Өзгөн Кескин жана анын “Алперендер очогу” романы

ozgon_keskin

Биз, кыргыз журналисттери, быйылкы март айынын башында Түркияга барганда, Бурса шаарынын ичиндеги Йылдырым шаарчасынын мэри жана ошол эле кезде шаар депутаттарынын спикери Өзгөн Кескин иш бөлмөсүндө жолугушуу өткөргөн. Анын ата-бабалары качандыр бир кезде Ала-Тоо тараптан келип, ошондон улам Өзгөн деген атты алып жүргөндүгүн айтты эле. Ал түрк дүйнөсүнүн улуу уулу, сопу акыны Акмат Йассави да дал ошол Өзгөндүн жанында Жазы суусунун алабында туулгандыгын айтып, ал тууралуу роман жазгандыгын белгилеген.

Жакында “Ата Түрк-Ала-Тоо” университетинде мына ошол Өзгөн Кескиндин кыргызча которулган “Алперендер очогу” романынын кыргызча китебинин таанытымы болуп өттү. Иш чараны китептин редактору Ибраим Нуракун алып барды.

Түркиянын мурдагы маданият министри, казак-түрк А.Йассави атындагы жана кыргыз-түрк “Манас” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Намек Кемел Зейбек жаңы роман тууралуу пикирин билдирди. Анын пикири боюнча чыгарманын башкы каарманы А.Йассави болбосо, түрк улуту болбойт эле, ошол кезде Селжук мамлекетинин негизги тили фарси тили болуп, түрк тили колдонулбай калган, Йассави түрк тили боюнча мугалимдерди даярдап, түрк дүйнөсүнүн түрдүү жактарына жиберип, түрк тилин сактап калган. Йассави болбосо, Жунус Эмире да болбос эле. Бул китептин Ыстамбул түркчөсүнөн Бишкек түркчөсүнө абдан жакшы иш болду.

Китеп тууралуу анын котормочусу Бактыгүл Чыныбаева, сүрөтчүсү Зейнеп Ибраим кызы өз пикирлерин айтып, автор окурмандардын суроолоруна жооп берди.

Өзгөн Кескин тууралуу. Жазуучу түрк тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеген. Кийин башкаруучулук кызматтарды аркалаган. 22 китептин автору. Он беш жашынан тартып китептери чыга баштаган. “Гөзмен гөздөр” романы “жылдын мыкты чыгармасы” деген наамга татыса, 1995-жылы жарыкка чыккан “Алперендер очогу” романы 1997-жылы Түркияда “Сүйүү жылынын” сыйлыгын алган. Жакында эле анын соңку китеби “Эки жахан, бир күнөш” деген ат менен басылып чыкты.

Абдыкерим Муратов, “Zaman Кыргызстан” гезити, 2014, 30-май

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.