Эгемберди Эрматов: Тилдин тегерегинде адабият, маданият калыптанат

e_ermatov_vb

“Ааламдашуу катуу жүрүп жаткан мезгилде, биз ушул тил саясатынын негизинде улуттук идеологиябызды чагылдырышыбыз керек”, – дейт Эрматов.

“Кабар Ордо” сайтынын жыйындар залында болгон кыргыз тилинин маселесине арналган кереге кеңеште Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов учурда мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө эч ким каршы эместигин, бирок ошол эле учурда кээ бир орусча билим алып калган аткаминерлер бут тосуп атканын айтты.

“Мен ушул жерге келгенде бир нерсени түшүндүм. Мамлекеттик тилдин өсүп-өнүгүшүнө эч ким каршы эмес, бардыгы кол которуп колдоп жатат. Ошол эле учурда биздин айрым атка минерлер бир кезде орусча мектепти бүтүп, орусча жогору окуу жайды бүтүп, кийин кайсыл бир мамлекеттик кызматты ээлеп отуруп алып, тилди үйрөнгүсү келбей, жалкоолук кылып, биздин тилибизге бут тосуп атканын көрүп жатам. Мына ушул нерседен биз оолакташыбыз керек. Биз тилге болгон нигилистик көз карашты таштап, тилибиздин байлыгын, тереңдигин элге айтып, бул тил менен коркпой сыймыктанып сүйлөй турган мезгилге жетишибиз керек”,-дейт ал.

Анын айтымында, президенттин саясый эрки менен мамлекеттик тилге болгон көз караш жакшы жагына чечилүүдө. “Жалпы элдин мүдөө-максаты да бүгүнкү күндө мамлекеттик тилдин өзүнүн мыйзамдуу ордун алууce. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бир гана Мамлекеттик тил боюнча комитеттин иши эмес, бул бардык кыргызмын деген атуулдун жүрөгүндө күйүп турган иш болуш керек. Ошондо гана биз мамлекттик тилди алдыга жылдырып кете алабыз”,- дейт Эрматов.

Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы мамлекеттик тил тууралуу маселе бул мамлекеттик коопсуздук тууралуу маселе экенин баса белгиледи. “Мамлекеттик тил маселеси – мамлекеттин эртеңки келечеги тууралуу маселе, мамлекеттин тагдыры тууралуу маселе. Ааламдашуу катуу жүрүп жаткан мезгилде, биз ушул тил саясатынын негизинде улуттук идеологиябызды чагылдырышыбыз керек. Себеби, тилдин тегерегинде адабият, маданият, каада салт калыптынап, элдин тагдыры да мына ушуга байланыштуу”, -деди Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы.

Расул Усеналиев, «КАБАР ОРДО», 31.03.14

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.