Рысбай Исаков, манасчы: “Манасчылык – бул өзгөчө өнөр, кайталангыс талант”

ryspaiРысбай Исаков залкар манасчыларыбыздын ордун баскан азыркы залкарлардын бири десек аша чапкандык болбойт. Рысбай менен маегибиз Манас тууралуу ким кандай ой жооруп жүргөндүгү, жаш манасчыларга кантип таалим-тарбия берүү керектиги, “Манас-мурас” коомдук фонду жана башка маселелердин тегерегинде жүрдү.

ЖОК ЖЕРДЕН ЖОМОК ЖАРАЛБАЙТ

 Канча жашыңдан Манас айтып баштадың? Кандайча, кантип айтып калдың? 
 “Аян болбой, баян болбойт” дегендей, жышааналуу түштөрдүн себебинен Манас дүйнөсүнө аралашууга туура келген. Болжол менен 12-13 жашымдан бери айтып келем.

 Манас тууралуу ар ким ар кандайча ой жооруп жүрүшөт. Мисалы, бири Барсбек кагандын прототиби десе, бири башканы айтат… Бири Манас болгон десе, бири элдин тилек-үмүтүнөн пайда болгон образ дешет…Сен эмне деп айтар элең? 
 “Жок жерден жомок жаралбайт” деп коёт кыргыз. “Бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт” деген физиканын да мыйзамы бар. Кыргыз өзүнүн туу карманар туткасын болгонбу, же болгон эмеспи деп күмөнсүп турган тушта, элдин эртеңине болгон ишеним өзүнөн өзү солгундай берет. Маселе Манастын прототибин издеп табууда эмес, маселе элдин өткөн тарыхына, өтмүшүнө чын дилден ишенүүдө жатат. “Манас болгон эмес” деген сайын, улуулуктун касиети качат. Ошенткен сайын, элибиздин эртеңи бүдөмүктөй берет. Демек, бул биздин элдин душмандары ойлоп тапкан нерсе. Кыргыз келечегине кайдыгер карабагандар мындай күмөн ойду өз ишениминен жоюшу керек. Мен кыргызмын дегендер эч нерсеге карабай туруп, Манас Атабыздын жомогуна ишеним жаратса гана, кыргыз келечеги жаркын жашоого бет алат…

 Манас айтууда кимди шакиртиң деп эсептейсиң? 
 “Манас-мурас” коомдук фонду ачылган 2003-жылдын аягынан бери көптөгөн окуучуларды манасчылыкка тарбияладык. Бул менин жеке жумушум эмес, жалпы манасчылардын эмгеги болду. Шакирттер өздөрү “биз баланчанын шакиртибиз” деп айтпаса, менин шакиртим бул деп айтуу туура болбой калат го.

МАКСАТЫБЫЗ – МАНАСЧЫЛЫКТЫ ЖАЙЫЛТУУ

 “Манас мурас” фонду тууралуу айтып берсең? Качан, кандайча , ким тарабынан түзүлгөн? Максаты кандай? 
 “Манас-мурас” коомдук фонду 2003-жылдын декабрь айында түптөлгөн. Негиздөөчүсү Баткен Шерниязов. Негизги максаты – манасчыларды материалдык да, моралдык да колдоого алуу. Түптөлгөн жылдан тартып ар бир айда үч жолудан жолугушууларды уюштуруп, окуучуларга сабак өтүп, манасчылар өздөрү да пикир алышып, тажрыйба алмашып келет. Бейиши болгур Уркаш Мамбеталиев атабыз жана Назаркул Сейдракманов агабыз мектепте устатчылык кылып келишти. Алардан тышкары тажрыйбалуу алты манасчыбыз жаш манасчыларга таалим-тарбия берип келишүүдө. Азыркы кезде да өз ишибизди улантуудабыз. Манасчылардын сынагын, фестивалдарды уюштуруп жатабыз. “Манас Мурас” фондунда манасчылык чеберчиликке окутуу үчүн атайын тандоо өткөрүлөт. Мында ата-энелери баласын шык-жөндөмүн байкап калып алып келип жүрүшөт, кээ бирөөлөр өздөрү келишип, манасчылыкты үйрөнгүлөрү келишет. Аларга “Манасты кантип айтуу керектигин, кайсы учурда кандай кыймыл-аракет жасоону көрсөтүп, кошумча окуу куралдары катары аудио жана видео жазмаларды колдонобуз. Өлкөбүздүн туш-тарабынан манасчылар чогулуп, тажрыйба алмашып да турабыз. Биздин фонддон тарбияланган окуучулар арасында өткөн республикалык конкурстарда дайыма биринчиликти бербей келишет. Фонддо учурда 15 окуучу манасчылык боюнча таалим-тарбия алып жатышат. Алардын эң жашы жетиде болсо, эң улуусу жетимиш жашта. Максатыбыз – элдик чыгармачылыктын бул түрүн эл арасына кеңири жайылтуу, республикабыздагы бардык манасчылардын башын бириктирип , аларга материалдык жана моралдык жактан жардам көрсөтүп туруу.

МАНАСЧЫЛАРДЫН МЕКТЕПТЕРИН АЧУУ ЗАРЫЛ

 Манасчыларга мамлекет тарабынан камкордук көрүлүп жатабы? 
 Мамлекет манасчыларга камкордук кылууга түзүк эле аракеттерди жасап жатат. Бул тууралуу мыйзамдын кабыл алынышынын өзү эле чоң жетишкендик десек болот. Жакында болуп өткөн манасчылардын эл аралык фестивалынан кийин КР ЖК төрагасы Шарипов Асылбек Жээнбекович да манасчыларды кабыл алып, бир топ чечилбей аткан маселелер ортого коюлду. Буюрса, алар да ишке ашып калат деген ишенимде турабыз. Негизи эле биздин фонд спонсорлордун каражатына жашап келет. Үч жылдан бери ЮНЕСКО эл аралык уюму бизге жардам берип жүрөт. 2003-жылы ЮНЕСКО Кыргызстанда элдик чыгармачылыкты адамзаттын баалуулугу катары тааныгандан бери биздин манасчыларды да активдүү колдоого ала баштады. Элдик чыгармачылыктын бул түрүн мындан ары да өнүктүрүү үчүн өлкөбүздүн бардык облустарында манасчылардын мектептерин ачуу зарыл. Бул үчүн мамлекет колдоого алуусу керек. Манасчылык – бул өзгөчө өнөр, кайталангыс талант. Ал бардык эле кишиде боло бербейт.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕР ТАҢГАЛЫШАТ

 Көп эле чет өлкөлөргө барып жүрөсүң, чет элдиктер Манас айтып жатканда кандай кабыл алышат экен? 
 Чет элдиктер Манаска өзгөчө сый менен аяр мамиле кылышат. Өзгөчө канатташ казак журту менен түбү бирге түрк туугандар Манас дегенде тикесинен тик туруп колдошот. Манасчыларыбыз Улуу Британияда, АКШда, Орусияда, Кытайда, Казакстанда эл аралык фольклордук фестивалдарга катышып, чет элдиктерди таңгалдырып келишүүдө.

 Сени учурда эмнелер түйшөлдүрүп жүрөт? Кубандырганычы? 
 Бейиштей болгон жерде кейиштей жашоо өткөргөн кыргыздын тагдыры түйшөлдүрөт. Кайрадан өзөгүбүзгө кайрылып, нукура кыргыз жашоо эрежесин калыбына келтирүү максатын көздөгөндөр кубандырат.

 Кичи мекениң, ата-энең, үй-бүлөң тууралуу маалымат берсең? 
 Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жээренче айылында 1975-жылдын 11-майында төрөлгөм. Он бир туугандын үчүнчүсүмүн. Уулдардын улуусумун. Азыр очор-бачар турмуш куруп, бир уул, бир кыздын атасымын.

«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий