемин жорголоткон, сөзүнүн майын чыгарган, мазмундуу макала жаза алган элдик жазмакерлерге акчалай сыйлык коюп, алардын байгелүү орундарын аныктайт.

Конкурска кабыл алынчу макалалардын мазмуну алты багытты камтыйт. Башкача айтканда, алты түрлүү рубриканын алдында окурмандарыбыздын мыкты жазмаларын гезит бетине жарыялайбыз. Конкурска жарыяланып жаткан рубрикалар төмөнкүлөр:

1. «Элиме айтаар кайрылуум» – булл рубриканын алдында жалпы коомчулукка, эл-журтка же аткаминерлерге, интеллигенцияга айтаар бугуңуз болсо, гезит аркылуу үнүңүздү жеткиребиз.

2. «Биздин айылдын мекенчили» – мында өз айылыңыздан чыккан мыкты кыз-жигиттердин, ата-апалардын өз алдынча элге, жетим-жесирлерге, муктаж болгондорго көрсөткөн жардамын, айылдагы уюштуруучулугун, активисттигин баяндаган кат-кабарыңызды жазсаңыз болот.

3. «Мен билген окуя» – эл ичинде ар кандай өнөрлүүсү, сөзгө жыккан чечени, балбаны, жырткычтар менен кармашкан эр жүрөк баатырлары, таланты тамшандырган, касиети таңгалдырган адамдардын окуясы ооздон оозго өтүп жашап келет. Ошондой эле, уламышка айланган сырдуу жерлер жана башка көрүнүштөр өтө көп. Мына ушул сыяктуу кызыктуу маалыматтарды, тарыхта калган көрүнүштөрдү бизге жазып, сиз да тарыхта калыңыз.

4. «Белгилүүлөрдүн белгисиз жагы» – кыргызда не бир таланттар жашап өтүп, не бир таланттар жаралып жатат. Эгер сиздин ата-эне, чоң-ата, чоң энеңиз, туугантааныштарыңыз качандыр бир кезде биз билген атактуулардын атаксыз окуясы тууралуу айтып берсе, же өзүңүз алардын өз оозунан уксаңыз, «Белгилүүлөр» рубрикасына катышыңыз.

5. «Сүйүүнүн көркү – теңинде» – биз укпаган, биз билбеген далай махабат баяндары эл ичинде жашап келет. Башынан арзуу бактысын өткөрүп көрбөгөн адам булл жарыкта болгон эместир. Демек, бул рубрикабызга тиешелүү макалаңызды жазгыңыз келсе, сезимиңизди серпип, көөдөнүңүздү тыңшап, качандыр бир уккан-көргөн окуяларыңыздан жазып жөнөтүңүз.

6. «Турмуштагы тамаша» – албетте мында жашоодогу жылмайткан окуялар, күтүлбөгөн жерден күлкүгө салган, кыраан-каткырыкты жараткан көрүнүштөр жазыларын түшүндүңүз. Күлкү биздин ден соолугубузга мүлк экенин айтып келебиз. Анда келгиле, тамаша айтышып, чер жазышып, турмуштук тамаша окуяларын ортого салалы! Элден чыккан мыкты калемгерлерге коюулуучу акчалай сыйлыктар:

Алты рубриканын ар бир биринчи орунуна – 5000 сом

Ар бир экинчи орунга – 4000 сом

Ар бир үчүнчү орунга – 3000 сом

Мындан тышкары, жазмакерлиги менен өтө айырмаланбаса да, турмушта болуп өткөнөзгөчө окуяны изилдеп элге алып чыккан жазмакерлерге 1000 сомдон 3000 миң сомго чейин акчалай сыйлык берилет.

ЖАЗМАКЕРЛЕРДИН ЭСИНЕ:

1. Калыстар тобу жазылган окуянын кызыктуулугуна, иреттүү баяндалышына, сүйлөм курамдарынын түзүлүшүнө, көркөмдүүлүгүнө, сабаттуулугуна көңүл бурат.

2. Макаланын көлөмүнө чек жок, бирок, кабыл алынган макалалар редакция тарабынан кыскартылып, гезит бетине негизги өзөгү, мазмуну гана берилиши толук мүмкүн.

3. Макалаңыздын аягына аты-жөнүңүздү, кесибиңизди, жашыңызды, жашаган жериңизди жана телефон номериңизди көрсөтүүңүз зарыл.

4. Конвертке кат-кабарыңыз менен кошо сүрөтүңүздү салууну унутпаңыз.

Биздин дарек:

Бишкек шаары, Тунгуч кичи району, үй 19, кв. 63. Индекс: 720048.

Салтанат Кыдырмаевага

Байланышуу үчүн телефон: 0558 72-87-78.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.