Блогдун жаңы келбети

newkmb3

“Кыргыз маданият борбору” блогунун сырткы көрүнүшүн жакында эле жаңылагандай болду эле, эмнеге аны кайра өзгөртүп жатат деген суроо беришиңер мүмкүн. Жообум – блогго киргендердин ыңгайлуулугу үчүн.

“Кыргыз маданият борборун” киргендер боюнча маалыматтарды талдап жатып, окурмандарыбыздын бир кыйласы мобилдик түзулүштөрдөн кирерин байкадым. А бирок биздин блогдун сырткы көрүнүшү ага көп ыңгайланышкан эмес эле. Блогдогу макалалар менен таанышыш үчүн ашыкча аракеттерди кылыш керек эле, же болбосо андагы материалдарды окуу кыйын болчу. Ушуга байланыштуу бардык мобилдик түзүмдөрдө окуганга жеңил болгондой теманы (жасалганы) таап блогубуздун сырткы көрүнүшүн кайрадан иштеп чыктым. Эми Ошону менен катар стол үстүндө жайгашуучу компьютерлер менен блогубузду окугандар үчүн да ал ыңгайлуу бойдон калды.

Мобилдик интернеттин күн санап өсүп, өнүгуп жатканын эске алсак бул аракетибиз окурмандарыбыздын санын өстүрүүгө өбөлгө түзөт деген тилектебиз.

КМБ

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.