Кыргыздын буга чейинки белгисиз болуп келген жетиген музыкалык аспабы жөнүндө маек

j_aisaevЖусуп Айсаев – музыкант, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын мугалими. Буга чейин ал улуттук аспаптардын бир нече түрүндө ойной билген чебер музыкант катары таанымал болсо, бу жолу кыргыз музыка тарыхындагы күтүүсүз табылгасы менен музыка чөйрөсүнө чоң жаңылык жаратты.

Өткөн жума соңунда «24.kg» МАнын жыйындар залында VIII эларалык джаз-фестивалы тууралуу сөз болуп, бир убакта адаттан тыш музыкалык аспапта «Кыргыз көчү» аттуу белгилүү кыргыз күүсү жаңырбаспы. Баарыбыз чокмороктошуп Жусуп Айсаев черткен сыйкырдуу музыкалык аспапка кулак төшөп калдык. Мурда көзүбүз көрбөгөн, кулагыбыз укпаган музыкалык аспапты кыргыздын улуттук аспабы деп баарыбызды таңдандырган Жусупка мырзага азын-оолак суроо берип калганга үлгүрдүк. Ал эми аталган аспатын чын эле улуттук аспап экенин изилдөөчүлөр айтаар, тарыхчылар талдаар, биз ага эч кандай кошумча кеп айта албайбыз. Биз тек гана Жусуптун айткандарына кулак түрдүк…

Буга чейин кыргыз тарыхында, маданиятында жетиген деген музыкалык аспап жөнүндө укпадык эле, андыктан анын тарыхынан кеп баштасак. Бул… кыргыздын кайдагы улуттук аспабы же синтезделип жасалганбы?

– Жетиген – эзелтен берки кыргыз эли Энесайдан көчүп-конуп жүргөндөгү музыкалык аспабы экен. Комуз же кыл кыяк куржунга ылайыкталып, көлөмү жагынан кичирээк эмеспи. Ал эми жетиген бир кыйла чоңураак болгондуктан ары-бери көчүп жүргөндө ыңгайсыз үчүн Эне Сайда калып калса керек. Кийин Совет доорунда да ага тийиштүү көңүл бурулбаптыр. Ал эми бул музыкалык аспап хакас элинде сакталып, ушу күнгө чейин жеткен. Алар аны чаткан деп аташат экен.

– Ушул көрүнүштөгү жетиген түпкү көчүрмөсүбү же мындан да көлөмдүү болгонбу?

– Болгон эң көлөмдүүсү ушул.

j_aisaev_&_jetigen– Муну биздин усталар жасаганбы же хакастардан алдырып келгениңерби?

– Бул хакасиялык Сергей Чарков деген устанын колунан чыккан аспап.

– Сиз муну менен «Кыргыз көчүн» ойногондо чыныгы кыргыз музыкасы, кыргыз колорити сезилип турат экен…

– Ооба, кыргыз күүлөрүн гитарага да салып көрүшкөн, бирок ал классикалык музыка эле болуп калчу, ал эми «Кыргыз көчүн» жетигенге салып чертсең, бул музыка өз аспабын тапкандай жаңырат же болбосо жетиген өз үнүн тапкандай туюлат. Мында кадимкидей кыргыз колорити берилет, тарыхый добуш жаңырып турат. Хакас эли менен кыргыз элинин тамырлаш, түптөш болгондугун көрсөтөт.

– Чопо чоор, темир комуз сыяктуу кыргыз аспаптары менен кошуп да ойноп көрдүңөрбү? Ансамбль болот бекен?

– Ооба, алар менен толук айкалышып калды.

– Бул табылгаңыз кыргыз элине кимдер аркылуу таанылып отурат?

– «Борбор Азия арт мененджмент» деген коомдук уюм бар, ошолордун демөөрчүлүгү менен элге таанытылууда.

– Улуттук баалуулукка келгенде эмне үчүн биздин эр-азаматтар колдоого албайт мындай аракеттерди? Сырттагы кишилер колдоп, ал эми өзүбүздүкүлөр жетигенди табылга катары көрүп, колдоо көргөзүшкөн жокбу?

– Эми бул аспап элге тааныла баштайт, ошондо өзүбүздүн аткаминерлер колдоого алат болуш керек деген ишенимдемин.

– Жетигенди Улуттук консерваторияда студенттерге тааныштырып атасызбы?

– Студенттерге анча-мынча тааныштырып атам, эми анын усулдук колдонмосун, нотасын жазыш керек.

– Жетиген өзү эмне материалдан жасалган?

– Орусиядагы кедр дарагынан жасалат экен. Ал дарактын аты кыргыздын кадимки кыдыр деген эле сөзүнөн экен. Кедр – демек, кыдыр жыгачы.

– А кылдары эмнеден?

– Уста Сергей Чарков ар түрлүү кылдарды коюп, издеп отуруп, ушу кылга токтоптур. Мунун добушу бийик, тунук, кубаттуу чыгат. Башында комуздай эле койдун ичегисинен болсо керек деп ойлойм. Эми дагы эксперимент кылып, башка кылдарды тагып көрсөк дейм.

– Кыргыз баалуулуктарын казып отурсак көп эле кызыктуу аспаптар чыгып атпайбы, мисалга, Курмангазы Азыкбаев биртоп үйлөмө аспапдарды таап чыкты эле, эми жетигенден башка да аспаптар чыгышы мүмкүнбү?

– Мен хакастардан чаткандын тарыхын сурап келсем, музыкалык аспаптарга байланышкан укмуштуудай нерселерди айтышты, көптөгөн уламыштарын уктум. Мисалы, кырк кылдан турган аспаптар бар экен. Алар чымчыктын сайраган добушунан өйдө берет дешет. Андыктан алдыда тарыхчылар, өнөрпоздор изилдей турган көп нерселер бар. Бул – кыргыз байтагынын чети оюла элек деген сөз…

Мунара БОРОМБАЕВА, «24.kg» MA, 22.04.2013-ж.

“НТС” телеканалы Жетиген аспабы тууралуу сюжет даярдашыптыр. Андан аспап тууралуу кененирээк маалымат ала аласыңар жана анын ойнолушун көрүп, үнүн уга аласыздар.

jetigen

Сюжет

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.