ТААСИРДҮҮЛҮК

(икая)

Сыртта жаздын айлары өз кыягын чалып турган кез. Көпүрөдөн түшө берген жерде азиз бир адам кайыр сурап олтурган эле. Алдына коюлган барактын бетинде «ТУБАСА СОКУР » деген гана жазуу бар болчу. Көпчүлүк анын жанынан көнүмүштөй эле өтүп кетип жатышкан. Бир кезде кайырчынын жанына бир адам басып келди да, алдындагы барактын арткы бетине бир нерселерди чиймелеп, кайра ордуна коюп жолун улады. Кызыгы, тыйын деле таштаган жок. Бирок ошол мүнөттөн баштап, кайырчынын колуна тыйын карматпай өткөн жанды көрбөдүк. Көзүнө жаш алып, аялуу тигилген каректердин көптүгүн айтыңыз… Көрсө, жанагы адам ЖАРНАМА боюнча мыкты адис болгон үчүн, адамдардын көңүлүн буруу үчүн кайырчынын алдындагы баракка « СЫРТТА СОНУН БИР ЖАЗ КҮНҮ… БИРОК МЕН БУЛ ЖАЗДЫ КӨРӨ АЛБАЙМЫН!!!»,- деп жазып койгон экен…

Жазгул Жамангулованын Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.