«Каңдылар-1» – тарыхый, документалдуу чыгарма

kandylar

Окуган дагы, окубаган дагы арманда!

Кыргыздарда: “Жети атасын билбеген – жетесиз кул”- деп бекеринен айтышпайт. Жети атаны билүү үчүн санжырага кайрылабыз. Санжыра – бул тарых. Кыргыздын тарыхы болсо ооздон-оозго өтүп гана сакталып келген. Жалпы Ата-Журт, Ата конушу, түпкү ата тегиңди билүү, биле жүрүү дагы ата-бабалардын мурасыдыр.

Мына ушул багытта ичкилик кыргыздардын негизги урууларынын бири болгон каңдылар жөнүндө акын, жазуучу Бектуруш Салгамани (Табалдиев) китеп жазып чыкты. Айрым маалымат булактарында: «Каңдылар түрк элдеринин ичинен – деги эң байыркы уруу», – деп айтылат. Ушундан уламбы каңды уруусун изилдеген тарыхчылар, жазуучулар чыгышты. Мына эми булардын катарын Б.Салгамани толуктады.

«Башкасын коюп Манасты айт» дегендей, каңдылар жөнүндө «Манас» эпосунда айтылган. Автор Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөлүк адабий мурастарда каңдылар жөнүндө айтылган маалыматтарды жыйноого, камтууга аракет кылыптыр. Мындан мурда каңдылар жөнүндө жарык көргөн китептер жөнүндө ар-кандай пикирлер айтылып келген. Айрым мекендештерим аягына чыгара окуй албадык деп айтышканы эсимде.

– Эмнеге? десем, өтө эле көркөмдөп, кооздолуп жазылыптыр деген жоопту узатышкан. Бектуруш Салгамани болсо «Каңдылар-1» китебин ичкиликтердин эле эмес жалпы окурмандардын табитине бап келген «ширин» тилде жазыптыр.

Китептин экинчи бөлүгүндө каңдылардын генеалогиялык таблицасы берилиптир. Бул таблица, схема өтө машакаттуу, татаал иш. Кимдин кимден тараганы изилденип, урук, уруулар ата-жотосуна чейин жиликтениптир. Автор төрт жыл бою басууга даярдадым дейт. Менимче, Б.Салгамани бул эмгектин үстүнөн көп жылдар бою иштеп, изилдеп келгендей. Бир сөз менен айтканда бул китепти окуган дагы окубаган дагы арманда. Бул китеп ар-бир каңдынын үйүндө, китеп текчесинде турчу кичи энциклопедия болуптур десем аша чапкандык болбос. Буюрса экинчи китеп алымча-кошумчасы менен мындан да мазмундуу болоор деген ишеничтебиз. Окугандар ойлорун айтышаар. «Миң уккандан көрө бир көргөн артык» дегендей, китептин баарын тизмектеп айтып берүү кыйын. Ошондуктан колго алып окуп чыккандан өтөрү жок.

Китеп тууралуу ой-сунуштар, пикирлер болсо же сатып алууну каалагандар 0770 875-875, 0554 875-875 номерлерин терип, телефонун шыңгыратып – автордун өзүнө кайрылышса болот.

Асан ЖУНУСОВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.