Кош, Алым агай

alym_toktomushev

24-июлда Алым Токтомушев агайдан айрылып калдык. Эч ким күткөн эмес эле. 67 жаш азыр жашпы?

Алым агай кайсы гана жаатта эмгектенбесин баардыгында майын чыгара иштеген киши эле. Журналистика десең журналистикада, адабият десең адабиятта.

Агайга мен катуу таңгалат элем. Токтоолукту, акыл калчап жазууну талап кылган аналитикалык жанр менен чектөөнү билбеген, негизинен эмоция менен жашаган поэзияны бирдей ала жүргөндүгү менен. Бул сейрек гана таланттардын колунан келе турган иш. Андайлар, мен билгендерден, М.Лермонтов, Ф.Тютчев.

Ошол эле кезде ал кандай жөнөкөй адам эле. Жасаганына, кылганына манчыркабаган. Алым аганы жакындан тааныбаган адам кандай гана чиелүү маселе болбосун аны жиликтеп, дааналап, себебин жана кесепеттерин таптак аныктап койгон курч аналитикалык макалалардын, ошол эле кезде ырынын биринчи сабынан эле адамды өзүнө арбап алган кандайдыр бир сыйкыр күчү бар ырлардын автору да ушул адам экенине эч ишенбейт эле.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Алым агай!

Алым Токтомушевдин сөөгү туулган жерине коюлмакчы. Узатуу аземи 26-июлда саат 10:00дө акыркы жылдары жашап келген “Улан” кичи районунда өтөт (“Народный” дүкөнүнүн аркасындагы үйлөрдүн короосунда).
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.