Чокан Валиханов жана кыргыздар

«Казак-кыргыз бир тууган» деген сөз лакап эмес, турмуш реалдуулугун, тарых чындыгын чагылдырган ата сөзү эмеспи. Бекер жеринен казак элинин эң мыкты деген азаматтары, чыгаан окумуштуулары менен жазуучулары илгертен кыргыз калкына, анын байыркы тарыхына, бай маданиятына астейдил мамиле жасап, эки элдин бир туугандыгына жана боордоштугуна ар дайым ак кызматын жасап келгени баарыбызга белгилүү. Ага мисал Чокан Валиханов, Шакерим, Мухтар Ауэзов, Калтай Мухамеджанов, Кадыр Мырзалиев, Илия Жаканов, Мухтар Шаханов баштаган казактын не бир кашкалары, ошолордун жолун азыр да улап келаткан ондогон азаматтар.

Ал эми казак-кыргыз арасын жакындатууга астейдил кызматын кылган кыргыздын уул-кыздарын санап отурсак, анда сөзүбүз өтө узакка кетет го. Бирок ошондо да Чыңгыз Айтматов баштаган кыргыздын жоон топ таанымал жазуучу-акындарын, чыгаан кинорежиссерлорун, артисттерин, ырчы-чоорчуларын эскере кетпесек туура болбос. Деле казак-кыргыз  арасы – бул өзүнчө чоң тарых, болгондо да абдан кызыктуу тарых; ал тарыхта жакшысы өтө арбын, тилекке каршы, жаманы да жок эмес.

Ошол чоң тарыхтын бир жаркын барагы, эч качан унутулгус бөлүгү – Чокан Валиханов жана кыргыздар десек туура болот го. Чокан дегенде биринчи кезекте «Манасты» түшүнөбүз, себеби дүйнөдөгү эң улуу эпостордун бирин улуу казак саякатчысы жана окумуштуусу Ысык-Көл жакасында жүрүп алгачкы жолу уккан. Угуп эле тим болбой, кагаз бетине түшүргөн, эң биринчи жолу эпоско адис катары баа берип, дүйнө маданиятындагы ордун аныктоого аракет жасаган. Өзү айткандай, бул эпос «үч күн, үч түн укса тажабай турган» зор чыгарма экенин байкап, бир чети ага таң калып, экинчи жагынан өзү жасаган чоң маданий ачылышка маашырланган Чокан Валиханов кыргыздардын эпосун гректердин «Илиадасына» салыштырган. Башкача айтканда, өтө бийик баасын берип, биздин эпосту ай-асманга чыгарган, дүйнө маданиятынын эң ардактуу Пантеонунан орун тапкан. Чынын айталы, андан бери жүз элүү жылдан ашуун убакыт өттү, «Манас» тууралуу ким гана жазбады жана изилдебеди, бирок Чокандан өткөн бийик, так жана адилет бааны дале болсо эч ким бере элек.

Бирок ушул жерден Чокан  Валихановдун өтө адилеттигин, чыныгы окумуштуулугун далилдеген дагы бир маанилүү жагдайга атайын токтоло кетишке туура келет.

Биринчиден, Чокан Валиханов атактуу Аблай-хандын чебереси экени тарыхтан белгилүү го. Ал эми Аблай баатырдын түп бабалары хан Керей  менен Жаныбек ханга барат, андан ары жүрүп отуруп Жуучу ханга, андан барып кудум император Чыңгысхандын дал өзүнө такалат.

Экинчиден, Чокан Валиханов ошол казак төрөлөрүнөн, башкача айтканда, Чыңгызхандан тараган казак ханы Кененсары баатыр менен анын бир тууганы Ноорузбайдын абдан эле жакын тууганы болгон. Башкача айтканда, Чокан Ысык-Көл жакасына, Чүйгө келгенде жакын агалары болгон Кене баатыр менен Ноорузбайды, аларга кошуп дагы 15 казак султанын дал ошол «Манас» айткан кыргыздар чабыш убагында колго түшүрүп, өлүмгө кириптер кылганын, ал окуя  казактардын улуттук тарыхындагы эң маанилүү жана абдан трагедиялуу окуя болгонун эң сонун билген. Бирок ошого карабастан өз эмгектеринде Чокан кыргыздар тууралуу бир да жаман сөз айтпай, болгонун болгондой жазып, баарын астейдил изилдеп, айрыкча «Манасты» таап, аны жарык дүйнөгө алып чыккан. Аны дүйнө маданиятынын көк тиреген чокусу саналган «Илиадага» теңеп, «Семетейди» болсо атактуу «Одиссея» менен катар койгон. Бул факты улуу казак окумуштуусунун генийлигине, окумуштуу катары изгилигине, тереңдигине сыйлоо жана урматтоо сезимин гана жаратат деп ойлойм.

Деле Чокандын ар нерсени чоң тарыхый контексте карап, ар бир кубулушту терең масштабда анализдей жана баалай билгени таң калтырат. Маселен, кыргыз уламыштары менен «Манасты» кагаз бетине алгач түшүрүп жатып, дептеринин четине жаза кеткен бир байкоосу кантип көңүл бурдурбайт? «Мен «Манасты», деле кыргыздардын тилин, сүйлөгөн сөзүн кагаз бетине түшүргөн эң биринчи  адаммын го», – дейт Чокан Валиханов, бир чети өзү да буга таң калып.

Чокандын айтканында ырасында да чындыктын чоң үлүшү бар эле. Ошондон кийин кыргыз элинин тарыхында улуу тарыхый бурулуш башталды; биздин китеп, басма, жазма-чийме цивилизациясына чындап аралашканыбыз «Манастан», «Манастын» алгач Чокан Валиханов жарыялаган үзүндүсүнөн, ал даярдаган кыскача сөздүктөн башталды.

Ырас, улуу казак окумуштуусу бир гана жерден кыргыздар тууралуу жалгыз гана кыска, бирок нуска сөзүн айтыптыр. Ал: «Кыргыздар абдан өзгөрүлмөлүү калк» деген сөзү эле…

Бул аркылуу Чокан эмнени айткысы келген, эмне деген ойду ойлогон – биз эми аны эч качан жандырмактай албайбыз го. Ал ойдун жандырмагы улуу окумуштуунун ичинде калды. Жапжаш кезинде кагын оорусунун айынан мезгилинен эрте каза тапкан улуу окумуштуу менен кошо не бир купуя сыр, чечилбеген табышмак бойдон оо дүйнөгө кете берди…

Акырында айта кете турган бир сөз. Биздин, кыргыздардын Чокан Валихановдун арбагына көп жагынан милдеттүү болгон жерибиз бар – ал тууралуу жогортодо кыскача болсо да кеп сала кеттик. Айтайын дегеним бир катар кыргыз жана казак интеллигенттеринин көптөн бери пландап жүргөн бир идеясы азыр да кагаз бетинде гана жашап келатат – ал Чоканга арналган эстелик. Эстелик Чокан менен кыргыз даткасы Боромбайдын, Чокандын досунун чогуу ат бастырып, бир маанилүү маселе туурасында маектешип баратканын элестетмекчи. Эстелик Ысык-Көлдүн түндүк жээгине коюлат деген тилек бар.

Эстелик тууралуу казактардын эл башысы Нурсултан Назарбаев да кабардар. Кабардар эле эмес, бул долбоорду чын дилинен колдогондордун бири. Чынында эле Кыргызстан аркылуу саякаттап өткөнү үчүн, маселен, Н.М. Пржевальскийге алыстан көрүнгөн чоң эстелик турат да, «Манасты» эң биринчи таап, кыргыздардын тарыхын, маданиятын бүт ынтаасы, зор окумуштуулук таланты менен астейдил изилдеген Чокан Валихановго эмне үчүн татыктуу эстелик коюлбашы керек?

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 23.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.