Казалчы Казыбектин өз оозунан жазылып алынган казалдары Кыргызстанга жеткирилди

kazybek3

Кыргызга түшкөн кыйын кезең – Үркүндө айтылуу казалчы Казыбек Какшаалда Абдыш Молдакун уулунун үйүндө күн кечирген экен. Кийин 1932-жылы Абдыш Казыбекти ээрчип жүрүп үч жыл бою чыгармаларын фарси тилинде жазып алыптыр. Китептин аягында “1935-жылы 16-июлда жазылып бүткөн” деген жазуу бар. Ал кездеги доордо жазылып алынгандарды жарыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк жок эле.

Абдыш аксакал уулу Айтакунга: “Азыр мунун баа-баркын түшүнө турган Кытайда да, Союзда да өкмөт жок. Убагы келгенде Кыргызстанга жеткирип бересиң” деп аманат калтырыптыр.

Эми Айтакун Абдыш уулу атасынан калган керээзди орундатып, Казыбектин өз оозунан жазылып алынган казалдарын Кыргызстанга алып келип, Казыбек жөнүндө маалымат топтоп, элге жайылтсам деген тилекте жүргөн белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевге тапшырды. Китеп азыраак убакыт мурун Айтакун аксакал тарабынан араб ариби менен жазылып чыккан экен.

“Чыгармаларды эми кириллица ариби менен жазып чыгууну максат кылуудабыз. Чыгармачылыкка аралашып жүргөн өнөрпоздорубуз Казыбек атабыздын казалдарынан репертуарын толуктоого мүмкүнчүлүк алат деп ишенем. Буюрса, ушул китептин негизинде даректүү тасма тартуу ниетибиз бар”, – дейт ырчы Токтобек Асаналиев.

kazybek4

kazybek2

Макал Арт

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.