“Кыргыз Көчүнөн” ыр жыйнак

yr_jyinak

Кадырлуу Достор, урматтуу ыр ышкыбоздор! Үстүбүздөгү жылдын күрдөөлдүү күзүндө, ар жыл сайын 23-сентябрда белгилене турган Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жана топтун ардактуу мүчөсү Гүлсана Сарногоева эже экөөбүздүн демилгебиз менен төгөрөктүн төрт бурчунда жашап, Ааламторду байырлаган таланттуу кыргыз акын ага-эжелерибиздин, уул-кыздарыбыздын ырларынан чогултуп, атайын ыр жыйнак китеп чыгарууну туура көрүп, ушундай жыйынтыкка келдик. Аталган китепти чыгаруудагы эң башкы максаттарыбыздын бири мындай: Кудай буйуруп, ушул ыр жыйнак жарык көрүп калса (канча нускада чыгаары азырынча белгисиз) толугу менен өлкөбүздүн жети обулусундагы айыл  мектептеринин китепканаларына бөлүштүрүп, бекер таратып жана жеткирип беребиз деген аруу тилегибиз бар. Төмөндө ыр жыйнактын шарттары жана аталган жарыйанын эреже-жоболору менен толук тааныштырып кетейин.

Ырларды кабыл алуунун эрежелери жана шарттары:  

1. Улуттугубузду, улуттук тилибизди, ыйык мекенибизди жана жарандардын бири-бирине жакшы мамиле жасап, сыйлоону, урматтоону даңазалаган 6-8 куплеттен ашпаган эң мыкты деп эсептелген эки ыр жөнөтөсүздөр. Ырлар кыргыз ӨҢҮ_тамгалары менен гана жазылууга тийиш жана эч бир катасы, үтүр-чекити, сөз ортосундагы боштуктары, кыскасы кымындай дагы кемчилиги жок, толук текшерүүдөн өткөн абалда жөнөтүлүшү керек. Эгерде бир эле ката же болоор-болбос кемчилик болуп калса ырларыңар кабыл алынбайт жана токтоосуз кайра артка жөнөтүлөт. Себеби, ар бир акын ыр жазып койуу менен эле чектелбестен Эне тилибизди сүйлөөдө, жазууда жана башка учурларда кыйнтыксыз туура пайдаланууну, катасы жок жазууну жана ошондой эле үйрөнүүнү эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Демек, бул биздин, ар бирибиздин Мамлекетик, ыйык Эне тилибиздин бүгүнкү тагдырына, анын гүлдөп, өнүгүп-өсүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымыбыз деп билүүгө тийишпиз.

2. Акын өзүнүн жеке сүрөтүн кошо жиберет. Сүрөт сапаттуу жана түстүү болушу кажет.

3. Акындын өзү жөнүндөгү кыскача маалыматы, учурда жашаган өлкөсү жана шаары.

4. Акындардын ырлары ушул жылдын 1-августуна чейин кабыл алынат.

5. Китетин көлөмү акындардын кабыл алынган ырларына жараша болот. Ар бир акынга экиден бет берилет. Китептин тышын катуу мукабада жана түстүү кылып чыгаруу болжолдонууда.

6. Кабыл алынып, жактырылган ырлар акындын сүрөтү менен кошо ушул жерге, «Кыргыз Көчү» айылына (сайт) беш акындын ыры топтолгондо чогуу бирден жарыйаланып турат. «Кыргыз Көчү» тайпасына жарыйаланбаганынын себеби, ырлар улам жарыйаланганы улам түпкүргө түшүп кете берип, аларды окуп, ар дайым таанышып туруу дээрлик мүмкүн болбой калат. Ал эми «Кыргыз Көчү» айылына каалаган учурда кирип каалагандай окуп, бир эле учурда ырлардын баары менен толук таанышып туруу мүмкүнчүлүгү бар жана ыңгайлуу.

7. Акыркысы, аталган ыр жыйнакты бастырып чыгарууга албетте демөөрчүлөрдүн колдоосу керек. Эгерде кимде-ким демөөрчүлүк кылууну каалаган болсо каалаган суммадагы каражатын кошууга болот. 500 сом дагы акча. Демөөрчүлөрдүн каражатын топтоо 1-августан кийин башталат.

Акындардын ыр жыйнагын чыгаруу демилгесин көтөргөн жана демөөрчү катары алгачкылардан болуп аталган иш чарага биздин кошо турган акчалай каражатыбыз:

1. Гүлсана Сарногоева – 150 евро, Италия, Фолиньо шаарынан.

2. Асыран Айдаралиев – 150 евро, Финляндия, Келсинки шаарынан.

«Кыргыз Көчү»

Соц тармактар:

4 thoughts on ““Кыргыз Көчүнөн” ыр жыйнак

  • 01.05.2014 at 15:19
    Permalink

    ырды каякка жонотууну тушунгон жокмун. Айтып койгулачы

    Reply
  • 09.05.2014 at 19:23
    Permalink

    Кыргыз Мадният борборунда кыргыздын накта 3 тамгасынын жогу жаман экен. Орнотуп алыш керек го туугандар?

    Reply
    • 15.05.2014 at 08:43
      Permalink

      Саламатсызбы.

      Сиздин сөзүңүзгө жакшы түшүнбөй турам. Бизде кыргыз тамгаларынын бардыгы жакшы эле көрүнүп турат. Биринчи жолу сизден гана ушундай сын угуп жатам. Мен өзүм башкаларды интернетте кыргыз тамгаларын колдонгула деп, аны кантип кылышты үйрөтүп жүрсөм, анан өзүм бул тамгаларды колдонбосом осол иш болот го. Балким кеп сиздин браузерде болуп жүрбөсүн? Интернет эксплоурердин айрым эски версиялары кыргыз тамгаларын көрсөтпөй калат. Файрфокс же гугл хром менен биздин сайтты ачып көрсөңүз.

      Урматым блдирип,
      Марат Токоев

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.