Калича Жакыпованын жаңы ырлары

АЛДАСТОО

Телефон күйүп, өчөт жаны тынбай,
Телмирем, алсамбы же албасамбы?
Чамасы, эми сизден үмүт кылбай,
“Чалыпсыз, укпапмын”-деп алдасамбы?

Шылтоолоп, айтылчудай бир кызык кеп,
Шыбырың эстеп, көздөн жаш тамат да.
“Сагындым”- дээрсиз анан, жүрөк “зырп” деп,
Санаалар кайра баштан башталат да.

Кайра эле, кооз сөздөрдү арнасаңыз,
Капарга кирбей эч бир арман деген.
Алданам! Андан көрө, чалбасаңыз,
Аргасыз, унуткансып калган элем.

Үзүлбөй, обон коштоп чырылдаса,
Узактан сезем, айтаар оюңузду.
Алалбай турам… Үнүм угулбаса,
А сиз да, “уккан жок”- деп коюңузчу?

Тирмийип, бир орунда катып, жылбай,
Тигилип карайм, улап санга санды.
Телефон күйүп, өчөт жаны тынбай,
Телмирем, алсамбы же албасамбы?…..

 

ЭРТЕҢ КЕЧ…

Күүлөндүм, обон сыңар чертилбедим,
Күтүүнү түнөк кылган мейкиндемин.
Эртең кеч! Сени мүмкүн сүйбөй калам,
Эгерде билсең, бүгүн эркиңдемин.

Сыр кылам, сыпатыңды жазганымда,
Сызылып карегимден жаш тамууда.
Азыр сен, «сүйөт»- дейсиң түбөлүккө,
А бирок, эртең балким, башкамын да.

Ызадан ыйлап, өңдөн азбай анан,
Ырларды арнап сага, жазбай калам.
Бактылуу кылып, сенче сүйбөсөм да,
Башкага көктөмдөгөн жазга айланам.

Анда кеч, апкаарыса гүл жүрөгүм,
Айгине, билем дайым сүрдүгөөрүм.
Өмүргө башымды ийип акырындан,
Өзүңдү унутууга үлгүрөөрмүн.

Күү болуп, обонуңда чертилбедим.
Кусалык ээлеп алган мейкиндемин.
Эртең кеч! Балким сени сүйбөй калам,
Эгерде билсең, азыр эркиңдемин.

Эртең кеч! Бирок, азыр чексиз сүйөм,
Эгерде сезсең бүгүн эркиңдемин…

 

БИР КАДАМ…

Чекит койсом, алмаштырам үтүргө,
Чегингеним алсыздык деп түшүнбө?
Кусалыкты жеңе албай аргасыз,
Кулачудай турам сүйүү мизинде.

Алыстоого далалатым майнапсыз,
Абалым оор, маанайым да айлап суз.
Себеп издеп, жолугууга умтултуп,
Сезимимди үмүт менен байлапсыз.

Санаа кыйнайт көңүлүмдө ырбаган,
Сагынычтын бүтпөс муңун ырдаган.
Сизге азыр жүгүрмөкмүн сабалап,
Сиз мен жакка таштасаңыз бир кадам…

Сиз тарапка чуркаар элем сабалап,
Сиз мен жакка таштаңызчы бир кадам?

 

КАТ

А мен сизге түнү кат жазгам,
Анан кайра айрып таштадым.
Байкап көрсөм талдап бир баштан,
Батпай турду катка жазганым.

Аздектеген ошол катымды,
Аягы жок ойлор кишендеп.
Жазган элем төгүп жашымды,
Жаздым эле, “Сүйөм, ишен”-деп.

Алдыргандай түнгө эсимди,
Азап болду кыял курганым.
Билип туруп жибербесимди,
Бир баракты бекер булгадым…

Бакыт издеп сезим соңунда,
Башка тагдыр куруп кетсем мен.
Бүлүк салып өмүр жолума,
Бүтпөйт окшойт сиздик эскермем.

Бирок, ушул кезим жат өңдүү,
Баарын келди жаңы баштагым.
Бүгүн түнү жазган катымды,
Бералбастан айрып таштадым.

А мен сизге түнү кат жазгам…

 

УНЧУКПА?…

Үмүт берип, көңүлүмдү көтөрбө?
Ушул кезге тобо кылып өтөөрдө,
Бир жылт этчү элес кылып баардыгын,
Бүгүн сизге жолуктум ээ бекерге…?

Тагдыр сунса далай сыноо кечээрсиз,
Табышмагын сезимдердин чечээрсиз.
Менсиздикте кантти десем санааркап,
Менсиз деле жашай алат экенсиз…

Жүздөн төмөн аккан жаштан соолуга,
Жеттим балким, жетээр сөздүн соңуна.
Эми сиздик кыялдардан арылып,
Эркти издейм жаңы кадам коюга…

Ийне сымал жол табам деп жылчыкта,
Ичте калган сезимимди курчутпа?
Улуу жалын биротоло өчкүчө,
Умсундуруп, кыйнап мени… Унчукпа?

Улуу сезим көңүлүмөн өчкүчө,
Үмүт берип, суранаарым… Унчукпа…?

Калича Жакыпованын башка ырлары бул жерде

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.