Бутка тушалган жип адамдын ДНК түзүлүшү менен байланышып турат…

tushoo

Жакында АГОЦА уюму Ысык-Көл облусундагы жаштардын демилге тобу менен биргеликте, Бөкөнбаев айылынан башталып касиеттүү деп эсептелген “Манжылы ата” этно айылында жыйынтыкталган “Тушоо той” фестивалын өткөрдү. Мунун максаты эзелки ата-бабаларыбыздан келе жаткан каада-салт, жөрөлгөлөрдү жандантып, элдин рухун көтөрүү менен бирге жаштарга үйрөтүүнү көздөдү. Жалпысынан 400дөн ашык адам катышкан мындай иш-чарада 100гө жакын адам 10 чакырым аралыкка чуркап, абдан кызыктуу болгон бир топ мелдештерди дагы өткөрүштү. Эмесе, кыргыздардын тушоо кесүү жөрөлгөсү эмнени түшүндүрөт? Эмне үчүн буту тушалып турган наристени жарышта биринчи чыгып келген бала кесиши керек – деген суроолорду ушул иш-чаранын уюштуруучусу болгон инсандарга узаттык.

Султан Сарыгулов, “Био-КG” уюмунун өкүлү,
АГОЦА уюмунун биомаданий түркүмдүүлүк боюнча эксперти:

– Негизи наристенин бутуна тушоо катары байланган жип ак менен кара түстөн болот. Кыргызда турмуш деген бир кылка болбойт, кандай болгон күндө дагы барга да, жокко да бирдей карап, ак караны бирге алып жүр дейт. Турмуштун ысыгына да, суугуна да чыда деген кеп. Тушоо кесүүдө анын мындан аркы жолу шыдыр болсун, ар дайым барган жеринде жакшылык жылоолосун, артка тарта турган эч кандай тушоо болбосун деген маани жатат. Андан тышкары, бизде Автандил деген киши бар, бул адам жогорку дүйнөдөн илимий деңгээлде аян алып турат. Кыргыздын ушул тушоо кесүү салты туурасында ага мындай аян келиптир. Жанагы тушоонун жиби чырмалышып турат эмеспи, мааниси жагынан алганда бул чырмалган белги адамдын ДНКсынын түзүлүшү менен байланышып турат экен. Кыргыздар ушул тушоо кесүү ырымын эмнеге ойлоп тапты экен деген суроо туулат. Көрсө, ошол биздин ата тегибизден келе жаткан күчтүү ак касиеттерибиз бар экен. Андан тышкары, ошол эле ата тектен кошо келе жаткан кемчиликтер, каталар, кара күчтөрү да бар. Тушоо кесүү жөрөлгөсүн элестетип көрүңүзчү, деле бир сумсайып же кабак бүркөп жүргөн адам көрүнбөйт, туурабы? Бардыгынын көңүлүндө жакшылык, ак ниет, тунук сезимдер орноп, өзгөчө бир аруулук курчап турган чөйрө болот эмеспи. Анан жанагынчалык алыс аралыктан, ошондо дагы бир нече балдардын тобунан суурулуп алдыга озуп чыгып келген баланын көрүнүшүн элестетип көрөлүчү. Топтун алдында жарпы жазылып, абдан бир көңүл толкуган акыбалда келип туруп, ымыркайдын тушалуу турган бутундагы жипти шарт эттире жандыра кесип салып жатпайбы. Андан кийин ошол биринчи келген адам ымыркайды колдон алып тушоосу кесилгенден кийинки алгачкы кадамдарын тең бөлүшө жетелеп жатат. Демек, ошол бардык атаандаштарын артка калтырып, жеңүүчү болгон адам менен ымыркайдын жан дүйнөсү жанашып, бардык кемчиликтери түздөлүп кетсин. Так ошол күлүк бала сыяктуу мындан аркы жашоосунда дагы, элден артта калбай башын сыймыктуу көтөрүп, ар дайым алдыда жүрсүн деген ой жатат. Мындай караганда ошол тушоосу кесилген кичинекей бала шыр басып кеткени да таң калыштуу нерсе десек болот. Мындай ырымга биздин ата-бабаларыбыз чоң маани берип, ырымдап койгону дагы өтө чоң акылмандык. Ымыркайдын мындан аркы жашоосу ого бетер ачылып, деңгээлден деңгээли жогорулап кетсин деген нерсе да, менин оюмча. Бул деген кичинекей балага суралган чоң бир тилек, аруу ой-максат. Муну эл арасында кайрадан жандандырып күчөтүш керек. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндөгү илимпоз, окумуштуулар батанын күчү өзгөчө экенин илимий жол менен, атайын аппараттар менен аныктап жатышпайбы.

– Сиздин баамыңызда ушул тушоо кесүү фестивалы кандай деңгээлде өттү?

Жакшы эле өттү. Бүгүнкү тойдун өзгөчөлүгү Манжылы ТОСу (аймактык өз алдынча башкаруу), ага кошулуп “Ушул айылдарыбызды өз адынча өстүрүүгө салым кошсок” – деген көлдүк бир топ жаштар, донорлордун көзүн карап акча сурап отурбай, айыл өкмөт жергиликтүү бийликтер менен биргелешип айылдыктардын жан дүйнөсүн ачкан жакшы маанай тартуулашты. Айылдыктардын жүзүндө шаттык орноп, кере-кере дем алып, абдан чер жазышты. Негизи ушул сыяктуу улуттук уңгуларыбыз менен жаштарды ойготушубуз керек. Жаштардын көбүндө азыр эси дарты эле четке, Америкага, же Европага кетүү болуп атпайбы. Чынында чыныгы келечек ал жакта эмес, бул жерде. Ушундай кылып жашоо шартыбызды өзүбүз улам кызыктуу кыла берсек эле бардыгы акырындап калыбына келет. Мурда ата-бабаларыбыз айтчу: “Оюңду оңдосоң турмушуң оңолот”, “Ниетиңди түздөсөң ишиң ийгиликтүү болот” – деп. Кыргыздар бардык нерсе бир бүтүндүккө бириккенин түшүнүп, жандуу жаратылышка аяр мамиле кылган эмеспи. Ал гана эмес “Кумурскадан аттап өтпө”, “Ашык алба жүк болот” – деген. Муну ойлоп отурса бардыгынын мааниси терең, бүгүнкү күнү бүткүл ааламдагы адамзатка талап кылынып жаткан экологиялык сарамжалдуулуктун негизи ушул болуп жатпайбы.

Ислам Салиев, Боконбаев айылынын тургуну,
Тушоо той фестивалын уюштуруучулардын бири:

– Мен Кореяда 2 жарым жыл жашап, иштеп жүрүп 2 жыл мурда келгем. Ал жактагы кыргыздардын жашоосун, башка улутка тийген кыргыз кыздарды көрүп абдан капаландым. Көпчүлүгүнө начар мамиле кылышчу. Анан, кантип биз элибиздин баалуулугун бийик көтөрөбүз, кантип дүйнөгө таанытабыз деп көп ойлондум. Бир жолу Кореяда тамактанып отурсам, “Силерде тоок барбы, свет барбы”-деп аябай намысыма тийди. Силер күлбөгүлө, бизде андан сонундары бар деп жооп бердим. “Анда эмнеге жүрөсүң”-дейт. Бизде бары бар, бир гана жумуш тартыш дедим. Анан келгенде чоң бир пландарды коюп алыптырмын. Аларды ишке ашыруу үчүн чоң нерселер керек экен. Айылдын шартына абай салып карасам, көл аймагына туристтерди тартсак жакшы болчудай. Мисалы, Кореяда Каңуандо деген бир облусу бар. Климаты Нарындыкындай суук аймак. Анан корейлер ушул жакка кантип туристтерди тартабыз деп дүйнө жүзүнө реклама кылышты. “Балык фестивалы” – деп чоң программадагы оюн-зоокторду уюштуруп, жыл сайын балык кармоо майрамын өткөрүшөт. Ал жердин өзү аябай суук, деңиздин жанында жайгашкан. Эс алам деген турист келе турган деле жер эмес. Бирок, жылына ушул фестивалга кызыгып 3 млн. турист келет экен. Кирүү билети 10 доллар. Мына анан элестетип көрүңүз, ушул фестивалдын аркасы менен облустун бюджетине канча каражат кирип жатканын.

– Демек, ушул сыяктуу кызыктуу идея аркылуу деле коомчулуктун көңүлүн буруп, туристтерди кызыктыралы деген экенсиздер да?

– Ооба, биз да ушундай максатта бир нерсе киргизип, жашоону кызыктуу кылсакпы деп жөө күлүк майрамын уюштурмак болдук. Акча табалы деген деле ой жок, жөн гана ушул айылдаштарыбызга улуттук каада-салттарыбыздан улам көрсөтүп, көр тиричиликтен башын көтөртүп, көңүлүн ачсак дедик. Бирок, жөө күлүк гректерден келген марафон эмеспи. Анан биз кыргызча кылалы деп тушоо кесүүнү коштук. Менимче биз уюштурган бул “Тушоо кесүү” фестивалы Кыргызстанда эң узак аралыкка жарышкан чоң тушоо той болду болушу керек. Узундугу 10 км. болду. Айылдагы жумушсуз жүргөн адамдарга, жаштарга чоң дем берип, турмушту ушундай кызыктуу кылып өткөрүш өзүбүздүн эле колубузда экен деген ойдо калдык. Салтты, спортту, өнөрлүү балдарды, манасчыларды көтөрөлү деп ушундай кылдык. Башында бир 50 киши жүгүрсө, карап турган бир 50-60 киши болсо жетет деп жатканбыз. Кудайга шүгүр, 100дөн ашык адам жүгүрүп, 400дөн ашык адам катышты. Жолдон өткөндүн бардыгы аябай жакшы ишти баштап жатыпсыңар деп ыраазы болуп кетип жатты.

– Кимдер жардам берди?

– АГОЦА уюмунун жетекчиси Бакыт Чойтонбаев аябай жардам берип уюштуруп турду. “Күн чыгыш” айыл өкмөтү, акимчилик, облустук администрация, Бишкектеги “Хундай лифт” уюмунун жетекчиси Рахат Жунушбаева деген эже да акча бөлдү. Аябай ыраазычылык билдирип кетет элем. Мындан тышкары, БУУнун өнүктүрүү программасы болгон глобалдык экологиялык фонд тарабынан таркатылган экологияны коргоо багытында чыгарган бир нече китептери дагы элге абдан жакты.

– Сиздин оюңуз ушул айылды өнүктүрүү, көтөрүү турбайбы. Анан кандай, ушул иш-чаралар элге кандайдыр бир дем берип, көңүлүн көтөрүп койдубу же бир күндүк майрамдай эле өтүп кеттиби?

Мен ошол тушоо кесүүдөн кийин эл менен жолугуп пикирин билип кандай өткөрдүк, эмне жетпей калды деп кеңештим. Аябай жакшы таасир калтырыптыр. Муну дагы кызыктуу кылыш үчүн муну тигини кошолу, жалпы барыбыз катышсак айылыбыздын кызыктуу турмушу үчүн деле жакшы экен деп айтып жатышат. Бакыт Чойтонбаев байке тоодон келе жатса, жаш балдар чогулуп алып ээн талаада чуркай башташыптыр. Бир чети ден-соолук үчүн болсо, кээ бири эмки жылдагы мелдеш үчүн деген ой менен жарышып жатышыптыр.

Тушоо кесүүнүн байге фонду биринчи орунга 10 миң сом, экинчиге 5 миң сом, үчүнчүгө 3 миң сом, төртүнчүгө 2 миң сом, бешинчиге 500 сом деп берилди. Андан тышкары, кызыктыруучу сыйлыктар болду. Мындан тышкары, Тушоо той фестивалын уюштургандар нукура кыргызча балбан күрөш деп күрөш мелдешин өткөрдү. 65 жана андан жогорку салмакта бир топ жаш жигиттер күч сынашты. Эч кандай килем, кийиз төшөлбөстөн, кумдун үстүнө эле нукура кыргызча күрөштү. Буюрса уучубуз куру эмес. Бөкөнбаев айылынан келечекте Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган Майрамбек Казыбеков деген жигит 2 салмак боюнча тең атаандаштарын жеңип чемпион аталды. Азыр ал Азия чемпионатына даярданып жатат.

Тариэл ЧУҢГУЛОВ, «Айыл деми» (“Кыргыз гезиттер айылы”)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.