Густав Малердин тогузунчу симфониясы

malerМузыка, айрыкча жай сыбызгыган кайгылуу музыка жан-дүйнөңдү эс алдырат. Көр-тирилик көйгөйүнө толгон көкүрөгүңдү тазалайт.

Густав Малердин тогузунчу симфониясы

Музыка, айрыкча жай сыбызгыган кайгылуу музыка жан-дүйнөңдү эс алдырат. Көр-тирилик көйгөйүнө толгон көкүрөгүңдү тазалайт. Музыка ааламдан келген сыяктанып касиеттүү, сырдуу. Бетховен, Бах, Моцарт, Шопен, Чайковский…Эмне деген композиторлор. Классиканын дөө-шаалары. Мындай дене-бойду дүркүрөткөн музыка кайрыктарын жараткандардын бири, шумдуктуудай классикалык музыкалардын жаратманы, Австрия композитору жана дрижеру Густав Малер. Симфониялары абдан кайгылуу. Өзөктү өрттөп жиберет. Өзгөчө “Өлгөн балдардын ыры”, “Жер жөнүндө ыр” ж.б симфониялары.

Густав Малер 1860-жылы Чехиянын Калишта кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал үй-бүлөнүн экинчи уулу болгон. Анын он үч бир тууганы болот. Алардын жетөөсү Густавдын бала кезинде каза болуп калышкан. Густавдын атасы Бернгард Малер өтө бай эмес бирок бийлиги бар, тартипти катуу катуу кармаган адам болгон. Ошондон уламбы айтор Густав Малер бала кезин эскерүүлөрүндө атасы тууралуу эч бир жылуу пикир калтырган эмес. Бирок атасы каардуу болгону менен талантуу уулу жакшы музыкалык билим алышына баардык мүмкүнчүлүктү түзүп берген. Таланттуу уул атанын камкордугу менен баардык максатына жетүүгө жолу ачык болот. 1870-жылы “вундеркинд” музыкант Чехиянын Йиглав шаарынын театрында биринчи жеке концертин берет. 1875-жылдын сентябрь айында Густав музыкалык консерваторияга кабыл алынып, белгилүү пианист Юилус Эпштейндин жетекчилиги алдында сабак алат. 1876-жылы жай айларында Йиглав шаарына кайткан Густав атасына билим алгандагы жакшы баалары эле эмес композициялар конкурсунда фортепиано үчүн жазылган өзүнүн квартети үчүн жеңүүчү болуп, сыйлык ээси болуп кайтат.

Ошентип болочоктогу улуу композитор улам бийиктиктен бийиктике көтөрүлүп, жаңы симфонияларын жарата берет.

Густав 1900-жылы Парижде гатролдо жүрүп, өзүнүн сүйүктүүсү, белгилүү сүрөтчүнүн кызы Альма Мария Шиндлерди кезиктирет. Ал учурда Альма 22 жашта эле. Бул кезигүү чоң сүйүүгө айланып, 1901-жылы Густав Альманын колун сурап шакек салып, 1902-жылы баш кошушат. Ушул эле жылы биринчи кыздуу болуп, Мария Анна деген ысымды ыйгарышат. Кийинки жылы экинчи кыздары Анна Юстина жарык дүйнөгө келет. Альма бул жылдары үй-бүлөсү менен бактылуу жылдарды баштан кечирет. Бирок эмнегедир Густав жараткан “Өлгөн балдардын ыры” симфониясы чочулатчы.

Өлгөн балдардын ыры

Фридрих Рюккарт 1780-1866-жылдары жашап өткөн немец акыны болгон. Бул Густав Малер баалаган акын эле. Акын эки баласы каза болуп калгандан кийин “Өлгөн балдардын ыры” деген ырлар топтомун жараткан. Сустав Малер акындын бул ырлар топтомуна музыка жаратат. Ар бир күнү жашооңо майрам тартуулаган табиятты көрбөй өчүп калган чырактар, талкаланган бакыт, жан дүйнөнүн ыйы, азабы, кайгысы, айрылуу тууралуу жаралган ырларына шумдуктуудай симфония жаралат.

В лучах весёлых тает мгла, –
Как будто не горе ночь принесла …

Лишь в мой дом сегодня вошла беда, –
А солнце смеётся всем всегда!

Не надо ночи в тебе таиться, –
Дай мраку в вечном свете расплыться!

Светильник погас в моём шатре, –
Слава лучистой солнца игре!

Бул “Өлгөн балдардын ыры” ырлар топтомунан. Композитор бала кезинде 7 бир тууганынан айрылып, бул күндөр да жүрөгүнө так салгандыр. Бул чыгарма жаралып, арадан 2-3жыл өткөн соң 1907-жылы Густав Малердин улуу кызы беш жашында чарчап калат. Бул жоготууну композитор өзү алдын-ала чакыргандай тагдыр табышмагы болуп калат.

Жер жөнүндө ыр

1909-жылы композитор “Жер жөнүндө ыр аттуу” тогузунчу симфониясын жаратат. Бул симфония композитор каза болгондон соң атагы таш жарат. 9-симфония бул табышмактуу сан эле. Бетховен, Шуберт, Брукнер бул композиторлордун баары өздөрүнүн тогузунчу симфонияларын жараткан сөң өмүрлөрү менен кош айтышкан. Мындай тагдыр табышмагынан Густав Малер да качып кете албай, айыкпас дартка чалдыгып, 1911-жылы жарык дүйнө менен кош айтышат.

Жамиля Нурманбетова, “Кабар Ордо”, 04.09.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.