Көбүрчөк

«Күндүзү кымыз, түндѳ кыз,
Күпүлдѳгѳн эр кыргыз!»
(«Манастан»)

Кечээ жакында, мындан, жүз элүү-алтымыш жыл илгери кыргыз улутунда кеңири таркаган, (жайнаган десек да эң тѳп келишкен) чындыктын накта ѳзүн чагылдырган, бетке чиркѳѳ болбогон, тетирисинче Эрдин ( эркек танасынын) күч-кубатын  айгинелеген, сыймыгын тымызын даңазалаган адам аттары бар эле. «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда – тамам» – демекчи, жаңылануу, ѳзгѳрүү, ѳсүү, кемүү, баралга толуу, заман  агымынан озуу, мурдагы табылгаларына кошумча кошуу багытында алпурушуу  болоберчү агым тура кѳрсѳ.

…Элүүбай, Алтымыш, Жетимиш, Сексенбай, Токсонбай, сейрек кездешсе да Жүзбай аттуу ысымдар ар бир урукта, урууда, айылда кездеше берчү. Демек, ар бир эр (эркек) канча жашка келсе, ошол куракта жарык дүйнѳгѳ келген наристелердин ысымдары.

Бир чындыкты – болгондо да кашкайган күбѳѳсү даана фактыны кѳрсѳтѳ ѳтѳйүн. Азыр бар, байыркылар айтмакчы, «кѳзү тирүү» академик Оморбай Нарбеков аттуу окумал-окумуштуу медиктин чоң атасы Каработо деген адам өткөн. Жашы жүздөн ашкан курагында кемпири каза болуп, кенже баласынын колунда бой жүрүп калат.

– Ой, убал болгон турбайбы, ыя? Бул адамды үйлөнтпөсөк бизди кудай урбайбы! Али күчтөн тайый элек экен! – деп келет кенже уулу.

– Аны эмнеден улам туйдуң? Өзүнөн кеп учугу чыктыбы?

– Жок, – деди ал.

– Анан эмнеден улам минтип жатасың? – Жоро-жолдоштору, теңтуш-курбулары ушундай суроо узатышат.

– Заарасы жерди оюп, көбүктөнгөнү али жана элек экен!

– О, кокуй! Бул айтканың чын болсо…

– Чын. Кокустан карап… Назар төшөп…

– Болду, анда жайлуу жерден, ылайыктуу бүлө издештирелик. Жалпыбыз жабыла аракет жасайлык, чыгынайлык дешет.

Күйөөсү каза таап,  бой жүрүп калган Кетмен-Төбөлүк жубанды ылайык тандашат, алып беришет.  Бир жыл айланган соң, ал аял балканактай уул төрөйт. Ал кездин бир миң сегиз жүзүнчү жылдардын экинчи жарымындагы мезгилдин шарты боюнча ( көчмөн калк карманган шарт боюнча) төрөлгөн балага бир жылдан кийин гана ат коюлчу экен. Бала бир жашка толот. Атасы Каработо бакубат жашачу, колунда бардар, тай союп, той өткөргөнү элди чакырат. Сакалы көкүрөгүн жапкан, узарып белинен ашкан карыялар олтурушат салабат күтүшүп. Көпчүлүктөн баш адашат, балага ылайыктуу ат табылбайт. Күңкүл-мыңкүл көбөйөт. Ошондо Каработо ѳзү дейт:

– Жайлоодон көчүп келе жатканда, жолдо төрөлдү, туурабы?

– Туура, – дешет көпчүлүк.

– Демек, ошол “Жол” атынын аягына “Оңду” жалгайлы, Жолуоң – аты Жолон болсун! (Жолон – Жолу оң).

– Оомийин алло акбар!

Каработо жашы 113кө жеткенде күүлүү, күчтүү бойдон каза тапкан. Жолон аттуу уулу кийин чыгаан баатыр болгон.

Эми табигый суроо туулат:

– Кыргыз уулдары ( эркектери) мурда туулгандан өлгөнгө дейре бала  төрөтүүгө (жаратууга) чамасы, даремети жетсе, эмнеден улам ал кануюк (генезис) сакталбаган жана эмнеден улам жоюлган. Шыр эле экинчи суроого жооп жолдой өтөлү.

1. Шарданга салынган, баарыга бирдей маалым болгон жайыл дасторкондук, пейил тарыгандан-тарый баштады (бырышкандан-курушкан).

2. Кыргыз – Пыргызга айлана баштаганы, пастаганы…

3. Ичимдик кесепетинин ааламды аймашы! … (Онтотпос оору).

Кымыздын тунмасы (гүлү ), күчала салынган кымыздын тунмасы, чоңдугу бозтаркылдак, караталкылдактай болгон, сайсагыздан деп аталган жапайы канаттуулардын эки түрү, куут башталган өнөктүктө (мезгилде) тоо текелердин атаманы ( эң кубаттуусу! ) кырча тиштеп “күүлөнгөн” сүтүкөн сымал өсүмдүк шире сүтүнүн “күү тутандыруучусу”… көбүрчөк!… Тоо эрмен!… Таш жарган!… – Адам туулгандан көзү жумулганча, о дүйнөгө жөнөгөнгө чейин эркектананы күүдөн тайытпаган (тайгылтпаган), мен билген эле кыска, нуска маалымат ушунча. Ошолордун орточосунун бири тууралуу айтайын.

Көбүрчөк – койдун сүтүнөн жасалчу жураттын (үстүнө улак ойноп кетсе, каймагы жарылбаган жуураттын) дайыма көбүрүп–жабырып, шуулдап–дуулдап ыр ырдап, кымыӊдап-жымыӊдап, кыӊылдап-шыбырлап сыр ыргап турчу «кымыздын» бир түрү, сүрү. Кайсы кылымда жашаганы белгисиз, Талас өрөөнүндө туулган, кыйла жерлерди кыдырган, кыйла «сырларды» сыдырган, талантына сыйынган, ырлардан чачыла чачып чыгымдаар Бабыр-ырчы аттуу даркан адам болуптур. Эл ичинде сакталып (жатталып…) калган ырында, элдир-селдир болсо да, кылымдарда соолсо да,.. ушул «Көбүрчөк» жөнүндө сакталган, тапталган, катмар-катмар катталган ыр  саптардан кабар алабыз. Окурманга ооз тийгизе өтөлү:

Эр-Шерлер иччү бал тамак,
Кыргызда гана бар тамак –
Көбүрчөк ичсеӊ – салтанат!
Бейиштей чалкыйт чар тарап!
Сени периште жандайт, кайтарат!

Ичкенде жанды көлкүткөн!
Кайнатып канды мөӊкүткөн!
Ичтеги дартты өлтүрткөн…
Күч-кбат жөнүн өөрчүткөн.
«Урунарга тоо таппай,
Урушарга жоо таппай,
Сел болосуң сен каптаар!..

Учтан – Түпкө айтылар,
Ааламды
 чапчыыр даӊкы бар.
Төрт тарабы төп келген,
Дагы канчалаган шарты бар!

Өчөр отту күйгүзөр,
Өлөр жанды тиргизер.
Сүйбөс жанды сүйгүзөр,
Үйүрүнө киргизер,
Билбеске баркын билгизер…

Көбүрчѳктүн ааламы –
Канча бир соопко жарады!
Кылымдарды карытып,
Зоболо артып кадамы,
Түбөлүккө бараары
Шексиз, оув, калкка тараары!

Эр адамга күч-кубат берер, жаш курагын тартуулоочу чебер,.. жашартуучу үрѳөндү дене-тулкка себээр,.. баралына келтирээр тереӊ,.. өкчөсөӊ дайыма айкүр конор, купулга толор (!), сака болор. Жигит курагыӊды биротоло колуӊа, дооруӊа, сообуӊа кайтартып, өмүрүӊдүн аягына дейре сактап берээр, кылдат-чебер дөөлөт келер нерсенин бири, ири пири – Көбүрчөк. Койдун жаӊыдан саалган сүтүнөн жасалат. Жуурат түрүндө алгач. Уюткусуна дары-дармек чөп түрлөрү кошулуп, мөөндө ачытылат. Сүттүн (уютулар сүттүн) көлөмүнө жараша уютку кошулат, зарпталат. Муну ар бир аялзаты билет. Зирек… көӊүл кампасында барктап, баптап, сактап (тактап) жүрөт. Аӊ-сезимине түйөт!

ЭКИ ТҮРҮ ЖАСАЛАТ:

1. Үйдө (үй шартында)
2. Жайытта (койчулар салаасында)
Эки  түрүн тең түшүндүрѳ өтөлү.

1.ҮЙДѲГҮ КѲБҮРЧѲК

Козулар үйдө (жайлоо шартында) алынып калынат. Ѳзүнчѳ бөлөк, энесине кошулбай жайылат. Кеч бешимге жакын жайыттагы койлор конушка айдалып келинет. Ал кезде козулар өзүнчө жайытта (колот ичинде) болот. Саан койлор көгөнгө тизилип, четинен шашылыш оорсок, ийитилбей саала баштайт.

Эмне үчүн шашылыш?

Козулар кайтаргандарга баш бербей, энелери келер маалды сезишип, жабыла чабуулга өтүшөт. Астын тосо кайрышкан балдардын шаштысын кетиришет. Кууш капчыгайдын, колоттун ичинен улам бир ыӊгай табышып, конушту карай «жырып өтүүгө» болгон аракеттер башталат. Аккан селдей капташат. Астын тоскон балдардын шайлары оойт, шаабайлары сууйт. Улам астын тосушуп, артка кайрып айдоодон улам ырптары куруп, чарчай башташат. Козулар таш менен урганды, таяк кесегенди да тоготушпай, «чабуулдары» күчөйт. Акыры ыӊгайлуу бир жеринен жырып өтүү мезгили келип жетет. Ошондо аларды токтотууга, кайрууга мүмкүн болбой калат. Тердеп-кургап, ботола-шотала болгон балдар ызырына сөгүнүшүп, сыргыйык атышкан козулардын артынан жөнөшөт ата-энеден «тил укканга» да кайыл болуша, ар бири козулар жөнүндө жооп айтууну ичтеринен камдашып… (Мына, кечээ жакындагы эле кыргыздын турмушу»!..)

Жапкактуу (капкактуу) арча челектерге жылымык сүттөр куюлуп, уютку салынып, жамынчылар жабылып, оролуп коюлат.  Таӊ аткандан кийин ачылып, күбү (арча челек) күпүлдөтө бишкек менен ийи жеткенче бышылат. Ошондон соӊ гана кыймылдаса эле көбүрүп-жабырган, кекирсеӊ каӊылжаарыӊды «жарган» – жагымдуу жыттар коштогон, аздан соӊ ныксыратуу уланткан, жаныӊды жер тарттырган, карамыктаткан сезимдер чулгайт сени! Бул – көбүрчөктүн күчү, жагымы! Дарылык касиетидир…

2. ЖАЙЫТТАГЫ КѲБҮРЧѲК  

Койчу (чабан) эртең менен жайытка чыгаарда кол чаначтын кулагына чейин куюлган жуурат көтөрө кетет. Күнүмдүк азыгы ошо. Чоӊ шашике (шашке) оогон ченде эле анысын ичип түгөтүп салат. Керээли-кечке ачка жүрөбү? Бирдемелер менен азыктануу зарыл го, ыя? Антпесе тээ бийикте, зоокалар арасында тынбай басып, чаркөпөлөк айланган неменин ырпы куруйт го! Анын үстүнө кыркыйып арык. Тамакка тойбойт анысына карабай…

Эмне кылуу керек?

Чаначта калган айрандын жуктарынын үстүнө койлорду саап, чаначтын кулагынан өйдө көлөмгө шыпкап, анан ак кодолдун тамырынан экини, сарымсактын эки түбүн, кундуз чөптүн эки башын, көбүргөндүн ак (солкулдак) соёсун салып, күнөскө таштап уютат.  Түштө төө өркөчтөнүп аккан тоонун шар суусуна бутактары тийип, ылаалаган жылкылардай өйдө-ылдый шилтенген түрүн көрүп, чаначты анын бир жоон бутагына байлайт, сууга түбүн тийгизе. Өркөчтөнгөн суу чаначты тынымсыз сүлкүлдөтүп «бышканын» көрөт да, аны «иштетип» коёт. О-о, кыйладан соӊ чаначты алып караса, уюган жуурат супсуюк кымызга – болгондо да ичинде ар кыл майлардын бүртүктөрү бөлүнгөн (!), аралашып кааалгышкан (!), шуулдап көбүрүп-жабырган кымыздай тамактын түрүнө айланып калганын көрөт.

Бир ай бою тынбай ичет андан – көбүрчөктөн. Демейде тамакка тойбой сукулдаган, арык, тыржыйган «арбак» неме (койчу, чабан) ал-күчкө толгон, бийикке чыкса да күйүкпөгөн, кийикти кууса да демикпеген түргө келип ойноктойт.

Кийинки айда жасаган көбүрчөктүн ичинде каалгыган майларды каза-чыпкадан өткөрүп, суусундугун гана ичип, ыш ширелген каралжым майларды чогултуп үйүнө алып келчү болот кечиндеси… Ичине эч нерсе батпаган, катпаган, тынч алып дымып жатпаган кыргыз мүнөз аялы башкаларга бул сырды жаят. Уккандардан башкаларга тарайт. Уккан, көргөн жашыруун сырдан -жаӊылыктан, анын «Кубатынан курсак кайнайт» болот. «Укканын кыргыз апыртат. Шыбырын –бакыртат! Баардыгын тегиз чакыртат». Түбөлүк сактап жүрмөккө – эстеликке «катыртат»!

Кара малдардын: төөнүн, жылкынын, уйдун сүттѳрүнөн кымыз жасалат. Майда жандыктардын: койдун, эчкинин сүттѳрүнөн эмне үчүн кымыз жасалбай калган?

Көбүрчөк – кой сүтүнөн жасалган күчтүү (калорийный) кымыздын өзгөчө түрү, дарылыгы өзгөчө таӊсык (табылбас) суусундук ханы, падышасы, жаратмандыктын мөөрү. Эрди, шерди, эркектерди туулгандан өлгөнгө дейре күүдөн калтырбоочу шыпаалыктын туу чокуларынын ирилеринин бири. Үч ай бою (жайкысын) катары менен ичкен улан бүтүндөй ички дарттардан тазаланат. Бул бир.

Үч жыл бою (жайкысын) катары менен ортосун үзбөй көбүрчѳк ичкен эр: жолборстон кайра тартпаган, жоодон жалтанып артка качпаган, кур алмаздай таптаган (!), кубатын көргөн мактаган (!), кыраан бүркүт, ителги өӊдөнгөн кылдат тапталган, кылымдар угуп даӊкталган, өрнөрү өлбөс сакталган, уламыш кепке айланып, үлгүсү өлбөй баркталган көркөм чыгармага айланат!.. Орто бой адам олчойгон алптарды эбелектей көтөрүп урат. Менменсип турат!..

Ургаачы тооруйт андайды,
Алардан озоор жан барбы!..
Ушундан тукум алсам дейт,
Ойлонот дагы кандайды?
Тыяр ал барбы андайды?

Көргөндөр тооруйт андайды,
Көргөзбөй тыяр ал барбы!
Көмүскө шартты көксөшкөн –
Катындан озгон жан барбы?!
Кумары күүлөп калганбы?..
Куу дүйнө толгон арманбы?..

Бул ыр түрмөктөрү кадимки Бабыр-Ырчынын эл арасындагы бараандуу чабыты.

Жокту барга айлантар, топук кылып кармантар, жапайылык сезимди, бакма кылып-байыр алтар,.. залкар – ушул көбүрчөк.

«Бар – балпаӊ (жоомарт), жок – калтаӊ (кайсар)» – делинет кыргыз макалында. Жокко – айла жок. Колдо жокпу кой? Бар. Азыр саалабы анын сүтү? Дары экен го илгертеден, байыртадан. Башкасын айтпайлы, эжигей менен көбүрчөк жалаӊ гана койдун сүтүнөн жасалат.

Анда эмесе бүткүл дүйнө элин таӊдантаар, эрдин-эрдигин, шердин-шердигин калыбына кайтарып берер, жаштыгы кайра келер, табият коюнунундай кенен, чебер, мааниси тереӊ, акылкѳйлүгү  тапкан-белен нерсени (нерселерди) жасап, бүткүл дүйнө пенделерине кыргыз маркасы менен таркатып, сооп жаратпайлыбы, ыя? Кандай дейсиӊер бардарлар, байлар? Жөлөкчү боло аларыӊар барбы ичиӊерден?

Шыбырап айтар кеп мындай:

«Бука моюн, буура сан», намыска жараар турбасаӊ, күйүгүп, дем-күчүӊ жетпей куурасаӊ – тер алынып суубасаӊ, силерге кеӊеш-муназам: «экинчи» эмес, «бешинчи» демди да ачар, «түгөнгөн сайын түтөгѳн, түп көтөрө күчөгөн»… «жеӊилсе да багынбаган, эрк-кубатын дайындаган» анык Кыргыз-Уулу-Улуу болуу Булактарынан пайдалануусу зарыл.  Эч болбосо, азырынча: штангисттер, кикбоксинчилер, балбандар, жөө күлүктөр, булгаары мээлейчендер, тандалмалар, чыгаандар, келечектүүлөр эл аралык беттешүүлөрдүн үч ай мурдагы мөөнөтүндө көбүрчөккө «байлануусу» зарыл! Рекорддун рекордун жаратышат!

Көбүрчөк – допинг эмес, күч-кубат, жаштык сактаар, соолбос дем булагы (!!!) гана.  Атамурас! Таӊсыктыкты тирилтүүчү…

Дени сак, күүлүү, кубаттуу адам узак жашайт. Шексиз! Бул жайыт, өӊүт да чалкып жатарын эске тутарсыздар зиректер?!

Жакып МЕДЕТОВ, жазуучу, карыя,
“Көк асаба”

Соц тармактар:

Пикир калтыруу