Кытайдын адабият сыйлыгы Даниил Гранинге ыйгарылды

d_graninКытай адабият сыйлыгы орус жазуучу Даниил Граниндин ” Менин лейтенантым” романы үчүн ыйгарылды. “Синьхуа” сайтынын кабарына караганда сыйлык тапшыруу 12-декабарда Пекин шаарында өттү. Бирок ага жазуучу катышкан эмес. Мындай сыйлыкты Германия, Италия, Франция жана Гватемалалык жазуучулар татыктуу болду.

Кытай академиясынын орус маданиятын изилдөө борборунун директору Лю Вэньфэйдин билдиргенине караганда жылына берилүүчү чет элдик эң мыкты роман сыйлыгы беш, алты өлкөнүн жазуучуларына берилет. Бул сыйлыкты тандоодо калыстар тобу өздөрүнүн гана жеке көз караштарын эмес өлкөсүндөгү атактуулугун жана ордун эске алышат. Буга чейин сыйлык ээси “Русский Букер” жана “Большая книга” сыйлыктарына татыктуу болгон. 2011-жылы жарыяланган роман улуу ата мекендик согуштагы окуяларга арналган. Жылдын мыкты романы Кытайдын эң чоң “Калк адабияты” басмаканасы тарабынан берилет.Бүгүнкү күнгө чейин 22 өлкөдөн 74 акын, жазуучу бул сыйлыкты алышкан. Ар кайсы жылдар ичинде орус жазуучулар Владимир Сорокин, Юрий Поляков, Людмила Улицкая, Михаил Шишкин жана Валентин Распутин бул сыйлыка татыктуу болушкан.

Даниил Гранин 1919-жылы төрөлгөн. Жазуучулукту согуштан кийин баштаган. Анын эң белгилүү чыгармалары “Иду на грозу” (1962) и жана “Однофамилец” (1975).

Мезгил Исатов, «КАБАР ОРДО», 17.12.13-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.