Кош болгула, шабдаалы бак, өрүкзарлар,/Арасында мен өскөн бейитзарлар…

Кыргыз эл жазуучусу Мурза ГАПАРОВ жубайы Алмажан ОСМОНКУЛОВА менен 1967-жылы баш кошушкан. Эки уулдуу болушуп, азыр Алмажан эже төрт неберенин чоң апасы. Бешенеге жазылганын көрөсүң дегендей, Алмажан эже жазуучунун жубайы болуп да, андан ажырап да, жалгызсырап да, далай бороон-чапкындуу күндөрдү башынан кечирген. Эжени маектешүүгө чакырганыбызда Мурза агай тууралуу жазылган эскерүүлөрдү, Мурза агайдын гезит беттерине чыккан аңгемелерин ала келиптир. Эженин жүрөк тереңиндеги жоготуу кайгысын, жазуучуга болгон кусалыгын, алигүнчө өчпөгөн сүйүүсүн ар бир сөзүнөн баамдап отурдум.

 

“Достоевскийдин жубайы өңдүү күндөлүк жаза баштадым”

Орус жазуучусу Достоевскийдин жубайы жазуучу менен өткөргөн жылдарын күндөлүк кылып жазып жүрүп “Воспоминание” деген китеби жарыкка чыккан. Ошол китепти толугу менен окуп чыктым.

Мурун эле өткөн күндөрүмдүн урунттуу учурларын жазып жүрчүмүн. Ошол дептерим жоголуп кетти. Мөлтүрөгөн жаш кезимдеги оттуу сезим коштогон ар бир күнүм, ар бир саатым… Мурзакемдин мени алгач көргөн кезди сүрөттөп бергени… Жүрөгүмдү кенен салып, мажүрүм талдын бутактарындай салаалаган сезимимди түгөл төгүп, Мурзага окшоп ойлогонумду дал ойлогондой кылып кагазга тизмектеп түшүрүп бере албасам да, чын дилимден чыккан саптар болчу ал жазгандарым. Эринбей, күн сайын калемди колго алчумун. Өзгөчө Мурза башка аялга кетип калганда бугумду, таарынычымды, ыйымды кагазга төгүп салсам, алда немедей жеңилденип, мени түшүнгөн кимдир бирөө менен сыр чечишкендей болуп, бугум бошой түшчү. Эч кимге айтып бергис сырларым ачылган болчу ал жерде. Бир күнү эле күндөлүк дептерим жоголуп кетти. Издеп-издеп такыр таппай койдум. Аны Мурза Галясы менен келгенде катып кетип окуп алгандай сезе берем.

Эми кайрадан жазып баштадым. Жыйырма баракка жакындап калды. Кичине көркөмдүк жетишпей турат. Жазып бүтсөм жакшы жазган кыздарга каратып чыгам го.

 

“Тагдыр мени Мурзага жолуктурду”

Фрунзеде таанышканбыз. Анда мен 8-класста окучумун. Мени менен тең кошуна кыз мектепти эрте таштап, “Чолпон” фабрикасына иштеп кеткен. Ошол фабриканын жаңы жылдык кечеси опера жана балет театрында өтө турган болду. Кошуна кыз ага мени ээрчитип алды. Ошондо Мурза имараттын жанынан өтүп баратып музыканын үнүн угуп, кайрылып калыптыр. Карабайсыңбы тагдырды. Капысынан кирген Мурза менен ошондо таанышып калгам. Бийге чакырды. Бийлеп жатканда адресимди сураган, оозеки эле айтып койгом, жаттап калыптыр. Ал бул жакта окучу да. Мен болсо Аламүдүн районунун Мыкан айылынанмын. Бир күнү эле Мурзадан кат келди, мен жооп жаздым. Жолугушууга кат аркылуу көп чакырып, бат-бат жолугуп турдук. Мага жакын адамымдай сезилип, ага көнө түштүм. “Ала-Тоо” кинотеатрына кирчүбүз. Бирок бир дагы сүйүүсүн айтчу эмес.

Бир жолу классташ кызымдын туулган күнү болуп калды. Мурзаны барасызбы десем, барам деди. Анан аны ээрчитип айылым Мыканга келдик. Ал убакта жигит дегенди деле билбейбиз. Кыздарга таанышым деп тааныштырдым.

Кийин Москвага окууга кетти. Анан ошол жактан сүйүүсүн арнап каттарды үзбөй жазып турду. Ошентип окуусун бүтүп келди, нике кайып экен, баш кошуп калдык. Жыл айлана Исраил аттуу уулдуу болдук. Анан кыздуу болдук эле, бирок ал чарчап калды. Анан кичүү уулубуз Азиз төрөлдү.

 

“Мурза агайыңар сулууларды жакшы көрчү”

Мурза агайыңар сулууларды жакшы көрчү. Алардын баары чыгармаларындагы каармандарга айлангандыр. Канчалык аны жакшы көрбөйүн, экөөбүз ажырашчу күндөр келди. Кантип ал башкага кеткенде жүрөгүм сыйрылбай койсун, кызганыч сезими болбой койсун. Ал башкага кеткенде балдарым эч нерсе дечү эмес. Атасын жектеп күнөөлөшкөн жок. Тагдыр да деп коюшчу. Улуу балабыз Исраил апа күйөөгө чыгып алыңыз деп көп айтты. А ата-энем көл кишилер эле. Бир жолу экөө үйдө отурса Мурза Галя менен келип калды. Мен ыңгайсыз абалда калып жаман болуп кеттим. Атам Мурзаны урушпаса экен деп ичимен коркуп турдум. Атам ордунан тура калып жаркылдап “оо, садагаң кетейин күйөө бала, келдиңби? А Галя деген сенсиңби?” деп учурашты. А апам болсо башынан эле аны көргөндө астына төрт кабат кылып төшөк салар эле. Негизи ата-энем Мурзаны менден да жакшы көрүшчү. Эч кимге билгизбей ыйлаган, сыздаган күндөрүм болду. Себеби мен сүйгөн адамыма турмушка чыктым да. Көзү өткөнчө сүйдүм. Азыр деле сүйөм. Үйдө жалгыз калганда анын чыгармаларын, досторунун, санаалаштарынын ал жөнүндө жазган эскерүүлөрүн гезиттен окуп ыйлап алам.

 

“Галя менен азыр да жакшы катташам”

Мурзанын кийинки жубайы Галя менен азыр да жакшы катташам. Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшошуп кетет. Галя чуваш кызы. Азыр анын кызы да турмушка чыгып кыздуу болгон. Мурзанын туулган күнүндө же өлгөн күнүндө анын үйүндө же менин үйүмдө чогулуп куран окутабыз, эскеребиз. Мурзанын “Экөө ээн бакта” аттуу аңгемелерден турган жыйнагы 2009-жылы жарыкка чыккан. Азыр китеп дүкөндөрүнөн таппайсың. Пьесалардан турган жыйнагын чыгарсам деген тилегим бар. Бирок баары каражатка барып такалат. Балдарым болсо өз турмуштары менен. Жакында эң улуу неберем үйлөнүп, жакшынакай небере келиндүү болдум.

 

“Атамдын көзү өтөөрдөгү берген гезити”

Атам көзү өтөөрдүн алдында чөнтөгүнөн бир нерсе алып чыкты. Алып карасам эски (1972-жылкы “Кыргызстан пионери”) гезит. Ал гезитке Мурзанын чыгармалары чыккан экен. Ошону төш чөнтөгүнө сүрөтү менен катып жүрүптүр. Анын жакшы көрөрүн ушундан эле билсе болот. Анда балдар үчүн жазылган ырлары бар экен.

ОТУНЧУ

Кыш келсе жок коркунуч,
Кыштакта бар отунчу.
Колуна балта, араа алат,
Токойго кирет аралап.
Куураган шакты кыйратат,
Кыйкырып бизди жыйнатат.

 

ШАРКЫРАТМА

Биздин жакта, Арсланбапта,
Бир ажайып шаркыратма.
Бийик тоодон боюн таштайт,
Ичсең муздак, тишиң какшайт.

 

КАРТӨШКӨ

Арсланбап бай ой төшкө.
Атам айдайт картөшкө.
Казып келип бир четтен
Кайнатабыз чайдөшкө.
Көрүшүп атам, апам да,
Оозу барбайт кой дешке.

 

КОШТОШУУ

Биз эми жаш эмеспиз,
Биз эми улгайгандар…
Коштошоор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кыз айымдар,
Өбүшкөнгө эми менде убакыт тар…
Кош болгула, шабдаалы бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Ал жактагы бейишке кантип жетем?
Жолдорунда тикенек зым тосмолор бар…
А тозогуна асфальт жолдор кетет экен,
Иномарка жалдап алып жүрүп кетем…
Кош болгула, жан достор, кас курбулар,
көбүңөрдү тозокто көксөп күтөм.
Кош болгула, эл башы, журт башылар,
Жерин сатып, элин баскан басмачылар.
Ылайым көрүңөргө гүл чыкпасын,
Ылайым көрүңөрдө жылан уктасын.
Кош болгула, эл башы, журт башылар…
Кош эмесе, кыргызым, жупун журтум,
Качан эми кыжырланып кыйкырасың?
Эңилип эшик ачып,
төрүңө төрөлөрдү отургузуп,
Качанкыга кул сымак тим турасың?
Байоо болуп, аңкоолонуп,
Байыркы эл, не байлардан кымтынасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошоордо кайгырып, муңкурадым.
Кош бол эми, Ала-Тоо – кыргыз атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам…
А мен болсом эмитен эрип атам,
Кош бол эми, Ата журт…
Кучагыңды кучактап…эркин жатам…
(5-май, 2001-жыл)

“Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.02.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.