Наиля АЙТАЛИЕВА, Ашыралы атабыздын байбичеси: “Абышкам китебин көрбөй кетпедиби…”

aytalievder

Кыргыз эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, “Залкарлар арасында” аттуу китебинин чыкканын көрбөй кеткен төкмө акын Ашыралы Айталиевди эскеребиз. Ашыралы атабыз тирүү болгондо 87 жашка чыкмак экен. 1927-жылы Кант районунун Жедигер айылында жарыкка келген. “Нарындан жазган салам кат” аттуу ыры 54 жыл жашаса, өзү 80 жыл өмүр сүрүптүр. Байбичеси Наиля апа жана шакирти Аалы Туткучев менен маек курдук.

– Наиля апа, Ашыралы атабыздын туулган күнү 8-март эмес беле. Бу күнү кимдер келет?
– 8-март келе жатканда абышкам унутулуп калбасын деп телерадиого чалып, “Ашыралы Айталиевдин туулган күнү” деп эскертип турам. Ал жерде иштеген Исакова Жээнгүл, Итигулова Чынар, Кулумбаева Гүлмира жана Канымжан аттуу кыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, алар жыл сайын Ашыралыны эскерип, мени телерадиого чакырып сүйлөтүп эскеришет. “Айтыш” коомдук фондуна ыраазычылыгымда гана билдирем. Абышкамды акыркы сапарга узатып атканда “Айтыш” коому көп жардам кылды. Ашыралынын окуткан балдары атасын өлгөндөн көмгөнгө чейин тикесинен тик туруп, акыркы сапарга узатышты. Ошондон бери ар дайым үйгө келип, апалап жардамын берип турушат. Концерттер болуп калганда үйгө келип машинасына салып алып барып, кайра жеткирип коюшат. Ашыралынын “Айтыш” коомундагы окуткан балдары жыл сайын гүлдөрүн, тортун көтөрүп келип майрамым менен куттуктап, чалыма куран окуп кетишет. Быйыл дагы келишет болуш керек.

– Китеби чыкты беле?
– Ашыралы кайсы жерде ырдаса ырлары ошол жерде жазылбастан калып калчу. Мен да агезде жаш болуп, акын эмне экенин түшүнбөптүрмүн. Кийин түшүнүп “кап” деп өкүнүп калдым. Атаңар ыр жазгысы келгенде, бир нерсени жазымыш болуп чиймелеп, жазганын кайра окуп чыгып жакпай калса бүктөп-бүктөп ыргытып жиберчү. Ошол ыргытылган ырларын ага билгизбей чогулта берчүмүн. Бир күнү сыналгы көрүп отурсак, Замирбектин китеби чыгып, ошону көрсөтүп калды. Мен намыстанып, “Бир да китебиң жок, бир китеп чыгарбайлыбы” десем, “Ээ койчу, жазган эч нерсем болбосо кайсыны чыгарасың?” деп койду. “Чыгарабыз” деп, Ашыралынын шакирти Жеңишбекти чакырып, “Ашыралыга айтсам болбой жатат. Эптеп бир китеп чыгаралы” десем, макул болду. Анан мен баягы жыйнаган Ашкемдин ырларын эски сумкадан алып чыгып, “Балам, карап көр, жаратчусун жаратып, эптеп бир китеп чыгарып бер” деп 1 тыйын бербестен колуна карматтым. Эки жыл чыккан жок. Кийин Ашыралы өтүп кеткенде, “Жеңиш, айланайын, кыбыра. Мен дагы жакшы баса албайм” деп китепти козгой баштадым. Жеңишбек кагылайын, 2010-жылы 500 нуска менен “Ашыке” деген аталышта өзүнүн каражатына чыгарды. Сүйүнүп ыраазы болдум, бир чети өзү көрбөй кеткенине кейидим. Ашыралынын тирүү кезинде бир дагы китеби чыккан жок. Ырлары ырдалып эле талаада калып жатса каяктагы китеп болот.

– Эстелиги турса керек?
– Абышкам экөөбүз кобурашып отуруп калганда: “Кемпир, мен сенден биринчи кетем го. Балдардын ар кимиси өз оокаты менен алек болуп калды. Сен мени кантип ардактап коер экенсиң” деп калчу. “Өлүп калсаң башыңа жүз коем. Мен оңой татар катын эмесмин” деп тамашалап калчумун. Каза болгондон кийин ар кимге думана болуп акча сурап, филармониядан, Канттын элинен жардам алдым. Нариман Түлеев Ашкенин айкелин тургузганга жардамын аяган жок, чоң суммада акча берген. Ал жакшылыгын эч унутпайм. Ошентип жүрүп атаңардын эстелигин жүз койдум. Бул оңой иш эмес. Бул менменсиген жигиттердин колунан гана келчү иш. А мен жетимишке чукулдап калсам дагы абышкамдын эстелигине жүз коюп, жанына жакшынакай гүлдөрдү өстүрүп койдум. Азыр ал жерге барсаңар атаңар гүл бакчанын койнунда жатат.

– Атабыз окуган мектепке ысымы берилди деп уктук эле…
– Ашыралы каза болгондон кийин окуган мектебине атын койдурайын деп барбаган жерим, ачпаган эшигим калган жок. Ошол кезде өкмөт кыймылдап да койгон жок. Бирде “мектепке Ашкенин атын беребиз” дешсе, бирде “бербейбиз” деп отуруп, акыры кудайдын жардамы менен 2009-жылы “Ашыралы Айталиев атындагы орто мектеп” деген токтом чыкты. Токтом чыккандан кийин баары бүттү деп жата бергем. Көрсө, мектептин мөөрү “Туз орто мектеби” боюнча кетип, эч кандай каттоо болбоптур. Муну Билим Берүү министрлиги бекитмек экен. Андай мыйзамын кайдан билем. Күн бир аз жылып калганда, Билим Берүү министирлигине барып, “Эмне үчүн 4 жылдан бери Ашыралы Айталиев атындагы мектеп деп бекитиле элек? Жок дегенде бул кимдин атындагы мектеп деп кызыгып карап койбойсуңарбы” деп айтайын деп камданып турган кезим.

Аалы ТУТКУЧЕВ, төкмө акын: “Ашыралы атабыз дайыма жүрөгүбүздө”

– Ашыралы Айталиев кандай адам эле?
– Ар бир акындын ырынын обону өзүнүн мүнөзүнө жараша болот. Ашыралы Айталиев атабыздын обону дагы өзүнүн мүнөзүндөй оор басырыктуу, салмактуу. Ошол эле маалда бизди үйүнө чакырып алып сабак өтчү. Деги эле кайсы жерде болбосун бизге нарк-насилин, каада-салтты, ошону менен бирге эле “кыргыздын улуу-улуу нерселерин унутпай акындык менен ала жүргүлө” деп айтаар эле. “Акындын университети бул дасторкондун чекеси” деген сөздү көп айтчу. Себеп дегенде, силер көбүнчө дасторкондун чекесинде элге төгүп ырдап бергениңерде акындык дараметиңер өсөт. А сахнадан жалпы элге баягыдай эле ырдап коюшуңар мүмкүн. Отурушта болсо, ар бирин бирден атап ырдайсыңар” дечү эле.

– Туулган күнүндө үйүнө барып куран окуп турасызбы?
– Атабыздын туулган күнү менен катар Наиля апабыздын майрамы эмеспи. Бош болгон учурубузда барып турабыз. Негизи эле 8-март майрам болгондуктан куттуктоолор көп болот. Ошондон улам кээ бир учурларда көңүл бура албай калабыз. Бирок, Ашыралы атабыз дайыма биздин жүрөгүбүздө.

– Ашыралы атабыздын “Ай кашкасы” болгон турбайсызбы?
– Ашыралы атабыздын 80 жылдык юбилейинде Амантай байке экөөбүз айтышып Ашыкени куттуктап ырдаганбыз. Ошондо Ашыралы атабыз биздин ырдаганыбызга ичи жылып, ыраазы болуп калган окшойт. Эртеси күнү “Аалы мен сага “Ай кашка” деген атты койгум келди. “Ай кашка” деген илгери Шабдандын ашында далай аттар чабылып, алтымыш чакырымга ат чабылган жерде эң алдында бир кашка ат келген. Ошол аттын чуркашы алыстан караган адамга айдын формасын элестеткен. Ошондо элдер “Ай кашка келди” дешкен экен. Мен сенин кечээги ырдашыңда ошону элестеттим. Амантай “Сары кашка” болсо, сен мындан ары “Ай кашка” бол” деп айтты эле.

Кымбат Турдубекова, “Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.03.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.