Атай Өмүрзаков: Беш жүз бийчи менен фестивалды ачабыз

ataio

Бул бийчи жигитти “Я танцор” долбоорунан кийин көпчүлүктүн көңүл борборунан оолактай түшкөнүн байкаган элек. Көрсө, көп убактысын чет мамлекетте өткөрүп жүргөн кези экен. Ал жакта да жөн жатпай дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарга катышып, мекенибиздин намысын коргоп келет.

– Атай, сени менен жолугушмагыбыз тозок болду окшойт?

– Убактымдын көп бөлүгү чет мамлекетте өтүп жатты. Азыр эстесем акыркы жолу массалык маалымат каражаттарына үч жыл мурда интервью берген экенмин. Байланыша албаганыбыздын себебин “жылдыз” оорусунан эмес убактымдын тардыгынан деп түшүнүңүз. Биртоп долбоорлор бар эле азыр ошолорду четинен ишке ашыруунун аракетин көрүп жүрөм. Жакында эле Москва шаарынан келдик. “Тумар” бий тобу “Комеди клаб” продакшн тарабынан уюштурган “Танцы” аттуу долбооруна катышып келди. “Танцы” бүткүл дүйнө жүзүндөгү таланттуу бийчилердин башын бириктирген теледолбоор. Кастингден Кыргызстандан “Тумар КР” бий тобу жана жаш бийчи Тилан Садырбаев өттү. Калыстар курамында Россияга белгилүү инсандар “Фабрика звезд” долбоорунун хореографы Егор Дружинин менен Мигель Карлеоне, шоу алып баруучу, көркөм гимнастиканын чемпиону Ляйсан Утяшева отурду. Мындай жогорку деңгээлде уюштурулган долбоорго катышуу биз үчүн чоң жетишкендик болду. Буюрса август айынын жыйырма үчүнөн тарта орус телеканалдарынан биздин жигиттерди көрө аласыздар. “Тумардын” балдары “Электрик буги” деген бийи менен барды.

– “Тумар КР” тобу менен расмий келишим түзүп иштеп жатасыңбы?

– Жок, биз жигиттер менен көптөн бери жакшы мамиледебиз. Башынан эле максатыбыз, багытыбыз бир болгондуктан жакшы тил табышып калганбыз. Бизди жеке эле бий эмес футбол, баскетбол оюндары байланыштырып турат. Достук – менимче, кагаз жүзүндө түзүлгөн келишимден жогору турат. “Тумарга” жогорудагы долбоор көп ийгиликтерди алып келди. ТНТ телеканалы биз тууралуу жакшы пикирде калышты, мындан ары ТНТ, “Комеди клаб” тарткан кинолорго тартылып тургула дешти. Россиядагы белгилүү фирмалардын жүзү болуп, жарнамага тартылуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул албетте топтун материалдык базасын жакшыртууга өбөлгө болду. Эми буюрса 14-августта Германиянын Франкфурт шаарында өтө турган сынакка аттанганы турабыз. Ал жакта калыстар курамында “Modern Talking” тобунун солисти Дитер Болен отурат экен. Андан ары Америкага турне менен жол тартабыз. Буюрса жакшы максат, ой-тилектер четинен ишке ашып келе жатат.

– Баш-отуң менен жумушка чөмүлгөн кезиң экен да?

– Азыр эч жерде иштебейбиз, окубайбыз. Болгон убактыбызды бий менен өткөрүүдөбүз. Жашоого каражатты бий менен табабыз. Кудайга шүгүр, өзүбүздү эле эмес үй-бүлөбүздү да каржылаганга акча тапканга жарап калдык. Башында жеке эле бир топту каржылап жүрө бербей бийлей турган жаш таланттардын көбүнө колдоо көрсөтөйүн деген жакшы ниетим бар эле. Иш жүзүнө келгенде туш-тарапка чачырап калат экенмин. Каражат жактан да кыйналдым. Жыйынтыгында алыма жараша иш кылайын деп чечтим.

– Бир убакта Атай чет мамлекеттен ырчыларды алып келип бизнес жасап байый баштады деп чыгышты эле?

– Азыр дүйнөлүк ырчыларды алып келип концерт койгонду токтотком. Мен андай концерттерден пайда таап, байып кеткен жерим жок. Дүйнөлүк ырчыларды чакырып концерт уюштурган максатым такыр башка болчу. Аны айтпай эле коеюн. Кыскасы ал максаттарга жеткен жокмун. Пайда таппай эле эки жолу уюштурган концерт чыгым менен бүткөн. Жакшы эле акча короттум. Бирок мен каражатты биринчи орунга койбойм. Эң негизгиси элдин эсинен кеткис концерт кое алдым. Атай алдап жүрөт деп артыман сүйлөгөн адамдарды кєп уктум, андайларга көңүл бурбайм.

– Бизде өтө турган “Көчмөндөр оюну” фестивалына өз салымыңды кошуп жатыптырсың?

– Кудай буюрса фестивалдын ачылыш аземин өзгөчө уюштурсакпы деп чуркап жүргөн кезибиз. Колуман келип турганда кыргыздын мекенчил жигити катары өз салымымды кошуудамын. Беш жүз бийчинин башын бириктирип ачылыш аземин бий менен ачалы деген планыбыз бар.

– Атайдын саясатчылар менен мамилеси жакшы, демөөрчүлөрү көп деген сөздү угуп калам?

– Чынын айтсам, азыр Кыргызстандан кимдир-бирөөлөрдөн жардам күтүп отуруш акыркы иш деп ойлойм. Бирөөнүн колун карап отурсаң кала бересиң. Сага бирөө материалдык колдоо көрсөтүш үчүн анын ишенимине киришиң керек. Башында мен жаңы чыгып келе жатканда айрым төбөсү көрүнгөн атуулдар ушул баланын колунан эмне келмек эле деген учурлары болгон. Көп жерге чакыруу болду, каражаттын айынан эки-үч жылдай кыйналып жүрдүм окшойт. Ушинтип миңдеген жаштардын таланттары ачылбай кала берет тура деген ойдо калдым. Анан ары-бери урунуп жатып таанылдым. Өзүмдүн атымды жасадым. Эми мени менен иштешкиси келгендер четинен чыгып жатат. Ийгиликке жетүүнүн эң оор тепкичи – бирөөнүн ишенимине кирүү деп эсептейм. Ооба, керектүү жерден саясатчылар, ири ишканалар менен иштешип коебуз.

– Өзүң бийден такыр эле четтедиңби?

– Айткан сөзүмө туруп, мен Кыргызстандын ичинде бийлебей калдым. Азыр чет жакта бийлеп жүрөм, бирок бара-бара ал жактарда бийлегенди да токтотом. Бий мен үчүн жөн гана хобби. Ушул хоббимдин арты менен көп ийгиликтерге жеттим. Мындан аркы ишимди шакирттерим улантып кетсе деп тилек кылам. Өзүм болсо жакынкы жылдары жеке ишимди ачып башка багытта кетсем дейм.

– Көп мамлекетти кыдырдың, алардын маданиятына кандай баа бересиң?

– Албетте, биз экономика жагынан бир канча өлкөлөрдөн арттабыз. Бирок билесизби, биздин жаштарда ыйман, тарбия деген бар экен. Ал жакта кароосуз калган ата-энелердин саны арбын. Анткени жаш курагы жетилип үй-бүлө күткөн жаштар өз алдынча бөлүнүп баса берет. Апасын карагандан көрө баласына, аялына үйрүлүп түшүп, андан сырткары ит жетелеп ага кам көргөн жаштар арбын. Ал жакта карылар кароосуз калганы кадимкидей эле көрүнүш экен.

– Учурда апаң кайда?

– Бишкектен үй алганда апамды чогуу жашайлы деп бул жакка чакырсам, көнбөй кайра кетип калган. Учурда Каракол шаарында жашап жатат. Жумуштарым көбөйгөндөн улам үч айда бир жолугуп турабыз. Чет мамлекетте көп убакыт жүрүп калам, андай учурда эки күндө бир байланышып абалын сурап турам. Баарыбир башындагыдай үзүлүп түшүп көп убакытымды апама арнай албай калдым. Аны апам деле билет, бирок таарынбайт, түшүнөт. Тескерисинче сени менен сыймыктанам, жаш кезде көп иште калат.

– Кичинекей Атайды сүрөттөп берсең?

– Кичине кезимде аябай тентек болчумун. Ойноп кеткен боюнча көпкө жоголуп, апамды артыман издетип, сарсанаа кылып жатып үйгө араң келчүмүн. Ошол кезде ансыз деле кыйналган апама кошумча убара, түйшүк алып келип жатканымды түшүнбөптүрмүн деле. Менин шоктугуман, өтө тентектигимдин айынан апамдын жүрөгү канча жолу ооруду. Бир жолу балдар менен көчөгө чыгып кеткен бойдон үйгө өтө кеч келдим. Келсем апам адаттагысындай урушкан да жок, кайда жүргөнүмдү сураган да эмес. Бир күн кечке сүйлөбөй койгон. Өпкүлөп, кечирим сурасам да жибибей айлам кеткен эле. Баарынан жаман нерсе ошол экен. Андан көрө тилдеп же бир-эки чаап салса абалым алда канча жеңил болмок. Эртеси араң жазылып сүйлөгөндө гана жүрөгүм ордуна келди. “Бул бейбаш менен канчага чейин алышып жүрмөк элем” деди окшойт, кийин менин тарбияма байкем киришти. Анын мүнөзү кичине катуурак, талапты коё билет. Баарыбир эркек да, андан бир аз айбыгып, коркуп турчумун. Кийин мектепке барганда спорт ийримдерине катышып, бирде машыгуудан, бирде тентектиктен буту-колумду кайрып келген күндөр көп болду. Андайда даттанбай, өзүм буту-колумду таңып алар элем. Апам чыдамкайлыгың кимди тарткан деп калчу. Ак көңүлдүгүм, жумшактыгым, ишенчээктигим апамды тартса, балким чыдамкайлыгым атам жактандыр… Атамды көп деле көргөн жокмун, байланышыбыз жок болчу. Апам бир да жолу атам тууралуу жаман сөз айткан жок. Аң-сезимибизде экөөнүн жолу эки башка экенин туюп, биз да атам тууралуу ашыкча сурап жүрөгүн оорутчу эмеспиз.

– Атагың чыгып турганда сенин туугандарың көбөйүп кеткен болчу. Азыр алардын катары суюлдубу?

– Ооба, атаңдын эжесимин, атаңдын жээнимин дегендер көбөйүп кеткен. Бирок мен аларга кулак түрбөйм. Менин тегимди, уруумду билбей туруп мага тууган болгусу келгендердин саны бара-бара азайды.

– Бош убактың кандай өтөт?

– Убагында дискоклубдарда эс алчумун. Азыр ал курактан өттүм го. Учурда футбол ойногонго гана эки-үч саат убактым болбосо, калган убактым бий жана уюштуруу иштери менен өтөт.

– Качан үйлөнөсүң?

– Дагы алты- жети жыл бойдок жүрөт окшойм. Анткени менден улуу агам үйлөнө элек. Ал турмуш куруп жол бошоткон убакта деле мен бойдок бойдон жүрө турат окшойм. Анткени үй-бүлө бул чоң жоопкерчилик. Андай жоопкерчиликти аркалаганга азыр эрте деп ойлойм.

– Табитиңе кандай кыздар туура келет?

– Эркектердин көбү апасына түспөлдөш, жок дегенде мүнөзү жагынан аз да болсо окшоштугу бар кыз издесе керек. Азыр мен да ошондой мырзалардын катарын толуктап калдым. Апамдай мүнөзү жумшак, ак көңүл жубайым болсо деп тилек кылам. Кыз маселесине келгенде байкем экөөбүз тең апама жашырбай болгонун болгондой айта беребиз. Кээде кеңешин берип, сынап-байкап көрүп бизге ылайыктуу же ылайыктуу эмес экенин айтат. Негизи кичине кезимде эле байкеме караганда мен үй оокаттарын көп кылып, апама жардам берип калдым. Ошондон уламбы, азыр деле үйгө барганда жөн отурбай тамак жасап, кошо аралашып жүрө берем. Шаарга келгенде өз оокатыма тыңмын, эринбей тамакты түрлөп жасап жейм. Буга да болсо апамдын салымы чоң. Кыз кишинин да оокатка тыңдыгын баалайм. Аял кишинин жеңилин жерден, оорун колдон алып жардам бергенге күчүм жетет. Эгер кыз досторум тамак жасап жатса, карап отура бербей аны отургузуп коюп өзүм жасап кирем. Өтө сыйчылдыгым да апамдан өткөн.

Анара Дүйшөналиева, «Кабар ордо», 30.07.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.