“…Эр Манастын көк байрагын көтөрүп,/Өмүр бою алып келди түшүрбөй…”

Ушул күндөрдө Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган ар кандай кечелер, жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Март айынын акыркы күндөрүндө да улуттук китепканада

“…Эр Манастын көк байрагын көтөрүп,
өмүр бою алып келди түшүрбөй.
Бир баштаса отура албай обдулуп,
Айтчу эле күнү-түнү күпүлдөй…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси болуп өттү. Биз бүгүн манасчынын байбичеси Батыш Мамбеталиева эже менен жана уулу Канат Мамбеталиев менен маек курдук.

– Уркаш аганын көзү өткөнүнө үч жылга аяк басты. Өзгөчө сиз үчүн орду толгус жоготуу болду го?
Батыш Мамбеталиева, байбичеси:
– Уркаштын көзү тирүү кези менен азыркы кези асман менен жердей. Адамдын тирүү кезинде кадырын билбейт экенбиз. Анын көзү өткөндөн кийин ар бир баскан изи орду толгус жоготуу болуп караанын издетет. Азыр Уркаштын тирүү кезиндеги баары телегейи тегиз күндөрдүн бири жок. Уркаштын орду аңгырап бош турат. Жүргөн жүрүшү да шар эле. 77 жашында көзү өтүп кетти. Быйыл 80 жашка толмок. Өкмөткө ыраазыбыз. Колдон келген иш-чараларды уюштуруп жатышат. Жай мезгилинде да көлдүк үч манасчынын мааракеси белгиленгени турат. Саякбай манасчынын 130 жылдыгы, Шаабай манасчынын 90 жылдыгы, Уркаштын 80 жылдыгын белгилейбиз деп турушат.

– Агайдын акыркы күнү кандай өттү?
– Ал күнү Кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбеков каза болуп, “Төлөгөн агага топурак салсам жакшы болмок эле” деп, бирок “Түгөлбай ата” коомунан чалышып “Уркаш, сен келип курултайга катышпасаң болбойт” дегенинен алардын сөзүн кыя албай, айла жок кеткен. Неберем мектепке кетип, мен болсо үйдө жалгыз болчумун. Бир маалда эле телефон чырылдап калды. Алсам бир жаш бала экен, “Бул Уркаш агайдын үйүбү?” деп сурады, ооба десем, “Уркаш агай катуу ооруп жатат, келип алып кетпесеңер болбойт” деди. Көп өтпөй эле дагы бир орус аял чалып, “Уркаш Мамбеталиев каза болуп калды” деп суук кабарды телефондон эле айтып салды. Ошондо эле эс-учумду жоготуп жерге кулаптырмын. Андан бери үч жыл өттү. Бирок Уркашсыз өткөн жылдар мен үчүн кыйын эле болду.

– Түшүңүзгө кирип жүрөбү?
– Менин түшүмө көп кирет. Бир башкача болуп кирет. Балдардын түшүнө да көп кирет. Киргенде да тирүү адамдай бир башкача жандуу болуп кирет. Бир жолу мен түшүмдө от жагып жатыптырмын. От жагып жатсам улам отун алып келип берип жанымда жүрөт. Ойгонуп кеттим. Заматта жок болду. Аттигиниң ойгонбой турсам эмне, жанымда дагы бир аз жүрбөйт беле деп өкүнүп жаттым. Тирүү кезинде да ошондой болду. Жаныбызда жүрүп эле кеткен жеринен келбей калды. Арбагы колдоп жүрөт. Түшүбүзгө аралашып көп киргенинен арбагы үйдө жүргөндөй, арбагы күчтүүдөй сезилет. Касиети бар адам да. Бир жылдары союз учурунда 7-ноябрь майрамына карата беш жаштагы уулум Канат атасы экөө көлгө кетишкен. Келе жатышканында автобус бузулуп, уулум экөө кайра-кайра сыртка кирип чыгышыптыр. Бир убакта уулум автобуста калып, Уркаш сыртта турганда автобус күйүп кетиптир. Шагырап эле элдин баары бети-баштары күйүк болуп түшүп жатышат дейт. Кичинекей уулум эмгиче күйүп калды го деп автобуска кире албай жатсам уулум эл арасынан жөрмөлөп чыга калды. Кичине эле жабыркаганы болбосо уулум жакшынакай бойдон экен дейт. Эгер менин ошондо бети-башым күйүп калса эл алдына чыгып кантип манас айтат элем. Манас атанын арбагы колдоду деп айтып калчу.

– Агайдын шашмалыгын, жоруктарын айтып замандаштары эскерип калышат? Бирок Келдибек Ниязовго нааразыдай болдуңуз…
– Уркаш аябай чынчыл, калп сүйлөбөгөн, ишине берилген жан эле. Биз ууру кылсак деле айтып коесуң го десем, ууру кылсаңар айтам, кантип айтпай коеюн. Уурулук кылбагыла, калп сүйлөбөгүлө деп жаштарга насаатын айтып берчү. Бүгүнкү кечеде Келдибек Ниязов кичине маанайыбызды чөгөрүп койду. Ар бир нерсенин чеги болот эмеспи. Шашмалыгы бар болчу. Бирок Келдибек өзүнүн деңгээлин, маданиятын көрсөтүп аябай эле ашынтып, аны көбүртүп-жабыртып жиберет. Уркаш 44 жыл филармонияда иштеди. Ошол 44 жыл аралыгында бир да жолу жумуштан кечигип же оорудум деп жумуштан себепсиз калчу эмес. Ооруп жатканына карабай гастролдоп кетчү. Аябай жоопкерчиликтүү жан эле. Андай артыкчылыктарын айтпай, эл алдына бир кызык адамдай кылып сүрөттөп жатат.

– Уркаш аганын атайын фондун уюштурган экенсиздер…
Канат Мамбеталиев, уулу:

– Атамдын атынан атайын кайрымдуулук фонд ачканбыз. Ошонун төрагасы болуп эки жылдан бери колдон келишинче ар кандай иш-чараларды уюштуруп жатабыз. Бүгүн да улуттук китепкана менен биргеликте кечесин жана көргөзмөсүн уюштурдук. Колдон келишинче китептерин чыгардык. Атамдын кесиптештерине, калемдештерине, шакирттерине жана бул кечени уюштурган улуттук китепкананын жамаатына ыраазылык билдирем. Шакирттери дегеним, алар учурда элге таанымал белгилүү манасчылар Рысбек, Замирбек, Улан, Талант, Бакыттарга ыраазымын. Чынын айтканда атабыздын 80 жылдык мааракесин белгилеп үй-бүлөбүздүн көңүлү ачылып турат. Мындай иш-чараларды өткөрүү улуттук китепкана үчүн салтка айланды. Улуттук китепкананын бул жакшы жөрөлгөсүн колдошубуз керек. Бүгүнкүдөй иш-чаралар биздин жаш муунду тарбиялоо, агартуу иш-чарасы катары эсептейм.

– Улуу манасчынын уулу катары балалыгыңыздар кандай өттү? Эскере отурсаңыз.
– Балалыгыбыз шаарда өттү. Ар бир балага жети-сегиз жашка чейин ата-энелери кудайдай көрүнөт. Андан кийин бойго жетесиң. Өзүңдү көптү билгендей сезе баштайсың. Бирок атам тууралуу такыр мындай ойлор келчү эмес. Атамдын өзгөчөлүгү тестиер кезимде көөдөнүмө кандай консо ошол бойдон калды. Жана эскеришкендей, чындыкты сүйгөн, калптан алыс качкан жан эле. Үйдөгү бош убактысын көбүнчө ыр менен алектенип өткөрчү. Чет өлкөгө көп чыгып келди. Кыргыз жеринен барбаган жери калган жок. Ошол сапарлары, жолугушуулары тууралуу очерктерди жазчу. Чынын айтканда союз учурунда манасчылык өнөр анчалык бааланган жок. Сахнада деле үч-беш мүнөт берип коюп токтотуп салышчу. Атамдын чыгармачылыгына мунун да терс таасири тийди. Балким азыркы учурда жашаганда атамдын манасы бөлөкчө жанмак. Бирок бул эми тагдырдын буйругу экен. Ар бир манасчынын өзүнүн аткара турган миссиясы болот экен. Атамдын миссиясы атеизм, совет учуру гүлдөп турганда кыргыз эли манасын унутпасын, манасын жоготпосун, комузун жоготпосун, калпагын чаң баспасын деген миссиясы болгон. Атам бул миссиясын абдан бийик деңгээлде аткарып өттү.

Манасчынын өмүр жолунан

Уркаш Мамбеталиев Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта туулган, орто мектепти бүтүрүп, жоокердик милдетти аткарып, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан окуган. Чыгармачылык чыйыры Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында артист болуп иштегенден башталган.

Анын улуу манасчы С.Каралаев менен биринчи жолу жолугушуусу манас айтуучулук ишинин башталышына негиз болгон. Облустук театр жоюлгандан кийин 1962-жылы Т.Сатылганов атындагы филармонияга манасчы-солист болуп ишке орношуп, ошол жерден ардактуу эс алууга чыккан.

Манасчы катары анын айтуусунда “Манастын Чоң казатка аттанышы”, “Алмамбет менен Чубактын жол талашы”, “Кичүү казат”, “Көкөтөйдүн ашы” сыяктуу айрым бир үзүндүлөрү Улуттук илимдер академиясына кол жазма түрүндө өткөргөн. өзүнүн вариантында “Семетейдин” биринчи бөлүгү жарык көргөн.

Уркаш Мамбеталиев кенже эпосторго да көңүл бөлүп, “Эр Төштүктүн жер астына түшүшү”, Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Ч.Түлөбердиевге арналган “Чолпонбай” дастаны, С.Орозбаковдун эки томдук “Манас” боюнча 28 сааттык айтуусу, ар кыл маектери кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылып алынган.

Манасчынын манасчылык өнөрдү кесип кылып алышына Сагымбай менен Саякбайдын таасири, кийин Ы.Абдракмановдун таасири тийген.

Уркаш Мамбеталиев эл алдында Сагымбай, Саякбай, Молдобасан өңдүү манасчылардын “Манастын төрөлүшү”, “Кошой менен Жолойдун күрөшү”, “Коңурбай менен Манастын сайышы”, “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Семетей менен Тоо балбандын күрөшү”, “Семетейдин Таласка келиши” аттуу ж.б. бир нече эпизоддордон үзүндүлөрүн аткарып келген. Белгилүү манасчы “Манас” эпосун таанытууда Япония, Кытай, Польша, Италия, Түркия, Германия ж.б. мамлекеттерде гастролдордо болуп, чет элдик көрүүчүлөр анын айтуучулук өнөрүнө тан беришкен.

Уркаш Мамбеталиев манасчы гана эмес акындык жеке чыгармачылыгы менен да таанымал. Анын “Көктөм”, “Жол ырлары”, “Тоо жылдызы”, “Ашуу”, “Алтын аяк”, “Таазим”, “Тулпарлар”, “Арча жыты”, “Кабылан курак дүбүртү” аттуу поэзия жыйнактары 10 китеп болуп чыгарылган.

Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз эл артисти деген наамдар ыйгарылып, III даражадагы “Манас” ордени, “Манас – 1000” медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган. Дүйнөлүк интеллектуалдык уюмдун алтын медалына татыктуу болгон. Түп районунун ардактуу атуулу наамын алган.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.