Ауэзов: Астана мурасканасында кыргыз экспонаттары да болот

Астанадагы Улуттук музей
Астанадагы Улуттук музей

Астанада ушул айда улуттук музей ачылды. Ичинде алтын куш айланып учуп жүргөн бул кереметтүү жайдын келечеги тууралуу Мухтар Ауэзов корунун жетекчиси Мурат Аэзов айтып берет. Буга чейин Кыргызстанда өтүп келген “Жибек жол сухбаттары” быйыл августта Казакстанда өтө турган болду.

Буга чейин Кыргызстанда өтүп келген “Жибек жол сухбаттары” быйыл августта Казакстанда өтө турган болду.

Мурат Ауэзов: Астанада  үлкөн, келечеги кенен муражай (музей) ачылып  отурат. Бул биздин улуттук муражайыбыз болот. Мен ачылышына барып көрдүм, имараты абдан мыкты салынган. Дагы бүтүрө турган жумуштар көп. Бирок казык кагылды, эми ошону тегеренген көп дүйнө (экспонаттар) жыйналат. Казакстанда  акыркы 15-20 жылдын аралыгында  маданий, тарыхый мурастар боюнча (сактоо, элге жеткирүү жаатында көп) иштерди бүтүрдүк. Ошолордун көптөгөн натыйжалары бар. Биринчиден, биз көз карандысыз калк болгондугубузда, эгемендигибизди сактоо үчүн өзүбүздүн тарыхыбызды жакшы билип алышыбыз керек. Биз, боордош туугандарыбыз кыргыз, өзбек ж.б. калктар өз тарыхыбызды билбей калганбыз. Буюрса, ошол максаттар ишке ашат. Экинчиден, бул  музейде казактын тарыхы эмес, бизге жакын, тагдырлаш, боордош калктар болгон кыргыз элинин  тарыхый байлыктары, руханий байлыктары да өз ордун табат дегенге ишенем.

Жаңыл Жусупжан: Алматыда да тарых музейи бар эмеспи, Астанадагы музей ага атаандаш болуп калдыбы?

Мурат Ауэзов: Жок, атаандаштык болбойт. Астананын аты Астана. Эл аралык мыйзам боюнча мурас, экспонат кайда табылса, ошол жерде калышы керек, аны тартып алууга болбойт. Казакстандын негизги байлыктары арасында ошол эле Мухтар Ауэзовдун музейи бар. Астанадагы музейдин адамдары келип суранышканынан, бир аз экспонаттарды бердик. Костеевдин музейи, мамлекеттик музей бар, алар өз экспонаттарынан бир аздан берип жатат. Бирок астаналыктар аны көбүрөөк алгысы келет. “Көч жүрө-жүрө түзөлөт” дегендей, негизи көп эмгек жасоо керек. Мисалы, Жапония, анын Осака шаары музейлер үчүн кереметтүү үлгү боло алат. Музейдин адамдары жөн гана кызматкер эмес,  аалымдар да болуп саналат. Жаз келгенде жер-жерлерде керектүү материалдарды жыйнашат. Астанадагы музей ошондой бир маданияттын, илимдин очогу болот  деген үмүттөмүн. Жеке өзүм кубанып жатам. Түрк тилдүү калктар өзүбүздүн тагдыр, тарых, тамырыбызды жакшы билишибиз керек. Бири бирибизден бөлүнүп кетсек, төбөлсүздүк, эркиндик дегендин баары жок болуп кетет. Жыл сайын  казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн жазуучу-ойчулдары биригип “Жибек жолундагы сухбаттар” деген жолугушууларды жүйөлүү түрдө өткөрүп келебиз. Бул жылы да жолугушабыз деген оюбуз бар.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанга байланыштуу кандай экспонаттар коюлду?

Мурат Ауэзов: Музей бир аптага ачылып, кайра жабылган. Мисалы, Жамбыл туралуу сөз болгондо, милдеттүү түрдө кыргыз боордошторубуз болушу керек. Анткени айтыштарды чогуу өткөрүп келатабыз. Кыргыз элинин “Манас” эпосу сөзсүз түрдө болушу шарт. Анткени аны биздин орток тарыхыбыздан бөлүп алууга болбойт. 19-кылымда тактап айтканда, 1916-жылы көтөрүлүш (кыргызда Үркүн деген аталыш менен белгилүү) болгон, казактар Каркырада көтөрүлгөн. Бул бүткүл Орто Азия элинин абдан чоң көтөрүлүшү болгон. Ошондуктан, бул биздин боордош элдердин туташ тарыхын көрсөтүүчү музей болуп калышы керек.

Жаңыл Жусупжан: Алматынын жанында, Ысык деген жерде табылган айтылуу “Алтын кишини” катып коюшту, анын көчүрмөсүн гана көрсөтүп жатат деп айтылган эле, азыр Астанада ачылган жаңы музейге анын айрым экспонаттарын коюшуптур. Эми аны биротоло ошол жакка коюшабы? Аны көпчүлүк көрө ала тургандай койсо болобу?

Мурат Ауэзов: Биздин “Алтын адам” археологиялык музейде болгон. Астанага көчүрүлөт деген сөз бар. Бул маселе боюнча кеңешип, акылдашыш керек болсо, тартышууга чейин барабыз. Бир музейдин топтогон дүйнөсүн экинчи музей тартып алууга укугу жок. Бул уят болот. Бирок аны анда-санда алып барып, же көчүрмөсүн көргөзмөгө койсо болот. Кудайга шүгүр, биз турабыз, “Алтын кишини” Астанага берүү сыяктуу оюбуз да жок.

Жаңыл Жусупжан: Сиз бир топ жылдардан бери атаңыз Мухтар Ауэзов атындагы фонддун жетекчиси болуп жүрөсүз, ал жакта кандай иштер болуп жатат?

Мурат Ауэзов: Соңку төрт жыл катары менен Ысык-Көлдүн жээгинде  “Жибек Жолунун сухбаттарын” өткөргөн элек. Быйыл болсо август айында кыргыздардан таанымал адамдарды чакырып, Казакстандын Бурабай деген жеринде (Казакстандын түндүк кыйырындагы эс алуу жайы, Боровое) өткөрөлү деп жатабыз. Биз азиз адамдарга жардам беребиз. Негизгиси, казак-кыргыз маданий байланыштарды жандандыруу боюнча иш-аракеттерди жасашыбыз керек. Кыргыздар да бул маселеге өзгөчө маани берип жатышат. Театр, кино тармагында болсун, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдер кандай фильмдерди тарткан. Султан Раевдин “Жанжаза”  сыяктуу өтө күчтүү жазылган чыгармалары бар. Биз бул чыгармаларды казак тилине котордук, элге жетсин дедик. Маселе ниетте да. Ниетибиз дурус. Кудай буюрса, ишибиз натыйжалуу болот деген ойдомун.

Маданий агартуучу, кытай таануучу, коомдук ишмер, жазуучу Мурат Ауэзов
Маданий агартуучу, кытай таануучу, коомдук ишмер, жазуучу Мурат Ауэзов
Жаңыл Жусупжан: Тилектер орундалсын. “Жибек жолундагы сухбаттар” августтун  кайсы күндөрү өткөрүлөт жана ага кимдер катышып жатат?

Мурат Ауэзов: Султан Раевди чакырып жатабыз. Анын ажайып чыгармаларын мен кыргыз тилинде окугам. Мындан сырткары Бишкектен да башка катышуучулар келет. 26-августта Бурабайда жыйналабыз.  Коноктор биринчи Астанага келет. Анан 27-28де Орто Азиядан түркмөн, тажик, өзбек, боордош кыргыздар чогулабыз. Геосаясий жагдайды эске ала турган болсок, көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Мисалы, Евразияда бири бирибизден алыстатуучу күчтөр бар. Ошондуктан боордоштугубузду, тагдырлаш экендигизби унутпаш үчүн, жолугушуу өткөрүшүбүз керек. Ушундай максатта жыйналабыз.

Жаңыл Жусупжан: Алтындай жакшы сөздөрдү айтыңыз, жакшы багытта иш алып бара жатыпсыздар. Сизге ден соолук, ишиңизге ийгилик каалайбыз, арыбыңыз.

Мурат Ауэзов: Рахмет, чоң рахмат!

Жаңыл Жусупжан, «Азаттык», 29.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.