Замир Сооронбаев, КРнын Эл артисти: Руханий ачарчылыктан сак болушубуз керек

z_sooronbaev

Чыгармачылыктын чыйыр жолунда чыйралып, кайталангыс образдарды жаратып келген актёрду накта театр адамы деп коюшат. “Семетей” спектаклинде жалындаган жаштыгы, келишимдүүлүгү, шамдагайлыгы менен баш каармандын образын майын чыгара аткарган Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замир Сооронбаев бүгүн бизде конокто.

Жаштыгым менин мастыгым

-1981-жылы Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” пьесасы коюлуп жаткан учурда Жалил Абдыкадыровдун “Олжобай менен Кишимжан” спектаклинде Олжобайдын образын жараттым. Ошол убакта “Манастын уулу Семетей” аябай дүңгүрөп жаткан. Мен Олжобайды аткарганым Жакеме (Жалил Садыков) жагып калып, Семетейдин ролун сунуштады. Албетте бир чети толкундандым, бир чети сүйүндүм. Мага ишеним көрсөтүп жатканына өзүмдү күчтүү сездим. Ал убакта бир ролду ойноордо көркөм кеңешке көрсөтүшчү. Ошентип көркөм кеңеш да кабыл алып, жыйырма төрт жашымда Семетейди аткардым. Жаш барган сайын өйдөлөп, убакыт өтө берет экен. Аны кийин кырк сегиз жашымда шакиртим Азиз Мурадилаевге өткөрүп бердим. Бир күнү “Манастын уулу Семетей” болуп калды. Азиздин колу сынып калганына байланыштуу ал аткара албай калды. Элүү жашымда кайрадан Семетейди аткарууга туура келди. Ойлоп көрсөм жыйырма беш жыл бою Семетейди ойноп келипмин. Албетте, өзүм айырмачылыкты сездим. Эл: “Эч байкалбайт экен. Баягыдай эле жап-жаш бойдонсуң”-дешсе да, өзүмө карыганым билинип жатты. Себеби, жаштык, мастык баары бир башкача болот тура.

Мамасадыктын образы жан дүйнөмө абдан жакын

Режиссёрлук иш алып бара жатканыма жыйырма жылдан ашып калды. 1992-жылы Эгемберди Эрматовдун “Туяктын ыйы” пьесасын алгачкы жолу “Жаңыл Мырза” аталышта спектаклди сахналаштырдым. Бирок, актёрдук кесипти таштабастан ылайыктуу роль беришсе аткарып келем. Ар бир жараткан образ актёр үчүн кымбат. Алардын ичинен актёрго абдан жакыны болот. Ал драматург Токтоболот Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” спектаклиндеги Мамасадыктын образы. 1985-жылы атайын Москвага барып коюп келгенбиз. Казак туугандар Алматыдан келип, пластинкага жаздырып кетишкен. Көп жылдан бери Мамасадыкдын образы жан-дүйнөмө жакындыкты ыроологон образ болуп калды.

Шагым сынып, таарынып ойнобой койдум

Мен бардык актёрлордой тасмага тартылууга абдан кызыкчумун. 1975-жылы Ташкенттеги театралдык окуу жайда 1-курста окуп жөргөндө “Буйный лебедь” тасмасына элүү баланын ичинен сынактан өтүп, тартылууга даярдангам. Мен жайкы каникулга чыккан соң, ошондо да тынчсызданып, кайра Ташкентке эрте учуп бардым. Барсам бир жума мурун тартыла баштаптыр. Мен аткарган ролду чоң режиссердун небереси тартылып калыптыр. Ошондо биринчи жолу шагым аябай катуу сынды. Ал башкы роль болчу да, эпизодуна ойноп бер деп сунушташканда таарынып ойнобой койдум. Ошол тасманын ачылышына атайын барып көргөм. Менин ордумда аткарган жигит ролду ушунчалык жеткире аткарыптыр. Баягы таарынычтын бири да калбай жуулуп кетти. Себеби, “Мен ойносом, жеткире ойной алат белем?” деген суроо туулган.

Дайырдын ордуна мен балбандын образын жаратмакмын

1989-жылы чыккан “Нокдаун” деген тасмага башкы роль Дайырдын ролуна мен аябай даярдангам. Ал убакта жаш болуп, спортсмен болчумун. Менин ордума Өзбекстандын актёру Бекзод Мухамадкаримов ойногондо да экинчи жолу шагым сынды. Мага милиционердин ролун ойногонго чакырышты дагы баш тарттым. Кийин ал тасманы көргөндө ал баланын ойногону такыр жаккан жок. Режиссерго “Дайырды мушкер эмес, балбан кылбайлыбы” деген оюмду сунуштагам. Себеби, бала кезде эркин көрөш боюнча спорттун ушул түрү менен машыгып келгем. Ошентип, кино аткарууда терс жактарын көп көрүп калып, тасмадагы ролго чекит койгом.

“Шайтан араба” мага шык берди

Менин кино аткарам деген каалом жан-дөйнөмдө калып калса керек “Кинону токтоттум” дегеним менен өзүмдүн шакиртим Мырза Айдаралиев роль сунуштаганда макул болдум. Ошентип “Шайтан араба” деген тасмага тартылып калдым. Ошондо Мырза кино жаатында өзүн сынап көрүптүр. Бирок, мен үчүн баары жакшы көрүнүш болуп чыгармачылык эргүү болду. “Дагы деле мени киного чакырса, аткарсам болот” экен деген ишеним пайда болду. Негизи чыгармачыл кишилер жаш баладай эле болобуз. Бир сөздөн көңүлүбүз көтөрүлөт. Туура эмес сөз болсо көңүлүбүз сына төшөт. Ошондуктан шатырата кол чапканда биздин жүрөк толкуткан кубанычыбыз экенин көпчүлүк биле бербесе керек.

Чыгаан режиссёр менен иштеш менин кыялым эле…

2009-жылы улуу режиссер Болот Шамшиевдин “Жаңгак токоюндагы караан” тасмасында баш кармандын ролун аткардым. Кийин акча каражатынын жетишсиздигинен улам тартылбай токтоп калды. Менин чыгармачылык тарыхымда Шамшиевдей чыгаан режиссерлор менен иштеш кыялым болчу. Өз көзүм менен бул инсандын чоң устат экенин көрдүк. Эки айдын ичинде Болот Төлөновичтен көп нерселерди үйрөндүм.

Залкарлардын арасында жүрүүнүн өзү сыймык

Т.Океев, Д.Садырбаев, Б. Шамшиев, Г.Базаров деген залкар инсандар менен иштешип калгандын өзү чоң мектеп. Аз болсо да алардын жанында аралашып жүрүштүн өзү мен үчүн сыймык болду. Сыдыкбек Жаманов, Абдурашим Көбөгөнов, Бакен Кыдыкеева, Даркөл Көйөкова, Таттыбөбө Турсунбаева, Имаш Эшимбековдор менен чогуу иштешип калдык. Ал эми Жамал Сейдакматова менен аябай көп партнёр болуптурмун. Жамал эже менин апам, жеңем, сүйгөнүмдү да ойноду. Казат Акматовдун “Мунабия” деген чыгармасын күчтүү режиссер Алмаз Сарлыкбеков аябай мыкты койгон. Мунабияны Жамал эже ойносо, мен Узактын ролун ойногом. Имаш Эшимбеков менин партнёрум болуп, дайым терс каармандын образын ойночу. Экөөбөз кадимки Советбек менен Сүймөнкулдай болуп карама-каршы ролдордо көп ойноппуз. Өз учурунда булардын баркын билбегендирбиз. Азыр улам өмүр өткөн сайын улуулардын ордун кайсалактап таппай калып жатабыз. Менин арманым бар, убагында буларга көңүл буруп баа берген эмес экенбиз.

Театрдын ташын көтөргөн актёрлор

Тарыхыбызга артка кылчайып карасак, 1926-жылы 11-октябрда Улуттук музыкалык драмалык студия түзүлгөн. 1930-жылы 7-ноябрда Кыргыз Мамлекеттик театр уюшулган. Чыгармачылык коллективдин өзөгүн Н.Н.Еленин жетектеген. Ошол учурда Асанкул Куттубаев, Ашыраалы Боталиев, Абдуназар Айбашев, Өмүркул Жетикашкаев, Калый Саабаев театрдын алгачкы карлыгачтары болчу. Касымаалы Эшимбеков, Касымаалы Жантөшев, Шейшен Орозов, Анвар Куттубаева биз сыймыктанган театрыбыздын түбүн төптөгөн корифейлерден эле.

Кесиптешим, келинчегим Калича

kalichaМен бармактай кезимден баш кошуп бирге түтүн булатып келген келинчегим Калича Сейдалиева менен чыгармачылыктын жолунда таанышып, үй-бүлө куруп калдым. Экөөбөз партнёр болуп аткарып калган ролдор көп. “Манастын уулу Семетейде” мен Семетейди аткарсам, Калича Каныкейдин ролун ойногон. “Мунабияда” мен Узактын образын жаратсам, менин келинимди Калича ойногон. 2004-жылы Түркмөн режиссёру Аулекули Хаджикули Уильям Шекспирдин “Король Лирин” сахналаштырып, королдун кызы Гонерельяны аткарса, мен курч мүнөздө каарман Эдмундду ойногонмун.

Коомчулук театр кайда экенин билишпейт

Биздин бала кезде театр дегенде ичкен ашыбызды жерге коюп чуркаар элек. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов дегендер эмне деген керемет адамдар эле!? Азыркы театрдын актёрлору ошолордун таасири менен келишти. Азыр коомчулук театр кайда экенин билишпейт. Мунун өзү жаман көрүнүш. Адамдардын жан дүйнө кризисинен коркунучтуу нерсе жок болуш керек. Материалдык ачкалык эч нерсе эмес, руханий ачарчылыктан сак болушубуз керек.

Жылдыз Бек кызы, «Кабар ордо», 17.07.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.