Жетим жүрөк кумда жатат кыймылсыз…

li_bo

Кытай маданияты Тан династиясы бийлик жүргүзгөн (618-907-жж.) доордо айрыкча гүлдөп-өсүп, миңдеген таланттарды берген. Ал сүрөткерлер кытай адабиятындагы “Алтын кылымды” жаратышкан. Салттуу чыгыш адабиятынын классик өкүлү, кытай элинин көрүнүктүү акыны Ли Бо ошол Тан доорунда жашап, “акын-пайгамбар, сөздүн улуу устаты” деген баага татыктуу болгон.

Ли Бону замандаштары менен достору “дервиш сянь” дешчү. Даосизмде сянь – табияттын жана дүйнө жаралышынын сырын билүүгө умтулган, түбөлүк жаштык менен өлбөстүккө каражат (же ыкма) табууга аракет кылган адам. Мындай адамдар бизге окшогон жөнөкөй пенделерге жашоо жыргалынан кечкен безерман, апенди, көз боемочу, сыйкырчы болуп сезилиши мүмкүн. Сянь көртирилик туткунуна байланбайт, азат, эркин өмүр сүрөт. Ал ар кандай бийликке көз каранды болбой жаратылышта да, коомдо да, эң башкысы өз жалгыздыгында ар кандай турмуш азгырыктарын тыя билип, каалоо, напси, кумар бийлигинен оолак жашайт. Ли Бонун өмүрү так ошондой болгон. Сянь табийгат сырларын аңдай билген касиетке эгедер. Ошол сапаттарга ылайык, Ли дагы өлбөстүктүн дарысын табуу ниетинде чөптөрдү сокуга жанчып дарыларды жасай жүргөн.

Анын табышмактуу сырга толгон өмүрүн (701-762-жж.) укмуштай уламыштар коштоп жүргөн. Атүгүл жарык дүйнөгө келгени да суктанарлык аңыздарга бай экен. Ли Бо төрөлөрдө энесинин түшүнө бир чоң ак жылдыз кирип, ошондуктан баланын атын Тай Бай (Улуу ак мөңгү же Чолпон жылдызы) деп коюшкан. Дагы бир уламада Ли Бо Тай Бай жылдызынан туулган деп айтылат. Бирок Ли Бонун өмүрү жөнүндө так маалыматтар аз, болгону туулган жери жөнүндө эки жоромол бар. Биринде ал Кытайдын Сычуань провинциясында Цинлян кыштагындагы Шу деген жерде туулган делет. Экинчи жоромол, кызыгы Ли Бо Кыргызстанда, азыркы Токмок шаарына жакын байыркы заманда Суяб деп аталган жерде туулган.

Ли Бо беш жашынан окуй баштаган. Адегенде эсеп чыгарганды үйрөнүп, андан соң ойчулдар жана акындар менен таанышат. Конфуцийдин жолун жолдоочуларды окуп, кытай тарыхын жана адабиятына кошо коўшу мамлекеттердин тарыхын өздөштүргөн. Көп тил билген. 15 жашынан даосизм жана буддизм менен таанышкан. Он жетиге чыкканда Ли Бо Миншань шаарындагы элден безген дервиш Дун Яньцзыга келет. Аныкында бир нече жыл туруп, андан кийин жер кезип, көп окуп, лютна аспабында ойноп, ыр жаза баштайт. Ал эреже-жосунду, калыпка салынган шарттуу жашоону танып, руханий дүйнөгө, бөтөнчө дүйнөгө умтулуп, өмүрү тынымсыз изденүү менен өткөн.

Ли Бо 20 жашка келгенде чиндүү кызмат сунуш кылынат, бирок ал кызматтан баш тартат. Ал жапан жаратылышка суктанып жер кезип кетет. Эмейге, Дайтяньшань тоосуна, Ушань тоосундагы эң бийик чокуга чыгат. Бирок жашоону чексиз сүйүп эргиген акын жалгыздыктан да тажайт. Кайрадан жер кезип кетет. 742-жылы борборго келет. Аны ак сарайга акындыкка чакырышат, атактуу “Ли Бо” стилинде ырлар жазууну тапшырышат. Эркин жүрүп, эркин ойлонгон акын императордун “алтын торунда” буулугуп, 744-жылы ак сарайдан чыгып кетет. Ошол доордогу Кытайдын экинчи борбору болуп эсептелген Лоян шаарына барып, улуу акын Ду Фуга кезигет. Ду Фу Ли Бонун ээ-жаа бербей ташкындаган талантына абдан суктанган.

Жер кезип, кадимки турмуш-тириликтен безип өмүр сүргөн акын жашоодон ушунчалык көңүлү кайт болуп, бу опасыз жалган дүйнөнү 762-жылы таштап кетти.

Ли Бо пейзаждын чебер сүрөткери. Ак мөңгүлүү улуу тоолордо, бийик чокуларда ай астында отуруп шарап ичет, ай астында отуруп ырлар жазат. Шамал, бороон, лотос гүлү, дарыя, ак бубак, шүүдүрүм, айтор, табийгаттын не бир сырлуу кубулушу, өмүрдүн кыскалыгы, мезгил закымы, баары, баары ай астында ырдалат.

Туу чокуга чыгып баратам

Шу жеринде ыйык чоку аз эмес,
Бирок баары Туучокуга жетеби?
К
өргөн жандан сурайт элем, ал элес
Көрк береби, көңүлүңдөн кетеби?

Асман мелжийт, туш-туш жашыл туңгуюк,
Миң кубулган зор дүйнөгө суктанам.
Жаным жыргап таң нуруна куюнуп,
Сырга канам, кайрат алам, шыктанам.

Күүгө салып булуттардын күүлөрүн,
Эмей тоонун чертем сыйкыр кылдарын.
Буга дейре батынчу эмес кыялым,
Эми мына, кєрдүм анын сырларын.

Таптым издеп. Алдым булут нурларын,
Жалган дүйнө жоголду бул жолдордо.
Бараткансыйм ак козуну мен минип,
Ак жарыкка, айкалышкан колдорго.
724-жыл

 

Талчыбык шоораты

Талчыбыкты ырдай кой,
Толо чөйчөк куяйын.
Тал шагында куштардын,
Таңшыганын угайын.

Куштар түнөйт шактарга,
А сен үйгө түнөйсүң.
Жалындаган от күйүп,
Жашообузду сүрөйсүң.
726-жыл

Лушань тоосундагы шаркыратма

Кайнар тоодон көк буу көккө бууланат,
Бийик тоодон шаркыратма куланат.
Агыш тарам Саманчынын жолундай,
Көктөн Жерге күмүш түстүү суу агат.
726-жыл

(Ли Бонун ырларын которгон Эрнис Турсунов)

Ташбаева Нурзада, «КАБАР ОРДО», 22.10.13-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.