Жаткан төө

Бул тамактын аталышы анын бышып жаткан учурдагы көрүнүшүнөн чыккан. Казандагы үстү камыр менен жабылган картошкалар төөнүн өркөчүн элестетет.

Jatkan_tooКеректелүүчү азыктар:

Картошка – 1 килограмм
Эт – 300-600 грамм
Жуурулган камыр – 1 чоң (же 2 кичине) жайым
Пияз – 1-2 даана (орточо өлчөмдөгү)
Болгар калемпири – 1-2 даана
Сабиз – 1 даана
Сары май – 200 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Даамына жараша туз, калемпир

Даярдоо ыкмасы:

1. Картошканы аарчып, чоң-чоң туурап алуу керек.
2. Кызытылган казанга тууралган этти салып, кызарта кууруйбуз.
3. Куурулган эттин үстүнө пияз, болгар калемпири, сабиз салынат. Бир аз суу куюп, жумшарып бышканча демдөө керек.
4. Бул учурда камырды жука жайып, бетине сары май сүйкөп, ороп алыңыз.
5. Эт бышканда анын үстүнө картошка тегиз салынат.
6. Картошканын үстүнө көмөр-көмбөс суу куюп, кайнаганча күтө туруңуз.
7. Камыр оролгон бойдон экиге же үчкө бөлүнүп кесилет (кээ бирөөлөр 3-4 сантиметрден кылып кесишет).
8. Казандагы суу кайнап чыгары менен камырды картошканын үстүнө салыңыз.
9. Орточо отто 10-15 мүнөт дымдап кармоо керек.
10. Тамак бышкандан кийин ширеси камырга сиңиш үчүн жакшылап аралаштырып, анан табакка салууга болот.

Эскертүү:

Эт кошпой деле картошка жана башка жашылча-жемиштер менен жасоого мүмкүн.
Камырына пиязды же капустаны кууруп оросоңуз андан да даамдуу болот.

«Сары-Кол»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.