“Долон” десе эске түшөт элеси

s_checheibaeva

Белгилүү ырчы Сагийпа Чечейбаева айтылуу “Долон” деген ырды саламаттыгы өтө начар абалда кыргыз радиосунун “Алтын фондуна” жаздырганын анын күйөрмандарынын бардыгы эле биле бербесе керек.

1966-жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде режиссер Бообек Ибраев спектакль коюп калат. Анын музыкасын жазууну Жумамүдүн Шералиев менен Калыйбек Тагаевге тапшырат. Сөзүн Жумакем жазып, обонун Калыйбек Тагаев бир жумадан кийин чыгарып келип Сагийпа Чечейбаевага ырдатат. Ошентип “Долон” элдик ырга айланып кетет.

Ал ырды 70-жылдары Сагийпа Чечейбаева кандай абалда кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырганы тууралуу Эл артисти Асыл Набиевагаайтып берген экен.
– Эже менен гастролго бирге чыгып жүрдүм. Мени кызыке деп тергеп койчу эле. Бир күнү жол жүрүп баратып “Долон” деген ырды эч ким сиздей ырдай албайт. Ушул ыр менен сиз элдик ырчы болуп тарыхта каласыз деп калдым. Анда Сагийпа эже, “Ии, ырахмат ошентип мени Эл артисти кылып койбодуңбу. Бул ырды радиого жаздыруунун дагы өзүнчө тарыхы бар. Мен анда 35 жашта болсом керек. Боюмда бар болчу. Ырдаган ырларымды радиого жаздырыш үчүн Фрунзеге жолго чыктык. Ичим аябай ооруп шаарга кыйналып жеттим. Чыдабай догдурга бардым. Көп өтпөй боюман түшүп калды. Эгиз бала экен. Кан кетип, жаным жер тартып, кыйналып жүрдүм. Эртеси саат он бирлерде кара терге түшүп, алым кетип турганга карабай кыргыз радиосунун “Алтын фондуна” “Долонду” жана башка ырларымды жаздыргам” деп айтып берген эле жарыктык…

Сагийпа Чечейбаева өмүрлүк жары, актер-обончу Асанбек Абдыласовдун «Жай түнү», «Сыр жашырган сулууга», «Геологдун ыры» жана башка ондон ашуун обондуу ырларын, композитор Жумамүдүн Шералиевдин дээрлик бардык ырын, Калыйбек Тагаевдин “Элмира”, “Назгүлүм”, “Долон”, “Ат-Башым”, “Жаштык вальсы”, Чыңгыз Айтматовго арналган “Жаныбарым, Гүлсарым” аттуу көптөгөн чыгармаларын элге тааныткан.

Сагийпа Чечейбаева 1932-жылы Нарын районундагы Кара-Чий айылында жарык дүйнөгө келген. 1958-жылы Нарын музыкалык драма театрына актриса болуп кызматка алынып, жолдошу Асанбек Абдыласов менен чогуу театрда чыгармачылык менен иштеп жүрүп ооруга чалдыгат. Кеселдин айынан 1985-жылы кайтыш болуп, сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Чий айылына коюлган.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 05.03.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.