Кыргызстандын шартында маданият жана демократиянын өз ара мамилеси

(Башталышы өткөн санда)

Бүтпөгөн өткөөл доордун себептери

Кыргызстандын шартында Батыштын либералдык демократиясын кайталоо эч кандай натыйжага алып келген эмес, анткени эң негизги тоскоол катарында маданиятыбыздын өзгөчөлүгү, ой жүгүртүүбүздүн уникалдуулугу жөнүндө эркиндикке ээ болгондо он жылдап эстеген эмеспиз. Бирок бул нерсе демократиянын Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда негизделгенине тоскоол болуп турат. Бул тууралуу ар түрдүү пикирлер бар.

Карама-каршылыктуу пикирлердин бири – Борбордук Азияда демократияны туура эмес түшүнүшөт деген ой менен байланыштуу. Евросоюз – Борбордук Азия мониторинг программасынын башчысы Йос Бунстра аталган пикирдин негизинде мындай айткан экен: “Бийлик жана демократиянын өнүгүүсүнө каршы болгон кээ бир Батыш эксперттери көп учурда Борбордук Азия тарыхый өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу бардык дүйнөдөн айырмаланат жана аны Батыштын баалуулуктарына баш ийдирүү мүмкүн эмес”. Чындыгында коомго байланыштуу өкмөттүн ыкмалары өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн, бирок эркин жана адилеттүү шайлоо, өкмөттүн калыстыгы жана анын парламентке болгон баш ийүүсү, жарандык коомдун өнүгүүсү аттуу нерселер ар бир демократиялык мамлекеттин бөлүгү болуп саналышат». Аталган тезистен улам биздин демократияны туура эмес түшүнгөнүбүз келип чыгууда, демократияны негативдүү кабыл алып жатканыбыз, өлкөдө жана региондо демократиянын курулушуна тоскоол болуп жатканыбыз. Бирок логика кайда, эмнеге биз демократияны жарыялап, анан ага каршы болобуз?!

Чын-чынында демократия бардык өлкөлөргө келет жана маданият демократияга эч качан тоскоол болушу мүмкүн эмес, элдерди демократияга үйрөтүү мүмкүн. Демократияга түздөн-түз каршы маданият жок. Демек, эч бир маданият, анын ичинде кыргыз маданияты да демократияга түздөн-түз каршы болушу мүмкүн эмес. Бирок маданий өзгөрүүлөр демократиялык баалуулуктарды жеңил киргизгенге тоскоол болушу толук мүмкүн. Модернизациянын таасиринде глобалдык саясат маданияттын өнүгүү багыттарынын негизинде калыптанат жана мамлекеттердин жүрүш-турушу маданий өзгөчөлүктөр менен аныкталат. Бекеринен эмес, тарыхый убакыттын алкагында маданият элдин аныктаган баалуулуктар курамын калыптандырат. Кыргыздарга башынан эле жашоо ыкмасы таасир эткен – көчмөн ой жүгүртүүсү негизги тарыхый булак болуп калган жана өзгөчө менталитеттин калыптанышына таасир эткен. Сөзсүз түрдө отурукташ жашоо ыкмага өткөндө маданияттын ички кризисине алып келген. Бирок көчмөн ой жүгүртүүсүнүн негизги элементтери маданий өзгөчөлүктөрдүн булактары катарында сакталып калган жана баалуулуктар системасында чагылдырылган.

Чындыгында эле кыргыздардын уникалдуулугуна көңүл буруу бул демократияны киргизбеш үчүн жасалган куулук эмес, ага карама-каршы либералдык баалуулуктарды кабыл албагандык. Экинчи жагынан, түзүлгөн шарттарда эч нерсенин өзгөрүлүшүн каалабагандык, анткени көп адамдар үчүн, алардын ичинде жаңы саясий элитанын өкүлдөрү үчүн бул нерсе кызыксыз. Бул саясий меркантилдүүлүктүн вирусу болуп саналат, ал аң-сезимге кирди дегиче аябай чоң жана тамырлуу системаны түздү деп айтууга болот. Аталган вирусту жоготуш үчүн жаңы ыкма керектүү. Кыскасы бийликте турган саясий көпчүлүк үчүн бул оор нерсе, колдорунан келбей турат, жыйырма жылдан ашуун жогорку саясатта жүргөн адамдар көп деле өзгөрүлгөн жок, алардын баары мурунку коомдон келишкен, мезгил-мезгил сайын алмашылып, кайрадан ошол адамдар эле бийликте сакталууда.

Эгерде саясий аң-сезим менен руханий-маданий баалуулуктардын өзгөчөлүктөрү тууралуу эстесек: маданий тоскоолдор сөзсүз түрдө бир социалдык логикадан экинчисине өтө турган өткөөл доорду татаалдаштырат. Бул тезис экинчи пикирди чагылдырат. Эң туура түшүнүк – маданий тоскоолдор. Эмне себептен ушундай процесстер болот жана болушу мүмкүн? Анткени баалуулуктардын түздөн-түз алмашуусу маданияттын бардык системасынын кризисине алып келет. Ушундай кризисти кыргыз маданияты эки жолу башынан өткөрдү – биринчиси көчмөн ыкмадан отурукташ ыкмага өткөндө, экинчиси -Россиянын тобуна, кийин СССРдин структурасына киргенде (бул окуяда позитивдүү көрүнүштөр менен бирге негативдүү нерселер да болгон). Совет доорунун терс көрүнүшү катарында улуттук оригиналдуулугунун ички-маданий касиетинен тышкы көрүнүштөргө айланышы. Улуттук маданият жалаң эле үрп-адаттардын системасына айланып кеткен. Улуттук аң-сезим өтө төмөнкү деңгээлде болгон жана «совет эли» деген түшүнүктү идеологизациялаган. Бул мааниде кыргыз маданияты тышкы көрүнүштөрдүн бирикмесине айланып, өзүнүн өзгөчөлүгүн ички аң-сезимдин деңгээлинде сактай билген.

Кыргыз маданиятынын үчүнчү кризиси мамлекеттик эркиндикке өткөн доор менен айкалышты. Бир жактан, бул окуя өзүбүздү өзүбүз таанып билүүнүн эркиндиги болуп эсептелинүүдө, экинчи жактан – баалуулуктардын салттык системасы менен демократиялык маданияттын универсалдык баалуулуктарынын карама-каршылыгын чагылдырат. Бул жерде С.Липсет объективдүү тезисти айтууда: «Эгерде демократиянын келиши менен маданият өзгөргөнгө мажбур болсо, анда кээ бир маданияттар демократиялык баалуулуктар менен тыгызыраак байланышта турушат. Натыйжада маданият демократиянын өнүгүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн». Ошол себептен улам маданий иденттүүлүктүн кризиси келип чыкты. Кыргызстанда маданияттын өнүгүүсүнүн эки маанилүү багыттары чагылдырылууда: бир жактан, улуттук аң-сезимдин кайра жаралуусу, экинчиден – дүйнөнүн ачылышы менен бирге универсалдык баалуулуктарга көбүрөөк көңүл бурулду, натыйжада – вестернизация (батышташтыруу) процесси өнүктү. Аталган шарттарда эң негизги көңүлдү демократиянын ийгиликтүү негизделишине бурабыз. Жөн эле демократия бар деп айтсак эч нерсе чыкпайт. Эң негизги максат либералдык демократиянын баалуулуктарын киргизгенге эмне тоскоол болуп турганын изилдешибиз керек. Ошондуктан кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүнүн аныктоосу стратегиялык багыт катарында далилдениш керек, анткени маданий көрүнүштөр демократиянын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этүүдө, маданий өзгөчөлүктөрдү изилдесек демократиянын Кыргызстанда өнүкпөй жатканынын себептерин түшүнүшүбүз мүмкүн. Эркиндиктин эки он жылдыктарында маданий изилдөөлөр өтө актуалдуу болду. Бирок айтып кетчү нерсе – салттык баалуулуктарды абсолют катарында карабашыбыз керек жана алардын баарын заманбап мезгилде кайра жаратканга түрткү бербешибиз керек, бирок сөзсүз түрдө аларды билип, түшүнүп жана маданиятты кабыл алганда аларды туура пайдаланыш керек, ошондо гана эмне себептен өткөөл коом Кыргызстанда бүтпөй турганын түшүнүшүбүз мүмкүн. Ошондуктан кыргыз маданиятын изилдөө – азыркы учурдагы негизги жол, билип изилдегенден кийин Кыргызстандын ааламдашууда өзүнүн улуттук кейпи чыга келет жана Кыргызстан эркин мамлекет катарында башка өлкөлөр менен да карым-катнашын туура түзө алат. Бул себептен Кыргызстан үчүн «либералдык эмес демократия» түшүнүгү өтө пайдалуу, анткени «кыргыз демократиясы» ички жана тышкы мүнөзү боюнча «либералдык эмес демократия» менен тыгыз байланышта турат, либералдык демократиянын болсо Кыргызстанда келечеги өтө оор.

Жылдыз УРМАНБЕТОВА, философия илимдеринин доктору, профессор,
“Эркин-Тоо”, 21.02.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.