Караев: Чыңгыз мени сактап калган

Өзбекстандык география илимдеринин доктору жана Айтматов таануучу Сүйүн Караев жизактык кыргыздардан. Жашы 90го таяп калса да Караев бүгүн Ташкенде жетекчилик кызматта ишин улантууда.

Географ аксакал жакында Бишкекте Кыргыз каганаты боюнча эл аралык конференцияда Чыңгыз Айтматов боюнча доклад жасады. “Азаттык” менен маегинде Караев сөзүн Чыңгыз Айтматовдон жашы улуу экендигин айтуудан баштады.

Сүйүн Караев: Мен документим боюнча 1930-жылы, иш жүзүндө 1925-жылы туулганмын. Чыңгыз Айтматов мага «сен» деп кайрылчу. Бир күнү мен: Иним,- дедим, бийик иним. Сиз менден кичинесиз, мен 1925-жылкы, а сен 1928-жылкысың, 1942-жылы агамды армияга алып кеткенден кийин атам барып, менин жашымды жаш кылып жаздырып койгон, – десем, «Атаң туура кылган экен» деди.

Тейит уруусунан болом. Бешинчи класска чейин Жизакта кыргызча окудум, 1947-жылдан бери Ташкендемин. 1943-1947-жылдары сырттан окудум, ошол эле убакта кыргыз мектептеринде башталгыч класстарга сабак бердим.

Ташкенттеги университеттин география факультетинде окудум.

1952-жылдан бери Ташкенде басмаканада, Илимдер Академиясында, Тил үйрөтүү институтунда иштедим. Өзбекстан энциклопедиясында он сегиз жыл эмгектендим. 15 жылдан бери Мамлекеттик Кадастр комитетинде топонимика кызматынын башчысымын.

География илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидатымын. 1965-жылы Тил таануу институтунда окудум. Ал илимий эмгегим китеп болуп чыкты. Көп макала жаздым, отуздай китеп чыгардым.

Жаңыл Жусупжан: Aнын ичинде Чыңгыз Айтматов тууралуу отуздай макала жаздыңыз…

Сүйүн Караев: Чыңгыз Айтматов менен жакшы тааныш элек. Ал киши жөнүндө отуздай макала жаздым, эки романын – “Кассандранын эн тамгасы”, “Тоолор кулаганда” деген чыгармаларын өзбек тилине котордум. Өзбектер Айтматовдун чыгармаларын которуш кыйын деп баш тартышты, кийин Чыңгыз Төрөкулович өзү уруксат берди. 2012-жылы Айтматов тууралуу “Великий писатель, простой человек, верный друг” деген китеп жаздым. 350 беттен турган китептин бет ачаарын Чыңгыз өзү жазып берди.

Жаңыл Жусупжан: Бүгүн Айтматовдун китептерин Өзбекстандын мектептеринде окутушабы?

Сүйүн Караев: 9-класстын программасында бар, окутат. Кайсы чыгармаларын окутарын биле албадым. “Саманчынын жолу” жана башка көп эле чыгармалары областык, республикалык театрларда коюлат. Өзбектер Айтматовго өтө урмат кылышат. Президентибиз (Ислам Каримов) ага «Сиз биздин эң урматтуу адамыбызсыз» деп айткан. Ал өзбектер менен жүда жакшы эле.

Айтматовдун бардык китептери өзбек тилине которулган. Ал өзү менин которгондорумду тастыктап берген.

Айтматов мен тууралуу 75 жылдыгыма бир макала, анан китебиме арнап дагы бир макала жазып, мени баалады. Биз экөөбүз чогуу көп жерге барганбыз. “Манас” эпосунун миң жылдыгында  (1995-жылы) мен Кыргызстанга келгенде, Бишкекте көчөдө чогуу кетип бара жатып, эстеликтин жанындагы фонтанга түшүп кеттим. Чынгыз Төрөкулович мени тартып, кармап калган.

Жаңыл Жусупжан: Сизди кырсыктан алып калган турбайбы?!

Сүйүн Караев: Мен “Айтматов спас меня” деп макала жазсам, кызым «Өзүңдү да, Айтматовду да уят кыласың» деп бастырбай койгон.

Жаңыл Жусупжан: Өзбекстандагы кыргыздар жөнүндө айтсак, алардын саны канча? Алар өзбектешип кетти деп угабыз, алардын мисалы, маданий борбору, радиосу, телеси барбы?

Сүйүн Караев: Мен туулган Жизак областында он беш, жыйырма айылда 20 миңге жакын кыргыз бар. Он бир кыргыз орто мектеби бар, ал мектептердин мугалимдеринин көбү Бишкектин жогорку окуу жайларын бүтүрүп келишкен.
Кыргыздардын Өзбекстанда маданий борбору бар, бирок чоң эмес. Мисалы, азербайжан жана башка калктардын өздөрүнүн чоң борборлору бар. Бир канча борборлор Ташкентте бар, ал эми кыргыздардын эч нерсеси жок.

Жаңыл Жусупжан: Кыргыздар өздөрү курушу керек беле, же мамлекет каржылайбы?

Сүйүн Караев: Билбейм. 1947-жылы Ташкентке келип, маданият борборун түзгөнмүн, бирок кийин аларды башкара алган жокмун, бири-бири менен урушуп кетет, кыргыздар жакшы уюшкан эмес.

Жаңыл Жусупжан: Кыргыз тилинде радио, телевидение барбы?

Сүйүн Караев: Кыргыз тилинде радио бар, бир аптада бир жолу кыргызча берет. Он мүнөт болсо керек. Кабардын катчысы Төлөнбай деген бар, ошол сүйлөп калат, башка адамдар да бар. Бардык кыргыздын адаттарын, салттарын бүт жоготпогон.

Менин атам молдо киши болгон, өзбекче китептерди окуганмын, араб жазуусун билгенмин, куран окуганмын. Өзбек тилиндеги дастанды кириллицага өткөзгөнмүн. Кыргыз тилинде беш классты окугам, бирок баари бир өзбек болуп кеткенбиз, анткени аялым өзбек, таенеси кыргыз.

Жаңыл Жусупжан: Сизге чоң рахмат, ден соолукта болуңуз.

Жаңыл Жусупжан, «Азаттык», 09.12.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.