Залкар жазуучунун чыгармасын кыргыз тилинде окуган Ю Вон Ен

yu-von

Түштүк Кореядан келген Ю Вон Ен Кыргызстандагы Корея борборунда жана Кыргыз- Россия (Славян) институтунда тилчи болуп иштейт.

Түштүк Кореядан келген Ю Вон Ен Кыргызстандагы Корея борборунда жана Кыргыз- Россия (Славян) институтунда тилчи болуп иштейт. Алгач маекти ал ” Кыргызстан менин экинчи мекеним” ,-деген сөздөн баштады.

Сиздин биздин жерге келгеӊизге канча убак болду жана кыргыз тилин кантип өздөштүрдүӊүз?

Менин Кыргызстанга келгениме үч жыл болду. Алгач Нарын облусунда жашадым. Кыргыз тилинен мугалим жок болгондуктан азыркы күнгө чейин өзүм үйрөнүп жатам. Тилди үйрөнүүдө жаш балдар үчүн даярдалган китептерди үйдө окуудан баштадым. Кыргыз тилинин грамматикасы менен биздин тилдики окшош бирок кыйынчылыктары да бар. Абдан жакшы билем деп айта албайм.

– Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармасын окуганыӊга токтолсоӊуз.

– Бир жолу жолдо бара жатып бир китепти көрүп калдым. Аны сатып алып карасам Ч.Айтматовдуку экен. Бул китепке жолукканга чейин Айтматов жөнүндө маалыматым жок болгон. Алгач анын “Жамийла” аттуу повестин окудум. Бул чыгарманы беш айда окуп бүтүрдүм. Себеби тил билбегендиктен сөздүк менен окууга туура келди. Жамийла аркылуу кыргыз аялдарынын жашоо образы ыйламсыраган абалы чагылдырылганын байкадым. Кыргыз аялдары абдан чыдамдуу жана жолдошторуна баш ийген абдан момун. Корей аялдары болсо мындай эмес тескерисинче. Ошондой эле “Ак кеме” повести менен дагы таанышым бар, бирок аягына чейин окуп бүтүрө элекмин.

– Сиз эмне үчүн мындай ынтызаарлык менен окудуӊуз?

– Албетте, кыргыз мамлекетинде жашап жаткандыктан негизги максатым кыргыз тилин жакшы өздөштүрүү болгондуктан чыдамдуулук менен окудум. Чыгармадан автордун гумандуулугун байкадым.

– Сиз “Кыргызстан менин экинчи мекеним” деп айтканыӊызга таӊ калып жатам, себебин түшүндүрүп берсеӊиз?

– Мен бир аз биздин өлкөнүн тарыхына токтолгум келет, бир учурларда өлкөбүз абдан жакыр экономикасы абдан төмөн болгон. Ошондой кыйын учурларды башыбыздан кечирип, азыр өнүккөн мамлекеттердин катарындабыз. Бирок ошол кыйын учурларда бизге Англиядан, Япониядан элчилер келип экономикабаздын өсүшүнө жакырчылыктан чыгуу жолдорун үйрөткөн. Ошондой эле мен дагы кыргыз элине жакшы жашоонун ыкмасын үйрөтүүнү каалайм. Кыргызстанда экономика көтөрүлүп, жаштар жаӊы технология менен иш алып барышса мен абдан кубанам жана ошол нерселерди үйрөткүм келет. Мисалы азыр терезенин айнегин тагуунун эле бир нече түрү бар. Мындай жаӊы ыкмалар улам–улам жаӊыланууда. Кыргызстанда айлана- чөйрө булганыч болгону менен башка мамлекеттерге салыштырмалуу жаратылышы абдан кооз жана абасы таза. Алгач келгенден баштап бул өлкө мага абдан жакты. Билесизби, менин жүрөгүмдө мындай тереӊ каалоо бар айылда кой багып жашагым келет. Ошондой эле кыргыз эли көп тил билип жакшы акча таап бирок мекенине кайтып келүүсүн каалайм. Эгер адам көп тилди билсе жаӊы технологиянын түрлөрүн өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан жаштардын чет тилдерин окуусуна жардам берем жана ушуга чакырам. Бирок өз тилин жоготпошу керек себеби тил жоголсо, эл жоголот.

– Кыргыздардан кандай өзгөчөлүктү байкадыӊыз

– Кыргыз элинин жүрөгү абдан таза экен. Боорукер ак көӊүл. Капитализм адамдын жүрөгүн эгоист кылып коет, бирок кыргыздарга бул таасир эткен эмес. Мамлекет өнүккөн сайын гуммандуулук жоголот бирок кыргыз элинде бул нерсенин сакталышын каалайм жана дагы кыргыз эркектери аялдарынын жашоосун жакшыртууну каалабагандыктан аялдар өздөрү аракет кылууда. Өзгөчө азыркы кыздар өзүн социолдык жактан камсыз кылууга тырышууда. Эркектерге таянбай акчаларын чогултуп жатканын байкадым. Аял заты жолдошторунун сөзүн эки кылбайт экен жана үй-бүлөнү эркектер башкарат. Кореяда аял эркек тең укуктуу себеби аял заты дагы биздей эле акча табат көз карандысыз. Алар үй-бүлөнү жетектешет. Бул жерде студенттерге сабак бергенде биздин өлкөнүн тарыхына маданиятына көбүрөөк токтолом. Эгер биздин маданиятты жакшы билсе жакшыраак жумуш табылат деген ой менен.

– Кыргызстанда негизинен ардактуу эс алууга чыккан адамдар иштебей небере багып толук эс алышат. Сиздин иштегениӊиз таӊ калычтуу.

– Мен азыр 66 жаштамын. Бул жашка чыкканга чейин көп нерсени аткаргым келди бирок мүмкүнчүлүк же убакыт болгон жок. Бирок азыр мага топтогон тажрыйбамды ишке ашырууга абдан ыӊгайлуу учур. Ошондуктан кубаныч менен иштеп жатам.

Агай менен маектешип олтуруп анын сабагына дагы кирүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Сабагына киргенимде атмосфера абдан жеӊил жана жагымдуу жылуу экен, кыргыздын жаштары корей тилинде так сүйлөгөнү абдан кубандырды. Агай менен студенттердин ортосундагы ата- баладай мамиле мени кайдыгер калтырган жок. Ошондуктан кээ бир студенттерди кепке тарттым.

– Сабакка келген сизге жагабы агайдын кандай өзгөчөлүгү бар?

– Ооба жагат. Ар бир сабакта билим – жашоонун келечеги экенин баса белгилейт. Ошондой эле эгер биз суроолорго жооп бере албай калсак кемсинтип баспайт, шыктандырып турат. Кызыгуу үчүн атайын белектерди даярдап келет окууга стимул берип турат”,- деди студент Мыскан Сейдалиева.

Жеңишгүл Тоголокова, “КАБАР ОРДО”, 28.02.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.