Улуттук китепканада «Чоюке – залкар манасчы» көргөзмөсү өтөт

manas_big2013-жылдын 12-сентябрында саат 11:00 дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө белгилүү манасчы Өмүр уулу Чоюкенин 150 жылдыгына арналган «Чоюке – залкар манасчы»  аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлөт.

Көл жергесиндеги Арык уруусунан чыккан манасчы Өмүр уулу Чоюке 1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында туулган.

Анын атасы өз оокатына тың кедей адам болгон. Жөө жомокторду жана “Манас” эпосунан айрым үзүндүлөрдү айткан. Чоюке да “Манас” айтууга жаш кезинен эле кызыгып, 17 – 18 жашынан баштап “Манас” айта баштаган. 25-30 жашында эл аралап көпчүлүккө айтып чыккан.

Ал кадимки эле Саякбайдын устаты болгон. “Чоюке – чынар, мен чырпык, Чоюке – бүркүт, мен – чымчык” – деп өз кезегинде өзүнүн устатынын талантына  манасчы Саякбай Карала уулунун берген баасы эле анын алдына киши салбаган мыкты манасчы болгондугун ачык айгинелеп турат.

Манасчынын дагы бир шакирти Мамбеталы Ашымбай уулунун эскерүүсүнө караганда, Чоюке “Манасты” айтууда өз мезгилинде көлдүн төрүндө алдына эч кимди чыгарбаган. “Манас” дегенде баарын таштап коюп, ким чакырса эч токтолбостон кете берген киши болгон.

Ал айтылуу манасчылар Акылбек менен Тыныбектен үлгү алса да, эл аны өз устаттарынан да эң мыкты чебер айтат деп таасын баасын берген.

Манасчы үчилтикти “Манас”, “Семетей”, Сейтекти” толук айткан булардан башка да “Эр Төштүк”, “Жаныш-Байыш”, “Жүгөрү” сыяктуу дастандарды да айткан.

Чоюке Өмүр уулунун өз оозунан “Манас” жазылып алынган эмес. Бирок шакирттери Саякбай, Мамбеталы, Шаабайлардын варианттарын карап, “Манас” үчилтигин толук жана алардын уландысын да толук билет деп жыйынтык чыгарууга болот.

1924-жылы Чоюке Бишкекте өткөн элдик өнөрпоздордун кароосуна катышып өнөрүн тартуулаган.

Ал 1925-жылы жаз айында дүйнөдөн кайткан. Көргөзмөгө илимий жана маданий ишмерлер, манасчылар, студенттер, окурмандар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

КТРК, 10.09.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.