Эралиев: Өмүрүнүн акыркы жылдарында Токондун маанайы чөгүңкү эле

t_daiyrbekov

Талант куюлган сымаптай алаканыбыздан төгүлүп кетти. Биз, кыргыздар, Токон Дайырбековдой талантты күтө албадык. Баалай албадык. Жашообузга көрк берген жалбырак эрте үзүлдү. Бу дүйнөдөн эрте көзү өтүп кетти. Шамалдай болуп өттү. Жашоосу күз мезгилиндей дирилдеп муңдуу болуп өттү. Кадимки кинодогудай тагдырды баштан кечирди. Бизге бүгүн Токон Дайырбековду замандашы, жакын досу белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев төмөндөгүдөй эскерип берди.

Токон Москвада Эдигейдин образын жараткан

Токон экөөбүз Москвада бирге окуганбыз. Жыйырма чакты бала Москвага окуганы барган. Токон ошолордун арасында өзү дагы, кыялы дагы адамга жылуу мамиле кылган, жүрөгү, колу ачык бала болчу. Экөөбүздүн мамилебиз аябай жакын эле. Ошол кино тартуу ойдо жок кезде эле мен сенин киноңо тартылам деп айтып калчу. Мен 1989-жылы “Шайтандын мөөрү” деген тасманы баштагам. Ошол жерде Назар аттуу каарманды Токонго арнап, анын баскан-турганын, сүйлөгөнүн, кыялдарын элестетип, сценарийин ошого ылайыктап жазганбыз. Ал Афганистан согушуна катышып келген досу үчүн өлүп калган каарман. Башкы ролду Абдымалик Шерматов ойногон. Анын досунун образын Токон Дайырбеков жараткан. Ушул ролду Токон аябай мыкты ойногон. Токондун таланты ачылбай кетти дегенге кошулбайм. Ал кезде башка система болчу. Ар бир кинотеатрда фильмдерди көрсөтүп, гезиттерден, теледен, журналдардан Чокморов, Шамшиев, Океев деп эле күнї-түнү айта берчү. Элдин аң-сезимине кирип кетчү. Азыр ошондой болбой жатат. Ага татыктуу деле актерлор жок болуп жатат. Татыктуу режиссерлор, операторлор жок болуп жатат. Азыркы замандын терс жагы идеология жок. Жаңы муун алсызыраак болуп жатат. Ошо сыяктуу Токондун аты-жөнү да басма сөздө жакшы айтылбай калды. Менин оюмча Александр Баталов койгон “Кылым карытар бир күн” спектаклинде Токондун таланты абдан ачылды. Оскар сыйлыгын алган “Москва көз жашка ишенбейт” ж. б тасмаларда изи калган А.Баталов Токондун жетекчиси болгон. Ошол спектакль коюлганда Токон Эдигейдин образын жараткан. Ал спектаклди кыргыз эли көрбөй калды. Москвадан москвалыктар көрдү. Кинонун каймактары Сергей Бондарчук, Сергей Герасимов деген дүйнөгө атагы чыккан кинорежиссерлор көрүп, Токонго чоң баа беришкен. “Ушундай жаш, темпераменттүү мыкты актер экен. Чалды дагы, жаш жигитти да ойной алат экен” деп таңгалышкан.

Үй-бүлөсү. Тагдыры

Токондун биринчи жубайы москвалык Таня деген аял болчу. Мен аны менен таанышкан жокмун. Бир күнү мага айтпай конокко барабыз деп ырчы кызыбыз Токтобүбү Черикчиевага алып барган. Мага мактанган сыяктанып келинчегим деп тааныштырды. Экөө көпкө деле жашашкан жок окшойт. Ал учурда Токтобүбү Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткарып атагы чыгып турган учур болчу. Мен мурун орус аялы менен барып келип жашап жүргөнүндө “Токон, сага бир татынакай кыргыздын кызы жокпу? Балдарың кыргыз болбой калат” десем, биртоп убакыттан соң Токтобүбүгө алып барып экөөбүздү тааныштырды. Дагы бир жаш кыз менен үй-бүлө курду, бирок ал жубайын көргөн жокмун.

Уулдары Манас менен Алманбет

Биринчи жубайы Танядан төрөлгөн балдары менен биз Токон каза болгондо тааныштык. Уулдары Манас, Алманбет. Азыр бири Америкада, бири Москвада турат. Атасынан өткөн аябай келишимдүү балдары бар экен. Бир уулунун кыргызча сүйлөгөнү кубандырды. Мен уулу Манаска атаң экөөбүз жакшы достордон элек, байланышта болуп туралы дедим.

Токон экөөбүз абдан жакшы достордон элек. 50 жылдык тоюма чакырсам ал келбей калды. Сөзсүз келем деп буту ооруп келбей калды. Сен эмне үчүн келбейсиң, досум деп жүрсөм сен келбей койдуң деп таарынсам, “ой Заке, бутум шишип кетип басалбай калдым, болбосо кантип барбай коеюн” деп актанып калды. Токондун “жинди сууга” жакыныраак бир кемчилиги бар эле. Ошол кемчилиги түбүнө жетти. Бекин Сейдакматов досумду да “ой, сен кыйын актерсуң, сенден кыйын актер жок” деп мактап ичирип атышып, анын да тагдыры жаман бүттү.

Акыркы жылдарында…

Анын акыркы жылдарында экөөбүз кайсы бир жерде бирге болдук. Анан ошол жерден чыгып шаарды аралай биртопко дейре бастык. Негедир жашоодон көңүлү калгандай маанайы чөгүңкү экен. “Театрда иштеп жатасың, кудайга шүгүр, уучуң куру эмес орус аялыңдан балдарың бар, кыргыз аялыңдан балдарың бар, дагы үйлөнөсүң, эмне арманың бар” десем, “Ээ, адамдын башына арман табылбайбы, арман деген ар бир башта болот экен да” дегенде таңгалдым. “Көп болсо элүү жаштын тегерегиндесиң. Эмнеге кайгырасың, 70те болсоң өмүрүм өтүп кетти, эч нерсеге жетишпей калдым десең мен түшүнөт элем. Сен киного тартылып жатасың, театрда ойноп жатасың. Жакшы көргөн күйөрмандарың толтура” деп кєўїлїн кєтєрїїгє аракет кылдым. Тамаша сөздөрдөн айтып, кичине өзүнө келсин деген ойдо болдум. Бирок ошого карабастан муңдуу турду. Мурун абдан шайыр, ачык, түз жүргөн жигит эле. Болот Бейшеналиев экөө аябай жакшы болчу. Мен таңгалчумун, Болот Бейшеналиев канчада, Токон канчада, ортодогу айырманы карабай Болот байкени сен деп сүйлөчү. Менин “Шайтандын мөөрү” деген киномдо экөө тартылып калды. Бирөө академиктин образын жаратса, бирөө досун сатпаган, досу үчүн өлүмгө чейин барган каармандын ролун ойноду. Экөө бир бөлмөдө жатышты. Кээде экөө аша кетип калчу. Мен токтотпойсуңарбы, бул жакта кино тартылып бүтпөй жатса деп ачууланып барам. Ал тасманын биртобу тартылып, 1991-жылдар болуп калган. Азыркы актерлор көп анчалык ичпейт. Ар бир киши акчасын эсептеп калды. А мурун союз мезгилинде заман жыргал болчу, жашоо жеңилирээк эле. Бир жолу экөөнүн бөлмөсүнө кирип барып Боке сенин досуңбу же атайылап жасап жатасыңбы десем, жок-жок деп кадимкидей сестене түштү. “Эй Болот байке, тур, Замир туура айтып жатат, жакшылап иштейли” деп өзүнө келе түштү. Бул адамдын жоопкерчилиги да. Ошону эстеп аябай сүйүнөм. Советтер Союзунун бир жаман жери, жинди суу адамды жеңип, кыйнап жок да кылып жиберчү. Ошого карабастан ошол замандын актерлорунун таланты да аябай кыйын болгон. Алар акча үчүн иштеген эмес. Азыркылар акчага иштеп калды. Эмнени ойноп жатышат, кандай ойноп жатышат баарыбир, акча болсо эле болду.

Эмил Борончиев, актер: Кайран талант арманда кетти

– Током башка артисттерге окшоп майдаланып той алып барып тамада болгон жок. Чоңдорго кошомат кылган жок. Анын сейрек кездешчү күчтүү таланты эл-жеринде бааланбай калды. Анын деңгээлиндеги фильмдер тартылбай калды. Кыскасы, ал өз мекенинде капаска түшкөн куштай болуп жүрдү. Кайран залкар, кайран талант арманда кетти. Азыр бийликтегилердин эсинде Током барбы-жокпу айта албайм. Токон Дайырбеков чоң тасмаларда тартылса, кыргыздын эле эмес, Борбор Азиянын жылдызы болмок.

“Лифти бар үйдөгү тепкичтер”

Режиссер Аман Камчыбеков тарткан “Лифти бар үйдөгү тепкичтер” деген кыскаметраждуу тасмада эки байбиче, Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова көп кабаттуу үйдүн тепкичи менен бараткан тасма эсиңиздедир. Ал тасмада каратэнин кыймылдары менен жогортон төмөн түшүп, ылдыйдан жогору чыккан кимоночон узун чачтуу жигит жолугат эмеспи. Токон Дайырбеков кичинекей ошол ролу менен “жарк” этип көрүүчүлөрдүн эсинде калган.

Токон тартылган тасмалар

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токон Дайырбеков 1959-жылы Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 1979-1982 жылдары Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда билим алат. 1982-1997-жылдары “Кыргызфильмде”, андан соң “Кыргызтелефильмде” иштеп, көптөгөн образдарды жараткан. Токон Дайырбеков 52 жашында мындан эки жыл мурда 2-августта мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал “Акбаранын көз жашы”, “Ак илбирстин тукуму”, “Чыңгызхан” (Италия), “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” (Россия), “Шайтандын мөөрү”, “Ысык-Көлдүн бешбармагы” жана башка отуздан ашуун кинодо кайталангыс образдарды жаратып кетти.

Жамиля Нурманбетова, «КАБАР ОРДО», 17.10.13-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.