«Ырыбыз – достук, ынтымак!» Эл аралык төкмө акындар айтышы

aitysh

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
«Диалог Евразия» платформасы
Республикалык «Айтыш» коомдук фонду

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министирлиги, «Диалог Евразия» платформасы жана Республикалык «Айтыш» коомдук фонду биргеликте 14-15-мартта «Ырыбыз – достук, ынтымак!» деген демилге менен Эл аралык төкмө акындардын айтышын уюштурат. Айтыш Ош шаарында Ош улуттук драма театрында өтөт.

Абалтан кыргыз журтчулугу актаңдай акындарды жогорку даражада урматтап келгени тарыхыбызда айныгыс далил. Акындар байыркы замандан ушул учурга чейин калктын ички дагы, сырткы дагы ынтымагына данакер, коомдун кайгы кубанычына тең орток өкүлдөр экени маалым. Башкасын санабаганда да соңку жылдарда төкмө акындар коомдук иштерге активдүү катышып, элдин регионалдык жана уруулук бөлүнүүчүлүгүнө кескин каршы пикирин кан-какшап ырдап, Мамлекетибиздеги улуттар аралык биримдикти чыңдоого тийгизген таасири зор болгонун тана албайбыз. Бул асыл кызматын мындан ары да улуудан урпакка калтырары бышык. Ага ар бир кыргыз жараны жан дили менен, астейдил мамиле кыларына ишенебиз.

Айтыштын тандоо туру 14-мартта саат 10.00 Ош улуттук драма театрынын чоң залында өтөт. Тандоо турунда айтышкан ар бир жупка 10-15 мүнөттөн убакыт берилет. Тандоо туруна Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы акындар катыша алат. Жаш курагы жана даражасы чектелбейт. Тандоо турунан 16 акын тандалып алынып, упай тең болуп калган учурда жашы улуусуна жол берилет. Катоо 09.00 дөн 10.00 го чейин жүргүзүлөт.

Айтышка тандоо турунан өткөн 16 акын жана Кытай, Түркия, Казакстан, Өзбекстан Республикасынан чакырылган 4 акын катышат. Акындардын жубу чүчү-кулак аркылуу чечилет. Айтыштын 1-туру баллдык системада өтүп эң жогорку упай алган 8 акын 2-айлампага жолдомо алат. 2-туру да баллдык системада өтүп эң жогорку упай алган 4 акын жарым финалга жолдомо алат. Жарым финал олимпиадалык системада өтүп, чүчүкулак аркылуу 4 акын айтышат. Финал олимпиадалык системада өтүп, жеңген акындар баш байге жана 1-орунга айтышат, жеңилген акындар 2-3-орунга ат салышат. Байге фонду 500 000 сом.

Айтышкан акындардын конкурстун темасына, ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, уйкаштыгына, оюнун тереңдигине, аткаруучулук чеберчилигине, сахнадагы маданиятына карап баа берилет.

Айтышка республиканын бардык аймактарынан, чет өлкөлөрдөн бир катар коомдук, маданий ишмерлер, өнөрпоздор, ММКнын өкүлдөрү катышат. Кирүү акысыз.

Уюштуруу тобу:

«Диалог Евразия» платформасы. Дареги: Бишкек шаары Горкий көч. 27/1. “Вефа” соода борбору, 5-кабат 102-каб. Тел.: 0555 754947. E-mail: dialogue.kg@gmail.com

Республикалык «Айтыш» коомдук фонду. Дареги: Бишкек шаары Абдрахманов көч. 144. Тел.: 0771 385555. E-mail: azamatakyn@mail.ru, aitуsh@bk.ru.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.