Бишкекте 18-24 май күндөрү түрк маданиятынын жумалыгы өткөрүлөт

turk_jumalygy

Жумалыктын алкагында Кыргызстандыктар үчүн түрк маданиятынын музыкадан ашканага чейинки түрдүү салттары көрсөтүлөт. Иш-чарага Түркиянын таанымал оркестрасынын дирежеру жана композитору Муса Гөчмен, Сема бийчилер тобу жана сүрөтчү Сафаи катышат.

Иш-чаранын алкагында 18-май күнү саат 18:00до Хаят мейманканасында (Hаyatt Regency) Муса Гөчмендин жетекчилигинде “Симфониялык рок” аттуу чакан концерт тартууланат. Концертте Муса Гөчмендин дирежерлугу жана жандуу оркестранын коштоосу менен белгилүү ырчы Каныкей өзүнүн чыгармаларын симфониялык жанрда аткармакчы. Ушул эле кечте диний мотивдерди камтыган салттуу музыканын маанилүү элементтеринин бири болгон “Сема” бийи симфониялык жанрда атайын чакырылган бий тобу тарабынан аткарылат. Мындан сырткары 18-май күнү Хаят мейманканасында Кыргызстандык “Дилбар” мода үйү тарабынан түрк зергер буюмдарынын жана кийимдеринин коллекциясы сунушталат. Түркиялык таанымал ресторан TİKE нин баш ашпозчулары түрк ашканасынын түрдүү таттуу даамдары менен конокторду меймандаса, Plus Market болсо түрк кофесин даамын таттырат. TİKE менен Дилбар мода үйүнүн көргөзмөлөрү Хаят мейманканасында 24-майга чейин уланмакчы.

Бишкектеги түрк маданиятынын жумалыгынын алкагында 19-майда саат  10:00до Бишкек Парк соода үйүндө Ататүрктүн фотосүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт.  Ушул эле күнү саат 12:00до Г.Айтиев ат. Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Сафаинин “Алар менин тирүүлүгүмө душман” аттуу кийиз бетине тартылган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Көргөзмө 24-майга чейин уланат.

19-май күнү саат 18:00до А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында композитор Муса Гөчмендин жетекчилиги менен симфониялык «Сема» көрсөтүүсү коюлат. Мунун артынан түрк жана кыргыз музыканттары тарабынан түзүлгөн Бишкек эл аралык оркестрасы менен черди жазган түрк поп-музыкалары сахнада орун алып, Бишкектик көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Оркестраны конок солист катары Юлия Руцкая коштоп, концерт бекер өткөрүлөт.

Жумалык Бишкектеги Түркия элчигилигинин колдоосу менен Орто Азиядагы алгачкы жана түз ободогу жалгыз студенттик радио Манас ФМ тарабынан уюштурулууда. Иш-чарага  Бишкек парк, Лион, Кока-кола, Хаят мейманканасы, Түрк аба жолдору авиакомпаниясы жана Демир банк башкы демөөрчү болуп, Нобель фармацевти, Plus Market, TİKE ресторандары, Дилбар мода үйү жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети өнөктөш болушту. Ал эми башкы медиа өнөктөштөрүбүз: КТРК менен ЭЛТР.

Толук маалымат: (0312) 49 27 68
эл.дарек: manasfm@mail.ru
www.facebook.com/biskekte.turkkulturu

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.