Белгилүү кыргыз актеру жана сүрөтчүсү, советтик киноактер, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун көзү тирүү болсо быйыл 9-ноябрда 74 жашка чыкмак.

С.Чокморов "Дерсу Узала" фильминде
С.Чокморов “Дерсу Узала” фильминде

Канча көрсөк да тажабаган тасмалардын биринен ачуу кишенеп сууга агып кеткен атты, ташты апчый кармап “Сүлүккара, Сүлүккара” деп боздогон бүркүт кабак кишини тиктеп, катып калар элек. Экрандан эмес, өзүбүз кошо аралашып жүргөнсүп каарман менен чогуу күкүктөп аккан дайрага бой уруп, денибизди муз шыргалаңына тоңдуруп, жээкке жанталаша чыгалбай сүйүктүү жаныбарды долу агымга алдырып, Сүлүккараны эчен ирет жоктободук…

“Кино – сүйүүм, сүрөт – азабым”

Болот Шамшиевдин “Караш-Караш окуясы” фильминде Бактыгулдун образын жараткан Сүймөнкул Чокморовго кино дүйнөсү эшигин кенен ачты. Жылдызы жанып, сүрөтчүлүгү менен кошо актерлук кесипти өмүрү өткүчө аркалады. “Сүрөт менин азабым болсо, кино – бул сүйүүм” деп, фильмдеги коркунучтуу, өмүргө кооптуу кадрларды дублерсуз өзү аткарып жүрүп ден соолугунан ажырады. Көрсө, баягы көрүүчүнү арбап алган эпизод чынында ошондой тура. Эч бир жасалмасыз, табигый тартылыптыр да… Кино тартылып жаткан күз мезгилинде суучулдар Көкөмерен дарыясына формасыз түшүүдөн баш тартышып, Сүймөнкул аргымагы менен көк иримге бой урат. Күкүктөп кирип турган суу Сүлүккараны тоголото коюп, агызып жөнөйт. Актер араңдан зорго жанын алып калат. Акыры ажалга кириптер кылган бөйрөк дартын ошол саатта күчөтүп алган дешет.

“Көк серек” фильминде мал байлаган акырда көк жал карышкыр менен кармашкан Ахангул, “Отко таазимде” окшошпой жаткан эпизодду чыныгы мушташка айлантып, бети-башы көгала болуп денесинен тамтык калбаган Үтүр, “Өзбекфильм” киностудиясы тарткан “Жетинчи окто” ур-токмокко алынган Максумов… Мында дагы Чокморов өзү “чындыкка окшошсун, мени кадимкидей тепкилегиле” дептир. Бул образдарды зор чеберчилик менен киного биротоло башын сайып, жанын аябаган Сүймөнкул Чокморов гана жарата алмак. Ал эми “Жалаң эркектер” тасмасында башкы каарман Касымдын ролун аткарып атып, Токтогул ГЭСинде аскадан учуп кетет. Оор жаракат алып, ооруканага жатып калат. Бирок, айыгып чыгары менен кайрадан асканы багынтып, Бүткүл союздук кинофестивалда “Эркектин эң мыкты ролу” сыйлыгына татыктуу болду.

Мындан сырткары С. Чокморовдун катышуусундагы кинолор Франция, АКШ, Непал, Индия, Польша, Япония жана башка чет өлкөлөрдө көрсөтүлүп, көптөгөн сыйлыктарга татыган. Бир эле “Көк серек” фильми 1974-жылы Швейцариянын Локарно шаарындагы Эл аралык кинофестивалда баш байгени (фильмдеги ролу үчүн), 1975-жылы АКШ киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгынын “Чет элдик мыкты фильм” деген номинациясын, ушул эле жылы Индиянын Дели шаарындагы кинофестивалда баш байгени, 1981-жылы Сирияда “Дамасктын күмүш кылычы” сыйлыгын жеңип алган.

Өмүр сүртүмдөрү

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда азыркы Бишкектен анча алыс эмес жердеги Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Он балалуу үй-бүлөдө өсүп-чоңойду. Сүймөнкулга мектеп жашынан дарт жабышып, колдору менен буттарынын муундары иштебей, төшөктө жатып калат. Көп айлар бою ооруканадан чыкпай жатат. Ооруканадан чыккандан кийин аны агасы үйүндө карайт. Бирок, Сүймөнкул тагдырдын бул катаал сыноосуна баш ийбей, кесепеттүү дарт менен күрөшүүгө өттү. Дарыгери Вера Константиновна Гуревичтин кеңеши менен кыймыл-аракетин күчөтүп, жан кейиткен ооруга карабай атайын көнүгүүлөрдү жасап, акырындап басып кетти. Ошондон тарта спортту таштаган жок. Атүгүл волейбол боюнча спорт чебери болууга жетишти. Ал Бүткүл Союздук мелдештердин, ошондой эле СССР спартакиадасынын катышуучусу да болгон.

Сүймөнкул Чокморов киного келгенге чейин 1953-жылы Фрунзедеги Сүрөтчүлөр окуу жайына кирип, 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Министрлигинин көрсөтмөсү менен Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарындагы И.С.Репин атындагы Сүрөтчүлөр академиясына тапшырган. Аны 1964-жылы бүтүрүп, Кыргызстанга кайтып келген соң Сүрөтчүлөр окуу жайында мугалим болуп иштей баштайт. 1967-жылы 27-ноябрда СССР сүрөтчүлөр Союзуна кабыл алынган. Сүймөнкулдун чыгармачыл инсан болуп калыптанышына атасы Чокмор Ормоке уулу да зор таасир тийгизгендей. Ал колунан көөрү төгүлгөн темир жана жыгач уста болгон, ээрден тартып, бардык ат жабдыктарын мыкты жасап, өрүктөн комуз чаап, күү чертип, ыр ырдаган өнөрлүү адам эле. Ордо оюну менен улак тартышта да эч кимди алдына салбаптыр. Чокмор өмүрүнүн аягына чейин балдарына билген өнөрлөрүн үйрөтүп кетүүгө аракет кылган. Сүймөнкул ат мингендин, таптагандын, комуз черткендин, мал чарбачылыктын түрдүү сырларын атасынан үйрөнгөн. Чокмор уулун 4-5 жашынан ат жалын тартып мингизген. Мунун пайдасы кийин кинодо көп тийди. Анын ат кулагы менен тең ойногон укмуштай эпизоддору бар. Белгилүү япон режиссеру Акира Курасава: “тууганымдын ат үстүндө отурганы эле өзүнчө кино шедевр тура” деп тамшанган экен.

СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Спорт чебери, чыгаан талант Сүймөнкул Чокморов бөйрөгүндөгү айыккыс дарттын айынан 1992-жылы 26-сентябрда 53 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Атасынын атын өчүрбөй артында үч туягы калды. Тун уулу Бактыгул жаштайынан баш кошкон өмүрлүк жары Салимадан, Эргул менен Азамат кийинки жубайы Нуржандан. Ал эми элине оору менен алпурушуп жүрүп тарткан 500дөн ашык сүрөт-картиналарын, баш-аягы отуздай кино тасмаларда жараткан кайталангыс образдарын калтырып кетти.

Залкарлардын кездешүүсү

… “Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,
Жаркын талант чайпалбай да төгүлбөй,
Элестелип бүт дүйнөгө таркады,
Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй”
деген акын Жолон Мамытов ушул төрт сабы менен Сүймөнкулга кошо элибиздин портретин тартып кетиптир.

… Өлөрүнө аз калганда актер бир тууган агасы Эсенжан менен сүйлөшүп отуруп: “Төлөмүш Океев Чыңгызханды тартмакчы болуп, башкы ролду мага сунуштаган. Бирок, ооруп калдым. Ал мени айыгып кетет деп эки жыл күттү. Эгер оюбуз ишке ашканда, экөөбүз Оскарды багынтат элек, аттиң!” – деп арман кылыптыр. А чыгаан режиссерубуз эстеген сайын “Сүймөнкул өлбөсө Манастын ролун аткармак” деп өкүнүп калчу дешет.

… Төлөмүш Океев Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Кызыл алма” аттуу фильм тарткан. Анда Сүймөнкул Чокморов Темирдин, Таттыбүбү Турсунбаева Бейтааныш сулуунун образын келиштире ачып беришкен.

…Саякбай, Чыңгыз, Сүймөнкул. Кандай гана ысымдар?! Чокморов Саякбайдын сүрөтүн укмуш кылып тартып салган. Ал эми экранда Чыңгыздын каармандарына Сүймөнкул жан киргизди. Залкарлардын бир мезгилде кездешүүсү, чыгармачылыкта да, турмушта да бирин-бири сүрөп, толуктаган ирмемдери… Тагдыр мындай кеңдикти дайым эле тартуулай бербейт.

Нурзада Ташбаева, «КАБАР ОРДО», 23.10.13

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.