Атактуу манасчы Жусуп Мамайдан айрылдык

jusup_mamai1

Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном районунда Ак-Чий ооданында Жусуп Мамайдын зыйнаты өттү.

Залкар манасчынын сөөгү сый-урмат менен жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Кыргызстандан президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев баштаган 9 адамдан турган өкмөттүк топ катышты. Алардын арасында Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов да болду. “Азаттык” жазуучу менен залкар манасчы бейитке коюлуп жаткан чакта байланышты:
– Жусуп атанын керээзи боюнча сөөгүн туулган айылына, ата-энесинин, ага-тууганынын сөөгү коюлган жерге койдук. 3 миңге чукул ак калпакчан кыргыз келип топурак салды. Бул кишинин улуулугу, залкар манасчылыгы, чоң таланты, адамгерчилиги тууралуу сөз болду.

Жусуп Мамайдын зыйнатына Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев да барды. Ал “Азаттыктагы” маегинде манасчынын өзгөчөлүгүнө токтолду:
– Кызыл-Суудагы буту менен баса алгандын баары келиптир. Мынчалалык элдин чогулганын, мынчалык өлүмдүн даңазасын биринчи жолу көрүп жатабыз. Жусуп чоң атанын үч өзгөчөлүгү бар. Биринчиси – бул эки элге таандык эң чоң даражадагы наам алган. Манасчылардын арасынан биринчи “Баатыр” аттанган манасчы. Экинчиден, Жусуп чоң атабыз Манастын сегиз урпагына чейин айткан. Биз билбеген белестерди ашып, биз көрбөгөн көркөмдүктүн дүйнөсүн ачып берген улуу инсан. Саякбай Каралаев кайтыш болгондон кийин манасчылардын мууну үзүлүп бараткансып кыргыз эли кыжаалат болду эле. Ошондо Кытайда кызылсуулук Жусуп Мамай атабыз бар деп, кудурет-кубат тутуп келгенбиз. Уучубуз кур эмес экен, азыр бир топ манасчыларыбыз бар. Ошондо үрөн сепкен, чырпыкты чынар кылган, балапанды барчын кылып таптаган Жусуп Мамай чоң атабыз болчу. Бөлөк мамлекетте жүрүп “Манастын” касиетин билүү не деген керемет. Ошондуктан биз башыбызды ийип таазим этебиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Арбагы менен кыргыз калкын колдой жүрсүн.

Кытайдын Үрүмчү шаарындагы “тил жана котормо” журналынын жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай Жусуп Мамай Кыргыз эл баатыры болгону тууралуу кабарды көзүнүн тирүүсүндө укканын белгиледи:
– 30-майда  наам берилгенде дароо телефон чалып, кабарды угузуп, өзү билип кетти. Бул өз маалында болгон, эң жакшы иш болду. Кытайлык кыргыздар, жалпы эле Жусуп Мамайды урматтаган адамдын баары Кыргыз мамлекетине чоң ыраазычылык айтып жатат. Өзү угуп кеткени сонун болду деп жатышат. Кыргыз эли “Манасты” түбөлүк даңазалагандай эле, Жусуп Мамайдын өмүрүн, ал жасаган иштерди даңазалап өтөбүз деген сөз болду. Мындан улуу сөз болбойт да.
Жусуп Мамайдын дүйнө салгандыгына байланыштуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилери, белгилүү маданий жана коомдук ишмерлер көңүл айтты. Анда Жусуп Мамай кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны экени айтылган. Кыргызстан менен Кытай элдеринин достук, шериктештик мамилесин, маданий байланыштарын бийик деңгээлге чыгарууга зор салым кошкон данакердиги, анын жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталары белгиленген.

Кытайлык кыргыздардан чыккан улуу манасчы Жусуп Мамай 1-июнда дүйнө салды. Андан эки күн мурдараак эле “кыргыз эл баатыры” деген наам алып, “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен сыйланган эле.

Залкардын экинчи өмүрү

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын дүйнө салганы тууралуу суук кабар ага “Кыргыз эл баатыры” наамы ыйгарылганы тууралуу сүйүнүү, кубанууга удаалаш эле келди.

Кытайдын Шиңжаң уйгур автоном районундагы Башкаруу институтунун окутуучусу, философия илимдеринин доктору, доцент Токтокан Ысмайыл кызы улуу манасчыны жүңгө кыргыздары мөгдөп жоктоп турганын, ошол эле учурда анын көөнөрбөс мурасына каниет кылышарын “Азаттыкка” айтып берди:
– Жусуп чоң атабыз эң чоң атактуу сыйлыктарды көзү тирүү кезинде алып калганына кубанып, муну интернетте бардык жерге жарыялап, сүйүнүп отурганбыз. Эми болсо суук кабарга кайгырып отурабыз. Бирок чоң атабыздын жаңы жашоосу, руханий жашоосу башталганы турат деп айтат элем. Эмне дегенде, Манас өлбөйт, Манастагы улуу идеялар өлбөйт. Манас өлбөсө манасчы өлбөйт, манасчы өлбөсө Жусуп Мамай өлбөйт… Жусуп чоң атабыздын руханий жашоосу эми башталып, дагы бийиктикке көтөрүлүп, ал калтырган мурас түбөлүк кенч болуп кала берет.

Мындан бир аптадай мурун, 25-майда Талас шаарында Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрүнө арналган эл аралык илимий жыйын өткөн эле. Ага кыргызстандык илимпоздордон сырткары кытайлык манас таануучулар, окумуштуулар да катышкан.

Иш-чараны уюштурган “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегинманасчынын өнөрүн ар тараптан иликтөө маанилүү экенин белгиледи:
– Кытайдагы маданий ыңкылап деп аталган арман күндөргө толгон азаптуу жылдары Жусуп Мамай өзүнүн жергесинде үй камакта да болгонун биз мурда билчү эмеспиз. Ушуга карабастан ал улам чыйралып, жаңы мүмкүнчүлүк болгондо “Манас” дастанын калайыкка, жамаатка кеңири таанытып жүрүп, кытайлык кыргыздардан чыккан 80дей манасчынын ичинен калкайып, залкар тоо болуп алдыга чыга келди. Анын чыгармачыл мурасын мындан ары да иликтөө жалпы эле кыргыз окумуштууларынын жана кыргыз таануучулардын орток милдети деп эсептейм.

Тынчтыкбек Чоротегин залкар манасчы аз күн мурда эле Кыргызстандын эң жогорку – “Кыргыз эл баатыры” наамын алганына кубанычы койнуна батпай сүйүнгөнүн кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай тастыктаганын кошумчалады.
Чалкыган мухит эле…

Манасты сегиз урпагына чейин айткан Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган.

Манас изилдөөчү, кытайлык профессор Адыл Жуматурду жубайы Токтобүбү Ысак кызы менен бирге Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын 20 жылдай убактан бери иликтеп жүрөт. Окумуштуу “Азаттыктагы” маегинде улуу манасчынын өнөрүн иликтөө иштеринин чети да оюла элек деген пикирин айткан болчу:
– Ал киши “Манастан” сырткары кыргыздын дагы башка океандай дастандарын айткан. Мисалы, “Толтой”, “Багыш”, “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Кыз Сайкал” “Таатан Баатыр” жана “Ажыбек” сыяктуу дастандарды айткан. Казактардын “Жети каган” деген дастандарынан бери айтып берген. Бул кишинин өнөрү өзүнчө эле океан. Ошол мухиттин ичинен биз “Манасын” деле иликтеп четине чыга элекпиз. Биз азыр Жусуп Мамайды таануунун алгачкы гана кадамдарын жасап жатабыз. Келечекте жаштардан Жусуп Мамай айткан варианттарды окуп, кеңири анализ жасашын күтөбүз.

Улуу манасчынын сөөгү 2-июнда өзү туулган Ак-Чий ооданында жерге берилмекчи. Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаеванын зыйнатына Кыргызстандан атайын топ жөнөп жатканын “Азаттыкка” кабарлады:
– Президенттин жардыгы менен атайын мамлекеттик делегация түзүлүп жатат. Бүгүн кечке маал анча-мынча маселелерди чечкенден кийин жөнөп кетет болушубуз керек. Ал делегациянын курамында мен, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев, Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, вице-премьер-министр Элвира Сариева болуп кечинде чыккан атабыз. Буйурса барып топурак салганга жетишебиз.

Былтыр апрель айында президент Алмазбек Атамбаев манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө жардыкка кол койгон болчу.  Ага ылайык, 2017-жылы залкар манасчынын өнөрүн ар тараптан иликтөө,  жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү тапшырылган.

Жусуп Мамай Кыргызстанга эки ирет келип кеткен: 1989-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чакыруусу менен болгон, ал эми 1995-жылы “Манастын” миң жылдык мааракесине катышкан.

Элеонора Бейшенбек кызы, “Азаттык”, 02.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.