Марта Месарош ата-энесинин Кыргызстандагы тагдыры тууралуу кино тартты

marta_mesarosh

Кыргызстан эле эмес, Орто Азия республикаларындагы скульптуралык чеберкана мектептерин алгачкылардан болуп уюштурган жана улуттук сүрөт өнөрү менен айкелчиликтин калыптануусуна  салымын кошуп, үркүн каармандарына эстелик тургузууну көздөгөн скульптор Лаcло Месароштун чыгармачыл жолу канчалык кызыктуу болсо, өмүр тагдыры ошончолук тайкы экени эл арасында анчалык дайын эмес…

Месарош деген ким эле?

Венгриядан 1936-жылы андагы Фрунзе шаарына келүү максаты  СССР деген жаңы мамлекеттин маданий курулушуна катышуу, байыркы түпкү теги бир деп саналган гунн-кыргыз элдеринин салт-санаасы, кол өнөрчүлүгү, каада-салты, оймо-чиймелери менен жакындан таанышуу эле. Өзү менен кошо жубайы Вильма, төрт жашар кызы Марта кыргыз турмушуна камыр-жумур аралаша жашап, көптөгөн максаттарды ниет  кыла, чыгармачылыкты дилгирлик менен уланта баштайт.  Кыргыз жергесинде эгиз кыздуу да болушканы эки жашты жашоодогу зор кубанычтын урматына бөлөйт. Бирок, 30-жылдардагы каралоо-репрессия толкуну Ласло Месарошту 1938-жылы 21-мартта жазыксыз жерден торуна түшүрүп, ошол жылдын 4-октябрында атуу өкүмү аткарылгандан тарта Вильма Месароштун башына оор сыноолор түшөт. №6-мектепте немец тил мугалими катары эмгектенип жүргөндө ооруга чалдыгып, күйөөсүнүн өлүү же тирүү экендигинен эч бир так маалымат ала албай,  1942- жылы каза тапкан соң үч кызы томолой жетим калып, интернатта тарбияланышып, 1946-жылы  Венгрияга кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Эне тагдыры

Марта ата-энеси менен. 1936-жыл. Фрунзе. Сол жагында энеси Вильма Ковач, оң жагында атасы Ласло Месарош.
Марта ата-энеси менен. 1936-жыл. Фрунзе. Сол жагында энеси Вильма Ковач, оң жагында атасы Ласло Месарош.

Мына ушундай чоңойгон Марта кийин Мажарстандын атактуу кино режиссёру болуу менен ата–энеси жана балалыгы өткөн Кыргызстан жөнүндө тасма тартууну чыгармачыл вазыйпасы катары эсептейт.

«Эне тагдыры» деп аталган документалдык тасманы Бишкектен тартуу маалында №6- мектепте, темир жол вокзалында, эски өкмөт үйүндө, мамлекеттик архивде, эски мүрзөдө, сүрөт музейинде жана Ата-Бейитте болгону, атасы жөнүндө тасма тарткан кыргыз режиссёру Карел Абдыкулов менен жолукканы ошол коогалаң заман кайрыктарын кайрадан эске салып, сөөктөрү кайда жатканы белгисиз ата-энемдин армандуу жана кайгылуу өмүр барактарын дагы бир ирет барактап чыккандай болдум, – деген Марта Месароштун жүзүндө өкүнүчтүн  да ыраазы болуунун да кош толкуну сезилип турду. 82 жаштагы адамдын бул абалын түшүнүү канчалык кыйындыгына мээ кайнаткан жайкы чилденин аптабы кошулуп турду”, – дейт Памирбек агай.

Марта Месарош Бишкекте

“Кыргызфильм” киностудиясынын директору Г. Керимова (сол жагында), ортодо Марта Месарош, оң жагында кинотаануучу Г. Төлөмүшөва
“Кыргызфильм” киностудиясынын директору Г. Керимова (сол жагында), ортодо Марта Месарош, оң жагында кинотаануучу Г. Төлөмүшөва

Венгриялык кино топ менен иштешип жүргөнүндө борбор калаанын айрым жерлериндеги тартипсиздик, таштандылар, Кызыл-Аскердин Ласло Месарош көчөсүндөгү ыпластыктар, көчө аталышы жазылган такталардын тазаланбагандыгы жер каратканын моюнга алуу керек. Келе жаткан жылы 110 жылдыгы белгилене турган улуу скульптордун урматына эмитен даярдык көрүп, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген инсанга эмес, өзүбүзгө борбор калаанын көркүнө керек иш-чара  экенине басым коюшубуз шарт. Ананчы, мындай улуу инсандын атын борборубуздагы көчөлөрүбүздүн бирине ыйгарганыбыз менен, толуп жаткан акыр-чикир таштандыларды алдын ала тазалап койсок өзүбүз үчүн да жакшы болмок. Бирок келе жаткан юбилейде бул катачылыктар кайталанбайт деген ойдобуз. Дагы «Алыкул үйү–борбору»коомдук  бирикменин  директору, «Эне тагдыры»  кино тобунун мүчөсүКазыбаев Памирбек агайдын жардамы менен чоң сый-урмат көрсөтүлүп, кыргыздын меймандостугун айгинеленди. Ошону менен бирге массалык маалымат каражаттарына чагылдырууга да чоң көмөк көрсөттү. Ошону менен бирге белгилүү кино режиссёр Марта Месарош №50 мектептин жамааты менен жолугуп, атасы жөнүндөгү айрым материалдарды берүү менен, мектепке  атасынын ысымы ыйгарылса деген аруу тилегин билгизди. Мектеп мугалимдери бул сунушту жагымдуу кабыл алышты. Эми калган маселе жергиликтүү бийликте жана агартуу аткаминерлеринде калды көрүнөт.

Марта эженин сунушу ишке ашса Кыргызстан-Мажарстан маданий байланыштары үчүн дагы жакшы шарт түзүлмөкчү.

“Атамды көргөн өлбөсүн” дегендей, Марта эженин кино тобу “Алыкул үйү-борборундагы” Мажарстан бөлмөсүн көрүү менен, аябай ыраазычылыгын билдирип, акын Алыкул Осмонов менен Ласло Месароштун чыгармачыл мамилесине анык күбө болду жана документалдык тасмага тартып алышты.

П.Казыбаев Ласло Месароштун жасаган ат скульптурасынын жанында анын чөбөрөсү Шимон менен. Будапешт шаары. 2014-жыл, 27-апрель.
П.Казыбаев Ласло Месароштун жасаган ат скульптурасынын жанында анын чөбөрөсү Шимон менен. Будапешт шаары. 2014-жыл, 27-апрель.

Ардакбек Каныбек уулу, «Де-Факто», 27 июль 2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.