“Баардык жакшы иштер Манас ордодон башталат”

manas_ordo

Чексиз көк асмандай же чалкып жаткан океандай Манас темасын айтып да, жазып да бүтө албайсың. Манас тууралуу жазуу үчүн кагаз калем кармаганда сөзсүз бир касиетти сезесиң. Үстүңдөн жүк баскандай кыйналасың. Манас ордого зыяратка келген адамдар Манас Атанын касиетине таазим этип, табынып, улуу рухтарга багыштап куран түшүрүп, көкүрөктөрүндө багып жүргөн асыл мүдөө тилектерин Алла Тааладан кабыл болушун дил уютуп тилек кылышат. Жан дүйнөлөрүн акактай агартып, жан дүйнөлөрүн рух күчүнө ширетип, канат жигер байлашат. Теңир жалгап, Манас Атанын касиети даарып, тилек максаттар орундалышын тилешет. Биз ошол ыйык жайды басып, Манас ордо комплексинин башкы директору Ормош Чоюнбаев менен маек курдук.

-Ормош ага Манас ордо мазарлуу ыйык жай. Бул жерде байма-бай маданий иш-чаралар өткөрүлүп тураарына да баам салып келебиз. Ордодогу жаңылыктар тууралуу айта отурсаңыз?

-Манас ордо комплекси 1995-жылы “Манас” эпосунун миң жылдык мааракесинен кийин Мамлекеттик “Манас Ордо” комплекси болуп негизделгени көпчүлүкө маалым эмеспи. Белгилүү саясатчы Болот Шердин демилгеси, аракети менен 2001-жылы “Манас Ордо” комплексине “улуттук” статус ыйгарылган. Манас ордо комплекси бюджетке өтүп, ошондон тарта көп жакшы иштер жүзөгө ашты. Бул жерде иштегендердин айлык акылары азда болсо көтөрүлүп, аткарылбаган максаттарга жеттик. 25метрлик Манас атанын эстелиги акыл кошчуларынын, чоролорунун эстелиги орнотулду. Каныкей апанын ыйык булактарына жаңы комплекс курулуп жатат.

Ооба Манас ордодо ар кандай коомдук иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат. Жакында эле манасчылардын үч айлык Манас айтышуусу болду. Күнү-түнү тынбай Манас айтылды. Манасчылыкта мейли айтууда, мейли угууда чоң касиет бар. Байыркы доорду көздөй аттанасың. Рухтарды көздөй аттанасың. Өзүңдү жоготосуң. Ошол эле учурда угуп жаткан адам да кандайдыр бир деңгээлде транска кирет. Ар бир кыргызда Манастын каны бар. Каны жүгүрүп турат. Манасты айтуучу да, угуучу да кандайдыр бир кубулуштарга дуушар болот. Манас айтылганда чечилбеген маселелер, көйгөйлөр чечилип, рухтар жардамга келгенсийт. Адам касиетке кандай ишенсе ишеничи ошондой ишке ашат. Ар бир адамдын башында көйгөй бар. Бирөөлөр жеке жашоосунан, кээ бирлер ден-соолугунан аксайт. Ошолордун баары ыйык жайга келип кадимкидей курмандыгын чалып, түлөөсүн берип кеткен соң, бир касиеттин жардамы менен жолдору ачылып, ооруларынан сакайганын айтып, касиеттүү жерге сыйынып дагы келип түлөө өткөргөн адамдар арбын. Манас атабызга болгон жүрөктөгү ишенич, үмүт элди тынбай агылдырып өрөөнүбүзго чакырып турат. Жакынкы чет мамлекеттерден келгендер “Манас ким?” деген суроолору менен келишет. Биз колубуздан келишинче кеңири тааныштырганга аракеттенебиз. Музейди көрүшөт. Орус, кыргыз тилиндеги Манас ордо комплекси тууралуу китепчелер таратылат. Таңдан-кечке ордодо Манас айтылып турат. Негизги максатыбыз келген элге Манас ордого киргенден чыкканга чейин жакшы аура тартуулоо. Жакшы кызмат көрсөтүү. Ошондой эле биздин кызматкерлерибиз тамеки чеккендерди, жаман сөз сүйлөгөндөрдү тескеп турушат.

-Азыр күркүрөгөн күз айы болгондуктан адамдардын агымы көбөйүп, күнүгө үйлөнүү тойун өткөрүп жаткан жаштар ыйык жайдын көркү болуп турса керек?

-35-40 чет мамлекеттен адамдар келет. Айрыкча Индиядан, Голландиядан, Финляндиядан, Австриядан, Швейцариядан, Белгиядан, Болгариядан, туристтер келип турушат.

Айрыкча Талас элине жакшы салтка айланды. Бир жагы Көк-сай айылынан тартып Талды-Булак, Көпүрө-Базар айылдарынан бери келишет. Алыстан келген конокторун Манас ордону көрсөтмөйүн узатышпайт. Үйлөнүү той өткөргөндөрдүн 95-96-пайызы Манас ордого келип сыйынып кетишет.

Кол кармашып турмуш жолуна бирге түшүшкөн жаш жубайлардын Манас ордого зыяратка келип, Айкөл Манас, Каныкей эне, Бакай баба баш болгон кыргыз элинин касиеттүү рухтарынын арбагына куран түшүрүп, жараткандан жакшылык тилеп, айкөлдүн ордосунан аксакалдардан Акбата алышы бизди кубандырат.

-Мазарлуу жайдан түлөө өткөрүп, тиленгендердин көп экенин байкадык?

-Түлөөканада түлөөсүз күн болбойт. Жума сайын 16-17 түлөө өткөрүлүп турат. Күн сайын Талас өрөөнүн баш аягынан зыяратчылар келип түлөө өткөрүшөт. Нарындан, Токтогулдан, Ысык-Көлдөн, Жалалабаттан, Чүйдөн, Оштон, бир тууган казак элинен Манас ордого зыяратка келишип, түлөөканада түлөө өткөрүшкөндөр арбын. “Кудайдын кулумун, Мухамед салоллоху алейхи оссаламдын үмөтүмүн”, деп улуу жаратканга сыйынып, Манас атанын, ата-бабанын арбагына багыштап куран түшүрүп, баабедин айтып түлөө өткөрүшкөн мусулмандарга “Түлөөңөр кабыл болсун” деген тилек жолдонот.

-Сиз касиетүү бул ыйык жайда эмгектенгениңизге сегиз жылдын жүзү болуптур. Жүрөгүңүз, жан дүйнөңүз менен бир сыйкырды сездиңизби?

-Манас ордого жөнөкөй эле адамдар келе берейт. Манастын өзүн, рухтун өзүн түшүнгөн адамдар келет. Мен алгач келген жылдары бул жердеги сыйкырлар тууралуу адамдардын айткандарын угуп, бир оорулуу адам сүйлөп жаткандай түшүнчүмүн. Анан акырындап баарына түшүнө баштадым. Жылдан-жылга кызыгуум артып, окуп, изилдеп Манас ата касиетин толук излдебесем да түшүнүп калдым. Анткени кадимкидей нурдун түшүп жатканын көрүп жатам. Тиленип келип, зыярат кылган адамдардын ишеничи акталганын көрүп кантип анан ишенбей коё аласың. Ар бир кыргыз кулуну чоң ишке атанаар алдында Манас атанын арбагына таазим этип иш баштаса, арбактар алдында абийири таза болсо ийгиликтерге жетишет. Кудай буйруса кыргыз элинин келечеги жакшы болот. Бул жакшы күндөргө аз эле убакыт калды. Баардык жакшы иштер Манас ордодон башталат.

Түбөлүктүүлүк

“Түбөлүктүүлүк” сүрөтү музейдин чыгыш тарабында бүтүндөй дбалды ээлеп турат. Автору Жоомарт Кадыралиев. Үстүңкү фондо Жакып менен Чыйырды Көк ө Теңирге жалынып, уул сурап турганы. Ал эми кызылдын үстүндө Манастын колдоочуларынын коштоосунда төрөлүшү. Кийинки катарда Алтай жерин душмандардан бошотуу салгылашы чагылдырылган.

Он беш жашар Манас чоролордун коштоосунда ак кийизге салынып хан болуп шайланышы берилген.

Кийинки көрүнүш-Кыргыздардын Алтайдан Алатоого көчүп келе жаткан улуу көчү: астында жоокерлери, артта ак элечек энелер. Улуу көчтө ак мөңгүлүү Ала-тоо кыркалары көрүнүүдө. Оң-сол тарабында Манастын ички душмандардан жарадар болушу жана Каныкейдин Манасты куткарып алуусу. Ортодо Манастын хан өргөөсү. Манас менен Каныкейдин элден бата алган кезинен көрүнүш. Алдыдагы жети баатыр: Манас, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек сыяктуу чоролору менен эң акыркы жолу Чоң казатка аттанып бараткандагысы. Астындагы эки кабылан Манастын колдоочулары. Эң акыркы горизонтто Манастын чоролорунун бири Ырамандын ырчы уулу Каратай Манас өлгөндөн кийин анын басып өткөн жолун, эрдиктерин даңазалоодо. Астындагы эки кабыланМанастын колдоочулары. Эң акыркы горизонтто Манастын чоролорунун бири Ырамандын ырчы уулу Каратай Манас өлгөндөн кийин анын басып өткөн жолун, эрдиктерин даңазалоодо.

Кароол чоку

Кароол чоку ордо комплекстин өтө баалуу жана ыйык жайларынын бири. Сымаптай болуп Талас өрөөнүн баш аягына созулган Талас дарыясы, кундуздай кулпурган, көркөмү өзгөчө Талас токойу, келберсиген, касиеттүү кең Талас Кароол чокунун үстүнөн алаканга салгандай даана көрүнөт. Учурунда Айкөл Манас ар дайым өрөөндүн баш аягына көз чаптырып тургандыгы айтылат. Таластын башындагы Бакайдын ташы, ортосундагы Эчкилүү Тоо, этегиндеги Манас тоосу жоокерчилик заманда кароол жайдын милдетин аткарган. Алардан от жагып, буркуратып түтүн чыгарган белги хан Манастын өргөөсү Кароол чокуга даана көрүнүп турган.

Мындайда, Кабылан Манас жоо жарагын байланып, чоролорун ээрчитип жоону беттеп жөнөп калган. Ал эми Кең Кол өзөнү Кароол чокунун арт жагында жайгашып душманды артынан барып кол салууга стратегиялык жактан ыңгайлуу жер болуп эсептелинген.

Кайып күчтөр жолуккан адамдардын айрымдары Кароол чокуда Теңирдин кудурети менен кут, нур орун алган деп айтышат. Ал эми руханий дүйнөгө жакын , чыгармачыл адамдар Кароол чокудан бийик жана асыл ойлорго ширелген илхам кудурети, шыктанууга энергия пайда болушун көп айтышат.

Каныкей апанын булагы

Каныкей апанын ыйык булагы Кең-Кол суусуна жакын жерден оргуп чыгат. Булактын үстүндөгү жайыкка Каныкейдин, кийин Айчүрөктүн өргөөлөрү тигилген. Ушул булактан суу алышкан. Ошондон ушуга Каныкейдин булагы аталат. Эл ыйык мазар катары аздектейт. Бала көрбөгөндөр, сыркоолор түнөп чыгышат.

Айчүрөк апанын булагы

Бул Каныкей апанан бир азыраак ылдыйда, Ак-Жар айылынын этегинде жайгашкан. Айчүрөк ак куу кебин кийип, удургуп аккан булактын боюнда Семетейди күтүп, анын колундагы ак шумкарын ала качкан жер. Ал кийин Айчүрөктүн булагы аталып калган.

Жамиля Нурманбетова, «КАБАР ОРДО», 05.11.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.